Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Сулаймандын сыйынуусу

    3:1 Сулайман Мисир падышасы фараон менен туугандашып, анын кызын аялдыкка алды. өзүнүн үйүн, Теңир үйүн, Иерусалим дубалдарын кура элек болгондуктан, аялын Дөөттүн шаарына алып келди.

    3:2 Бирок эл курмандыкты дагы эле бийик жерлерде чалып жаткан, анткени ошол убакка чейин Теңирдин ысымына арналып эй курула элек эле.

    3:3 Сулайман Теңирди сүйдү, атасы Дөөттүн осуяты боюнча жүрдү, бирок ал да бийик жерлерде курмандык чалчу, жыпар жыттуу зат түтөтчү.

    3:4 Курмандык чалуу үчүн, падыша Гибонго кетти, анткени ал жерде чоң курмандык чалынуучу жай бар эле. Ошол курмандык чалынуучу жайда Сулайман бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды.

    3:5 Гибондо, түн ичинде Сулаймандын түшүнө Теңир кирди. Кудай ага: «Сура, сага эмне берейин?» – деди.

    3:6 Сулайман мындай деди: «Сен өз кулуң Дөөткө, менин атама, зор ырайым көрсөттүң. Ал Сенин алдыңда туура, түз жүрүп, чынчыл болгондугу үчүн Сен ага ушул улуу ырайымды сактадың, тагына отура турган уул бердиң. Ал мына ушул күндө жүзөгө ашып отурат.

    3:7 Кудай-Теңирим, Сен азыр кулуңду атам Дөөттүн ордуна падыша кылдың, бирок мен жашмын, көп нерсени билбейм.

    3:8 Кулуң өзүң тандаган элиңдин, көп сандаган элиңдин арасында турат, көптүгүнөн аларды санап чыгуу да, карап чыгуу да мүмкүн эмес.

    3:9 Сенин элиңди башкарууга, жаман-жакшыны ажырата билүүгө өз кулуңа акылдуу жүрөк бер, анткени Сенин көп сандуу элиңди ким башкара алат?»

    3:10 Сулаймандын бул суранычы Теңирге жакты.

    3:11 Кудай ага: «Сен ушуну сураганың үчүн, узун өмүрдү, байлыкты жана душмандарыңдын жанын сурабай, туура бийлик жүргүзүүгө акыл сураганың үчүн

    3:12 Мен сенин сөзүң боюнча кылам. Мына, мен Сага акылдуу, даанышман жүрөк берип жатам, сендей адам сенден мурун да болгон эмес, сенден кийин да болбойт.

    3:13 Мен сага сен сурабаган нерсени, байлыкты, даңкты берип жатам, андыктан өмүрүң өткөнчө, падышалар арасында сендей адам болбойт.

    3:14 үгерде сен атаң Дөөттөй болуп, Менин жолум менен жүрсөң, мыйзамдарым менен осуяттарымды аткарсаң, Мен сенин өмүрүңдү да узун кылам», – деди.

    3:15 Сулайман ойгонгондо, бул түш экенин билди. Анан ал Иерусалимге барып, Теңирдин келишим сандыгынын алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалып, кызматчыларына чоң той берди.

    Сулаймандын даанышмандыгы

    3:16 Ошондо бузулган эки аял келип, падышанын алдында турду.

    3:17 Аялдын бири мындай деди: «Оо мырзам! Бул аял экөөбүз бир эйдө жашайбыз. Ошол эйдө мен мунун көз алдында төрөдүм.

    3:18 Мен төрөгөндөн кийин, үчүнчү күнү бул аял да төрөдү. экөөбүз чогуу болчубуз, эйдө бизден бөлөк үч ким жок эле. Yйдө экөөбүз эле болчубуз.

    3:19 Түн ичинде бул аялдын баласы өлүп калды. Анткени ал уктап калып, баласын басып өлтүрүп алды.

    3:20 Анан ал түн ичинде, күңэң мен уктап жатканда, туруп келип, менин баламды өзүнүн койнуна алып, өзүнүн өлгөн баласын менин койнума салып коюптур.

    3:21 Баламды эмизейин деп, эртең менен турсам, ал өлүп калыптыр. эртең менен жакшылап карасам, ал мен төрөгөн бала эмес экен».

    3:22 Анда тиги аял: «Жок, менин балам тирүү, сенин балаң өлгөн», – деди. Ал эми берки аял: «Жок, өлгөн бала сеники, менин балам тирүү», – деди. Падышанын алдында алар ушинтип талашып жатышты.

    3:23 Ошондо падыша мындай деди: «Бул аял: “Тирүү бала меники, өлгөн бала сеники”, – дейт. Тиги аял болсо: “Жок, өлгөн бала сеники, тирүү бала меники”, – дейт».

    3:24 Анан падыша: «Мага кылычты алып бергиле», – деди. Падышага кылычты алып келип беришти.

    3:25 Падыша: «Тирүү баланы экиге бөлө чаап, жарымын бирине, жарымын экинчисине бергиле», – деди.

    3:26 Баласы тирүү аял баласын аяп, жан алакетке түшүп, падышага: «Оо мырзам! Тирүү баланы буга бергиле, аны өлтүрбөгүлө», – деди. Тиги аял болсо: «Бөлө чапкыла, бала меники да, аныкы да болбосун», – деди.

    3:27 Ошондо падыша: «Тирүү баланы буга бергиле, аны өлтүрбөгүлө, анткени бул – анын энеси», – деп жооп берди.

    3:28 Бүт Ысрайыл падышанын өкүмү жөнүндө укту, ошондон кийин падышадан коркуп калышты, анткени анда сот жүргүзүү үчүн Кудайдан болгон даанышмандык бар экенин көрүштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск