Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    11:1 Мен Машайактан элгү алгандай эле, силер да менден элгү алгыла.

    Башты жабуу жөнүндө

    11:2 Бир туугандар, силердин мен берген көрсөтмөлөрдү эсиңерден чыгарбай, мен эйрөткөндөй аткарып жүргөнүңөр мактоого арзырлык.

    11:3 Бирок муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы – Машайак, аялдын башчысы – эркек, Машайактын башчысы – Кудай.

    11:4 Баш кийимчен сыйынган же баш кийимчен пайгамбарчылык кылган эркек өз башын өзү уятка калтырат.

    11:5 Жылаңбаш сыйынган же жылаңбаш пайгамбарчылык кылган аял өз башын өзү уятка калтырат, себеби бул чачын кырдырып салууга барабар.

    11:6 үгерде аял башын жапкысы келбесе, чачын кырктырып салсын. Кырктырып салгандан же кырдырып салгандан уялса, башын жапсын.

    11:7 үркек башын жаппашы керек, анткени эркек – Кудайдын бейнеси жана даңкы, аял болсо – күйөөсүнүн даңкы.

    11:8 Анткени эркек аял аркылуу эмес, аял эркек аркылуу жаратылган.

    11:9 үркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган.

    11:10 Ошондуктан аял периштелерге өзүнүн бийлик астында экендигин көрсөтүш үчүн, башын жаап жүрүшү керек.

    11:11 Бирок Теңирдин алдында аял эркекке, эркек аялга көз каранды.

    11:12 Анткени аял эркек аркылуу жаратылгандай эле, эркек аялдан төрөлөт, бирок баары Кудайдан.

    11:13 өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү: аялдын Кудайга жылаңбаш сыйынганы адептүүлүккө жатабы?

    11:14 Табият өзү эле айтып жатпайбы: чач өстүрүү эркек үчүн уятсыздык,

    11:15 аял үчүн сыймык, анткени чач аялга жабуу ордуна берилген.

    11:16 Ким бул тууралуу талашып-тартышкысы келсе, билип койсун, бизде да, Кудайдын Жыйындарында да андай адат жок.

    Теңирдин Кечки Тамагы жөнүндө

    11:17 Чогулганыңардын пайдасынан зыяны көп болгондуктан, төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берем. Мен силерди мактай албайм.

    11:18 Биринчиден, Жыйын катары чогулганыңарда, өз ара бөлүнөрүңөрдү уктум. Кандайдыр бир деңгүүлде мен буга ишенем.

    11:19 Бирок араңарда ар кандай көз караштар да болушу керек, ошол аркылуу кимдердин ишенимдүү экендиги белгилүү болот.

    11:20 Чогулганыңар менен, Теңирдин Кечки Тамагын жеп-ичүү расмисин туура өткөргөн жоксуңар.

    11:21 Анткени ар ким башканы күтпөй, өз тамагын жей баштайт. Ошентип, бири ачка калса, бири мас болуп калат.

    11:22 Єйүңөрдөн ичип-жесеңер болбойбу? Же Кудайдын Жыйынын барк албай, колунда жокторду басынткыңар барбы? эмне дейин, силерди ушул үчүн мактайынбы? Жок, мактабайм.

    11:23 Силерге эйрөткөндөрүмдү мен Теңирден алгам. Адамдардын колуна салынып берилер түнү Теңир Ыйса нанды алып,

    11:24 Кудайга ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, нанды сындырып, мындай деген: «Алгыла, жегиле. Бул Менин силер үчүн сындырылган Денем. Бул нанды Мени эскериш үчүн жегиле».

    11:25 Тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деген: «Бул чөйчөк – Менин Каным менен бекитиле турган жаңы келишим. Бул шараптан ичкен сайын, Мени эскергиле».

    11:26 Бул нандан жеп, бул чөйчөктөгү шараптан ичкен сайын, Теңир келгенге чейин, силер Анын өлүмү жөнүндө жарыялайсыңар.

    11:27 Ошондуктан ким татыксыз түрдө бул нандан жесе жана Теңирдин чөйчөгүнөн ичсе, ал Теңирдин Денесине жана Канына каршы күнөө кылган болот.

    11:28 Адам адегенде өзүн өзү текшерсин, ошондон кийин гана бул нандан жеп, чөйчөктөгү шараптан ичсин.

    11:29 Ким Теңирдин Денеси жөнүндө ойлонбой, татыксыз түрдө ичип-жесе, ал өзүн өзү айыптуу кылат.

    11:30 Ошондуктан көпчүлүгүңөр алсызсыңар жана оорулуусуңар, араңарда өлгөндөр да аз эмес.

    11:31 өзүбүздү өзүбүз текшерсек, сотко кабылмак эмеспиз.

    11:32 Бул дүйнө менен бирге соттолбошубуз үчүн, Теңир бизди соттоп, жазалап жатат.

    11:33 Ошондуктан, бир туугандарым, Кечки Тамакка чогулганыңарда, бири-бириңерди күткүлө.

    11:34 Ачка адам үйүнөн тамактансын. Кечки Тамак расмисин өткөрүэңөр сотко кабылууңарга себеп болбогондой болсун. Калганын өзүм барганда чечем.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск