Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Машайактын келери жана четке кагылары жөнүндө

    11:1 Лебанон, дарбазаларыңды ач, сенин кедр дарактарыңды от жалмасын.

    11:2 Боздоп ыйла, кипарис, анткени кедр кулады, анткени чоң дарактар да кыйратылды. Башандын эмен дарактары, өкүргүлө, анткени чытырман токой кыйылды.

    11:3 Койчулардын өкүрүп ыйлаганы угулуп жатат, анткени алардын жайыттары кыйратылды; жаш арстандардын ырылдаган айкырыгы угулуп жатат, анткени Иордандын даңкы талкаланды».

    11:4 Менин Кудай-Теңирим мындай дейт: «Мууздала турган койлорду кайтар,

    11:5 сатып алгандар аларды өлтүрүп жатышат, бирок өздөрүн айыптуубуз деп эсептешпейт, ал эми аларды саткандар: “Теңирге алкыш, мен байып калдым!” – деп жатышат. Аларды өздөрүнүн койчулары аяшпайт.

    11:6 Анткени Мен мындан ары бул жердин тургундарына ырайым кылбайм, – дейт Теңир, – мына, Мен ал адамдардын ар бирин өз жакынынын колуна, өз падышасынын колуна салып берем, алар жерди кыйратышат, Мен ал адамдардын үч кимисин алардын колунан куткарбайм.

    11:7 Мен мууздала турган койлорду, чыны менен эле байкуш койлорду кайтарам. өзүмө эки таяк алам, биринчисин Ырайым, экинчисин Бирдик деп атайм, ошолор менен койлорду кайтарам.

    11:8 Бир айда үч койчуну жок кылам. Алардын жаны Менден кандай жийиркенсе, Менин жаным да алардан ошондой жийиркенет.

    11:9 Ошондо Мен мындай дейм: “Силерди кайтарбайм. өлө турганы өлсүн, жоголо турганы жоголсун, ал эми калгандары биринин этин бири жесин”.

    11:10 “Ырайым” таягымды алам да, өзүмдүн бардык элдер менен түзгөн келишимимди бузуш үчүн, аны сындырып салам.

    11:11 Келишим ошол күнү бузулат, ошондо Мени күтүп турган койлордун ичинен байкуштары бул Теңирдин сөзү экенин билишет.

    11:12 Анан аларга: “үгерде кааласаңар, Мага Менин акымды бергиле. Каалабасаңар, бербей эле койгула”, – дейм. Ошондо алар Менин акыма отуз күмүш шекел тартып беришет».

    11:13 Анан Теңир мага мындай деди: «Аны Теңир үйүнүн казынасына ташта. Алар Мени кандай кымбат баалашты!» Мен отуз күмүш шекелди алып, Теңир үйүнө карапачы үчүн таштадым.

    11:14 «Жүйүт менен Ысрайылдын ортосундагы бир туугандыкты бузуш үчүн, өзүмдүн экинчи таягымды – “Бирдик” таягын сындырдым».

    Кудайдын ишенимсиз койчуларга каарданышы

    11:15 Анан Теңир мага мындай деди: «Акылсыз койчулардын ичинен бирөөнүн куралын ал.

    11:16 Анткени Мен бул жерге бир койчу коём, ал өлүп бара жаткан койлор үчүн кам көрбөйт, жоголгондорун издебейт, ооругандарын айыктырбайт, соолоруна тамак бербейт, бирок семиз койлордун этин жейт, алардын туяктарын талкалайт.

    11:17 Койлорду таштап койгон жаман койчуга кайгы! Анын колуна жана оң көзүнө каршы кылыч келсин! Анын колу шал болуп калсын, анын оң көзү таптакыр көрбөй калсын!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск