Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Рухий жөндөмдүүлүктөр жөнүндө

    12:1 Бирок, бир туугандар, мен силердин рухий жөндөмдүүлүктөр тууралуу да билишиңерди каалайм.

    12:2 өзүңөр билесиңер, бутпарас кезиңерде тилсиз буркандарга бирөө жетелеп баргансып барчусуңар.

    12:3 Ошондуктан силерге айтарым: Кудайдын Руху аркылуу сүйлөгөн адам Ыйсага каршы анафема айтпайт жана ал Кудайдын Руху аркылуу гана Ыйсаны «Теңир» дей алат.

    12:4 Рухий жөндөмдүүлүктөр ар түрдүү, бирок Рух бирөө.

    12:5 Кызматтар ар түрдүү, бирок Теңир бирөө.

    12:6 Иштер ар түрдүү, бирок Кудай бирөө, бардыгын кыймылга келтирген – Ал.

    12:7 Бирок Рухтун жөндөмдүүлүгү жалпынын пайдасы үчүн ар бирине берилет.

    12:8 Рух аркылуу бирине акылмандык берилсе, ошол эле Рух аркылуу башка бирине билим берилет.

    12:9 Ошол эле Рух аркылуу бирине ишеним, дагы бирине айыктыруу жөндөмдүүлүгү,

    12:10 бирине ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгү, бирине пайгамбарчылык кылуу жөндөмдүүлүгү, бирине рухтарды айырмалоо жөндөмдүүлүгү, бирине ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү, башка бирине ошол тилдерди которуп түшүндүрүп берүү жөндөмдүүлүгү берилет.

    12:11 Мунун баары – ошол эле Рухтун иши. Ал ар бирине өзү каалагандай жөндөмдүүлүк берет.

    Мүчөлөр көп, дене бирөө

    12:12 Дене бирөө болгону менен, анын мүчөлөрү көп, баары – бир дененин мүчөлөрү, алар көп болсо да, бир эле денени түзөт. Машайактын Денеси болуп эсептелген Жыйын да көп мүчөлөрдөн турат.

    12:13 Жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да – баарыбыз бир Рухка, бир денеге чөмүлүп, бир Рухтан ичкенбиз.

    12:14 Дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат.

    12:15 Бут: «Мен денеге таандык эмесмин, анткени кол эмесмин», – десе эле, денеге таандык болбой калабы?

    12:16 Кулак: «Мен денеге таандык эмесмин, анткени көз эмесмин», – десе эле, денеге таандык болбой калабы?

    12:17 Дененин баары эле көз болсо, ал кантип угат? Дененин баары эле кулак болсо, ал кантип жыт сезет?

    12:18 Кудай ар бир мүчөнү денеге өзү каалаганындай кылып жайгаштырган.

    12:19 үгерде баары бир эле мүчө болсо, дене кантип дене болот?

    12:20 Көп мүчө биригип, бир денени түзөт.

    12:21 Көз колго: «Сенин мага керегиң жок!», баш бутка: «Сенин мага керегиң жок!» – дей албайт.

    12:22 Дененин алсыз көрүнгөн мүчөлөрү көбүрөөк керек.

    12:23 Денебиздеги көрксүз болуп көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө кам көрөбүз.

    12:24 Денебиздеги анча маанилүү эмес болуп көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө кам көрөбүз, көрксүз мүчөлөрүбүз көрктүү кийим кийишет, ал эми көрктүү мүчөлөрүбүз буга муктаж эмес.

    12:25 Бирок дене мүчөлөрү өз ара бөлүнбөш үчүн, мүчөлөрдүн бардыгы бири-бирине кам көрүш үчүн, Кудай дененин көрксүз мүчөсүн өзгөчө кам көрүлгүдөй кылып жайгаштырган.

    12:26 Ошондуктан бир мүчө азап тартса, аны менен кошо бардык мүчөлөр азап тартышат. Бир мүчө даңкталса, аны менен кошо бардык мүчөлөр кубанышат.

    12:27 Силер Машайактын денесисиңер, өз-өзүнчө алганда, ар бириңер бул дененин мүчөлөрүсүңөр.

    12:28 Кудай Жыйынга, биринчиден, элчилерди; экинчиден, пайгамбарларды; үчүнчүдөн, окутуучуларды дайындады. Калгандарына ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн, айыктыруу жөндөмдүүлүгүн, жардам берүү жөндөмдүүлүгүн, башкаруу жөндөмдүүлүгүн, ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгүн берди.

    12:29 Баары эле элчиби? Баары эле пайгамбарбы? Баары эле окутуучубу? Баарында эле ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгү барбы?

    12:30 Баарында эле айыктыруу жөндөмдүүлүгү барбы? Баары эле ар кандай тилдерде сүйлөй алышабы? Баары эле ал тилдерди которо алышабы?

    12:31 эң жакшы жөндөмдүүлүктөргө умтулгула, ошондо мен силерге мындан да жакшы жолду көрсөтөм.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск