Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Иерусалимдин куткарылары жөнүндө

    12:1 Ысрайыл тууралуу Теңирдин пайгамбарчылык сөзү. Асманды жайган, жерди негиздеген, адамдын ичиндеги рухту жараткан Теңир мындай дейт:

    12:2 «Мына, Мен Иерусалим курчоодо жатканда, тегеректеги бардык элдер үчүн, ошондой эле Жүйүт үчүн Иерусалимди баш айландыруучу ичимдик куюлган чөйчөк кылам.

    12:3 Ошол күнү мындай болот: бардык уруулар үчүн Иерусалимди оор таш кылам, аны көтөргөндөрдүн бардыгы өздөрүнө зыян келтирип алышат, бирок ага каршы жер жүзүнүн бардык элдери чогулушат.

    12:4 Ошол күнү, – дейт Теңир, – Мен бардык аттарды элиртем, алардын үстүндө отургандарды акылынан ажыратам, ал эми Жүйүткө назар салам, элдердин бардык аттарын сокур кылам.

    12:5 Жүйүт төрөлөрү өз жүрөгүндө мындай дешет: “Менин күчүм – өздөрүнүн Кудайы, Себайот Теңир менен күчтүү болгон Иерусалим тургундары”.

    12:6 Ошол күнү Мен Жүйүт төрөлөрүн отундардын ортосундагы алоолонуп күйгөн мештей кылам, боолордун арасында күйүп турган шаманадай кылам, алар тегеректеги бардык элдерди, оң тарапты да, сол тарапты да жок кылышат. Иерусалим эли кайрадан өз ордуна, Иерусалимге, отурукташат».

    12:7 Дөөттүн тукуму менен Иерусалим тургундары Жүйүттүн алдында өздөрүн жогору көтөрбөш үчүн, Теңир адегенде Жүйүттүн тукумун куткарат.

    12:8 Ошол күнү Теңир Иерусалим тургундарын коргойт, ошол күнү алардын эң алсызы Дөөттөй болот, ал эми Дөөт тукуму Кудайдай, өздөрүнүн алдындагы Теңирдин периштесиндей болот.

    12:9 Ошол күнү мындай болот: «Мен Иерусалимге кол салган бардык элдерди жок кылам.

    12:10 Ал эми Дөөттүн тукумуна жана Иерусалим тургундарына ырайым руху менен моюн сунуу рухун төгөм, алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт, Аны жалгыз уулун жоктоп ыйлагандай жоктоп ыйлашат, Ал үчүн тун баласына кайгыргандай кайгырышат.

    12:11 Ошол күнү Иерусалимде Мегидо өрөөнүндөгү Адатримон ыйындай болгон чоң ый болот.

    12:12 өлкө боздоп ыйлайт, ар бир уруу өзүнчө боздоп ыйлайт: Дөөт тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Натан тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;

    12:13 Леби тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Шымон уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;

    12:14 калган уруулардын бардыгы, ар бир уруу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө боздоп ыйлашат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск