Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Кудайдын ишенимдүүлүгү жана адилеттүүлүгү

    3:1 Анда жүйүт болуунун кандай артыкчылыгы бар? Же сүннөттүн кандай пайдасы бар?

    3:2 Бардык жагынан көп артыкчылыгы бар. Баарынан мурда Кудайдын Сөзү жүйүттөргө ишенип тапшырылган.

    3:3 үгерде алардын күү бирөөлөрү ишенимсиз болушса, эмне экен? Алардын ишенимсиздиги Кудайдын ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы?

    3:4 Албетте, жок! Ыйык Жазууда: «Сенин Сөздөрүң адилет, соттошкондо Сен жеңесиң», – деп жазылгандай, Кудай ишенимдүү, ал эми ар бир адам калпычы.

    3:5 үгерде биздин адилетсиздигибиз Кудайдын адилеттүүлүгүн айкын кылып жатса, анда эмне демекчибиз? Каарын төгүп жатканда, Кудайды адилетсиз дегенге болобу? Мен адамдык ой менен айтып жатам.

    3:6 Албетте, андай эмес! Андай болсо Кудай дүйнөнү кантип соттомок эле?

    3:7 Бирок менин адилетсиздигим аркылуу Кудайдын адилеттүүлүгү артыгы менен далилденип, Кудай даңкталып жатса, анда мен дагы эмне үчүн күнөөкөр катары соттолушум керек?

    3:8 Күү бирөөлөр бизди жамандап: «Булар: “Жакшылык болуш үчүн жамандык кылалы”, – дешет», – деп, кантип айтып жатышат? Мындайлардын соттолгону туура.

    Бардык адамдар күнөөкөр

    3:9 Анда эмне, биз артыкчылыкка эүбизби? Жок, эү эмеспиз. Анткени биз жогоруда далилдегендей, жүйүттөр сыяктуу эле эллиндер да, бардыгы күнөөнүн бийлиги астында.

    3:10 Ыйык Жазууда жазылгандай: «Бир да адил адам жок.

    3:11 Түшүнгөн бир да адам жок, үч ким Кудайды издебейт.

    3:12 Бардыгы жолдон чыгышты, бирөө да жарактуу эмес. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок».

    3:13 «Алардын кекиртеги – ачык мүрзө. Алар тилдери менен жалган сүйлөшөт. Алардын эриндеринде жыландын уусу бар».

    3:14 «Алардын оозунан каргыш жана ачуу сөз гана чыгат».

    3:15 «Алардын буттары кан төгүүгө чуркап турат.

    3:16 Алар жүргөн жерде кыйроо жана кайгы гана болот.

    3:17 Алар тынчтык жолун билишпейт».

    3:18 «Алардын көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң».

    3:19 Бирок мыйзамда эмне айтылса да, ошонун баары мыйзамдын бийлиги астындагыларга айтыларын билебиз. Ошондуктан бардыгынын оозу жабылат, бүт дүйнө Кудай алдында айыптуу болот.

    3:20 Анткени мыйзамды аткаруу менен Анын алдында бир да адам акталбайт. Себеби күнөөнүн күнөө экендиги мыйзам аркылуу билинет.

    Ишеним аркылуу акталуу

    3:21 Бирок азыр мыйзамга көз карандысыз эле Кудайдын адилеттигине эү болууга жол ачылды. Бул жөнүндө «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринде күбөлөндүрүлөт.

    3:22 Кудайдын бул адилеттиги – бардык ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилеттик. Анткени үч айырма жок.

    3:23 Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай эү кыла турган даңктан айрылып калышкан.

    3:24 Бирок бардыгы Анын ырайымы менен, Машайак Ыйсанын кун төлөп куткаруусу аркылуу бекер акталышты.

    3:25 Кудай өзүнүн чыдамдуулугу убагында мурунку кылынган күнөөлөрдү кечирүү аркылуу өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн, Машайактын төгүлгөн канын ырайым курмандыгы катары ишеним аркылуу сунуш кылды.

    3:26 Азыркы учурда өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн ушундай кылды. Ал Ыйсага ишенген адамга адилеттүү жана актоочу катары таанылсын.

    3:27 Анда биздин мактана турган нерсебиз кайда калды? Ал биротоло жок болду. Кайсы мыйзам менен? Иштерди талап кылган мыйзам мененби? Жок, ишенимди талап кылган мыйзам менен.

    3:28 Анткени биз мындай деп эсептейбиз: адам мыйзамды аткаруу менен эмес, ишеним менен акталат.

    3:29 Же Кудай жүйүттөрдүн эле Кудайы бекен? Бутпарастардын да Кудайы эмеспи? Албетте, бутпарастардын да Кудайы.

    3:30 Анткени Кудай бирөө, Ал сүннөткө отургузулгандарды ишениминин негизинде, сүннөткө отургузулбагандарды да ишеним аркылуу актайт.

    3:31 Анда эмне, биз мыйзамды ишеним аркылуу жокко чыгарабызбы? Албетте, жок! Биз мыйзамды бекемдейбиз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск