Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Сулаймандын убагындагы башкаруучулар

    4:1 Ошентип, Сулайман бүт Ысрайылга падыша болуп турду.

    4:2 Анын кол астындагы башкаруучулары мына булар эле: ыйык кызмат кылуучу: Садоктун уулу Азария.

    4:3 Катчылар: Шиши уулдары элихореп менен Акия. Тарыхчы: Акилут уулу Жошапат.

    4:4 Аскер башчы: Жойат уулу Беная. Ыйык кызмат кылуучулар: Садок менен Абыйатар.

    4:5 Натан уулу Азария – дубан кызматчылардын үстүнөн башчы, ыйык кызмат кылуучу Натандын уулу Забут – падышанын досу.

    4:6 Падыша сарайынын башчысы – Акишар, салык жыйноочулардын башчысы – Абда уулу Адонурам.

    4:7 Сулаймандын бүткүл Ысрайылга койгон он эки башкаруучусу бар эле, алар падышага, анын үйүнө азык-түлүк жеткирип турушчу. Ар бири жыл сайын бир айга жеткидей азык жеткирчү.

    4:8 Алардын аттары: эпрайым тоосун Хур уулу,

    4:9 Макасты, Шаалбимди, Бейт-Шемешти, эйлонду жана Бейт-Кананды Декер уулу,

    4:10 Арубатты Хесет уулу башкарчу. Сохо менен бүт Хейпер жерин да ал башкарчу.

    4:11 Бүтүн Напат-Дорду Абинадап уулу башкарчу. Сулаймандын кызы Тафат анын аялы эле.

    4:12 Акилут уулу Баана Таанахты, Мегидону, Изрейелдин төмөн жагындагы Саретандын жанындагы Бейт-Шейанды, Бейт-Шейандан Абел-Мекелге чейинки жерлерди, атүгүл, Жокмаамдын ары жагындагы жерлерди да башкарчу.

    4:13 Гебер уулу Гилаттын Рамотун башкарчу. Анын карамагында Менашенин уулу Жайырдын Гилаттагы кыштактары бар эле. Ошондой эле анын карамагына Башандагы Аргоп дубаны дубалдуу жана жез кулпулуу алтымыш чоң шаары менен тиешелүү эле.

    4:14 Маханайимди Идо уулу Акинадап башкарчу.

    4:15 Напталы жерин Акимаас башкарчу. Ал Сулаймандын кызы Басематты аялдыкка алган.

    4:16 Бейалот жана Ашыр жерин Хушайдын уулу Баана башкарчу.

    4:17 Исахар жерин Паруахтын уулу Жошапат башкарчу.

    4:18 Бенжемин жерин эйланын уулу Шимей башкарчу.

    4:19 Гилат жерин, Амор падышасы Сихондун жерин жана Башан падышасы Огдун жерин Ури уулу Гебер башкарчу.

    Сулаймандын убагындагы бакыбат жашоо

    4:20 Деңиз жүүгиндеги кумдай көп Жүйүт менен Ысрайыл ичип-жеп, көңүл ачып жатты.

    4:21 Сулайман эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, Мисир жерине чейинки бүт падышачылыктарга эүлик кылды. Алар Сулаймандын көзү өткөнчө кызмат кылып, тартуу алып келип турушту.

    4:22 Сулаймандын бир күнкү азык-түлүгү отуз кор буудай унунан, алтымыш кор башка ундан,

    4:23 бугулардан, жейрендерден, бөкөндөрдөн жана семиртилген канаттуулардан тышкары бордолгон он өгүздөн, жайыттан алынган жыйырма өгүздөн, жүз койдон турган.

    4:24 Анткени ал дарыянын берки өйүзүндөгү бардык жерге, Типсактан Азага чейин, дарыянын берки өйүзүндөгү бардык падышаларга үстөмдүк кылды жана тегерегиндеги бардык өлкөлөр менен тынчтыкта болду.

    4:25 Сулаймандын көзү өткөнчө, Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жүйүт эли өздөрүнүн анжыр жыгачынын, жүзүм багынын астында бейкапар жашады.

    4:26 Сулаймандын майдан арабага чегилген аттары үчүн кырк миң мамысы, аттары үчүн он эки миң мамысы бар эле.

    4:27 Ошол башкаруучулардын ар бири өзүнө белгиленген айда Сулайман падышанын дасторконуна тиешелүү болгон бардык нерселерди жеткирип турушту, аны үч нерсеге муктаж кылышкан жок.

    4:28 Падыша конуш алган жерге ар бири өз кезеги менен аттарга, качырларга арпа, саман жеткирип турушту.

    4:29 Кудай Сулайманга деңиз жүүгиндеги кумдай көп акылмандык, даанышмандык, кеменгерлик берди.

    4:30 Сулаймандын акылмандуулугу чыгыш уулдарынын бүт акылмандуулугунан жана мисирликтердин бүт акылмандуулугунан жогору эле.

    4:31 Ал бардык адамдардан акылдуу болчу, акылы эзрахилик эйтандан, эйман, Калкол, Дарда, Махол уулдарынан алда канча өйдө болчу. Тегерек-четтеги бардык элдерге аты чыкты.

    4:32 Ал үч миң накыл сөз айткан, анын бир миң беш ыры бар эле.

    4:33 Ошондой эле дарактар жөнүндө, Лебанондогу кедр жыгачынан баштап дубалга жабышып өсүүчү иссопко чейин айткан. Жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана балыктар жөнүндө айткан.

    4:34 Сулаймандын акылмандыгы жөнүндө уккан жер үстүндөгү бардык падышачылыктардан, бардык элдерден анын акылмандуулугун угуу үчүн келип турушчу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск