Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Дөөттүн Сулайманга айткан керүүзи

    2:1 Дөөт өлөр күнү жакындап калганда, уулу Сулайманга мындай керүүз айтты:

    2:2 «Мына, мен бардык адамдар баруучу жайга кеткени жатам, сен болсо бекем, кайраттуу бол.

    2:3 үмне гана кылба, бардык нерседе, кайда гана барба, бардык жерде акыл-үстүү болушуң үчүн, Кудай-Теңириңдин Мусанын мыйзамында жазылган мыйзамдарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн, осуяттарын аткар, Анын жолдору менен жүр, Анын келишимин сакта.

    2:4 Теңир өзүнүн мен жөнүндө айткан сөзү аткарылышы үчүн мындай деген эле: “үгерде сенин уулдарың чын жүрөктөн, жан-дили менен Менин алдымда туура жүрүү үчүн, өздөрүнүн жолдоруна көз салып жүрсө, анда сенин тукумуңдан Ысрайылдын тагында отурган адам эзүлбөйт”.

    2:5 Серуянын уулу Жойаптын мага эмне кылганын, Ысрайылдын эки аскер башчысы Нейир уулу Абенер менен Жетер уулу Амасага эмне кылганын, бейпил убакта кан төгүп, аларды кандай өлтүргөнүн, белиндеги курун, бутундагы бут кийимин канга боёгонун билесиң.

    2:6 Ошондуктан акылга салып иш кыл, анын ак чач башын өлгөндөр жаткан жайга тынчтык менен жөнөтпө.

    2:7 Ал эми гилаттык Барзелай уулдарына жакшылык кыл, алар сенин дасторконуңдан тамактангандардын арасында болсун, анткени агаң Абышаломдон качып жүргөнүмдө, алар мага жардамга келишкен.

    2:8 Сенде Бенжемин уруусундагы бакуримдик Гейранын уулу Шемей да бар. Мен Маханайимге бара жатканда, ал мени абдан жаман сөздөр менен тилдеген. Бирок ал мени Иордандын жанынан тосуп чыкканда, мен ага Теңир менен: “Мен сени кылычтап өлтүрбөйм”, – деп ант берип койгом.

    2:9 Сен болсо аны жазасыз калтырба, анткени сен акылдуу адамсың, ага эмне кылышты билесиң, анын ак чач башын өлгөндөр жаткан жайга канга боёп жөнөт».

    Дөөттүн көз жумушу

    2:10 Ошентип, Дөөт ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына коюлду.

    2:11 Дөөт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды. Ал жети жыл Хеброндо, отуз үч жыл Иерусалимде падышачылык кылды.

    2:12 Сулайман атасы Дөөттүн тагына отурду, анын падышачылыгы абдан бекем болду.

    Адониянын өлүшү

    2:13 Падышанын Кагыттан төрөлгөн уулу Адония Сулаймандын энеси Бат-Шебага келди. Бат-Шеба: «Тынчтык менен келдиңби?» – деп сурады. Адония болсо: «Тынчтык менен», – деп жооп берди.

    2:14 Анан мындай деди: «Сага айтчу сөзүм бар». Бат-Шеба ага: «Айта бер», – деди.

    2:15 Адония мындай деди: «Сен билесиң, падышачылык мага таандык эле. Бүт Ысрайыл мени өздөрүнүн падышасы катары карачу, бирок падышачылык менден четтеп, менин бир тууганыма тийди, анткени бул Теңирден болду.

    2:16 үми сенден бир нерсе сурайын, жок дей көрбө». Ал ага: «Айт», – деди.

    2:17 Адония: «Сулайман падыша менен сүйлөш, суранам сенден, анткени ал сага жок дебейт, шунамдык Абишаганы мага аялдыкка берсин», – деди.

    2:18 Бат-Шеба мындай деди: «Болуптур, сен жөнүндө падыша менен сүйлөшөйүн».

    2:19 Бат-Шеба Адония жөнүндө сүйлөшүү үчүн, Сулайман падышага кирди. Падыша ордунан тура калып таазим кылды да, тагына кайра отурду. Падышанын энесине да такты коюшту, ал анын оң жагына отуруп, мындай деди:

    2:20 «Сага бир кичине өтүнүч менен келдим, жок дебе», – деди. Падыша ага: «Сурагын, энеке, сага кантип жок дейин», – деди.

    2:21 энеси ага: «Бир тууганың Адонияга шунамдык Абишаганы аялдыкка бер», – деди.

    2:22 Сулайман падыша энесине: «Шунамдык Абишаганы эмне үчүн Адонияга сурап жатасың? Анда ага падышачылыкты да кошо сура, анткени ал менин улуу агам, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар менен Серуянын уулу Жойап – анын достору», – деп жооп берди.

    2:23 Анан Сулайман Теңир менен мындай деп ант берди: «Адония ушул сөзү үчүн өз өмүрү менен жооп бербей турган болсо, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын.

    2:24 Мени бекемдеп, атам Дөөттүн тагына отургузган, өзү айткандай, мага жана менин тукумума падышачылыкты берген Теңир тирүү! Адония ушул күнү өлүшү керек».

    2:25 Анан Сулайман падыша Жойаттын уулу Бенаяны жиберди, ал Адонияны өлтүрдү. Ошентип, ал өлдү.

    Абыйатардын ыйык кызматтан четтетилиши. Жойаптын өлүшү

    2:26 Ал эми ыйык кызмат кылуучу Абыйатарга падыша: «өз жериң Анатотко кет. Сен өлүмгө татыктуусуң, бирок азыр мен сени өлтүрбөйм, анткени сен атам Дөөттүн алдында эгедер Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөнсүң, атам тарткан азапты сен да тарткансың», – деди.

    2:27 Сулайман Абыйатарды Теңирге ыйык кызмат кылуудан четтетти. Ошентип, Теңирдин Шилодо үйлинин тукуму жөнүндө айткан сөзү аткарылды.

    2:28 Бул жөнүндө Жойапка да жетти. Ал Сулайман жакка ообой, Адония жакка оогон эле. Ошондуктан Жойап Теңирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармады.

    2:29 Жойаптын Теңирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын жанында турганын Сулайман падышага билдиришти. Сулайман Жойат уулу Бенаяны: «Барып, аны өлтүр», – деп жиберди.

    2:30 Беная Теңирдин жыйын чатырына келип, ага мындай деди: «Падыша сага: “Бери чык”, – деп жатат». Жойап болсо: «Жок, мен ушул жерде өлгүм келет», – деди. Беная падышага: «Жойап ушинтип айтты, мага ушинтип жооп берди», – деп жеткирди.

    2:31 Падыша ага мындай деди: «Аны өзү айткандай кылып өлтүрүп, көргө кой. Жойап төккөн күнөөсүз канды менин жана атамдын тукумунун мойнунан алып ташта.

    2:32 өзүнөн мыкты, айыпсыз эки жоокерди өлтүргөндүгү үчүн, алардын каны анын мойнунда болсун. Ал атам Дөөткө билдирбей, Ысрайылдын аскер башчысы Нейир уулу Абенерди жана Жүйүттүн аскер башчысы Жетер уулу Амасаны кылычтап өлтүргөн.

    2:33 Алардын каны түбөлүккө Жойаптын жана анын тукумунун мойнунда болсун, ал эми Дөөткө, анын тукумуна, эй-бүлөсүнө, тагына Теңирден түбөлүккө тынчтык болсун!»

    2:34 Жойат уулу Беная барды да, Жойапты кылыч менен сайып өлтүрдү. Ал чөлдөгү өз үйүнө коюлду.

    2:35 Сулайман падыша Жойат уулу Бенаяны Жойаптын ордуна аскер башчы койду. Ыйык кызмат кылуучу Садокту болсо Абыйатардын ордуна койду.

    Шемейдин өлүшү

    2:36 Падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «Иерусалимге эй салып, ушул жерде жаша, бул жерден үч жакка чыкпа.

    2:37 Билип кой, чыккан күнү, Кидрон суусунан өткөн күнү сөзсүз өлөсүң. өз каның өз мойнуңда болот».

    2:38 Шемей падышага мындай деди: «Жакшы болот, мырзам падыша кандай буйруса, кулуң ошондой аткарат». Ошентип, Шемей Иерусалимде көпкө жашады.

    2:39 Бирок үч жылдан кийин Шемейдин эки кулу Гат падышасы Мааханын уулу Акиштикине качып кетти. Шемейге: «Сенин кулдарың Гатта», – деп айтышты.

    2:40 Шемей турду да, эшегин токуп, кулдарын издеп таап келүү үчүн, Гатка, Акиштикине жөнөдү. Гаттан Шемей кулдарын алып кайтып келди.

    2:41 Шемейдин Иерусалимден чыгып, Гатка барып келгенин Сулайманга билдиришти.

    2:42 Ошондо падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «“Билип кой, сен чыккан күнү, бир жакка барган күнү сөзсүз өлөсүң”, – деп, Теңир менен ант бербедим беле? Сен мага: “Жакшы болот”, – дебедиң беле.

    2:43 үмне үчүн сен Теңир алдында ант берип айткан буйругумду аткарган жоксуң?»

    2:44 Анан падыша Шемейге мындай деп айтты: «Атам Дөөткө жасаган жамандыгыңдын баарын билесиң, жүрөгүң да билет. Ошол жамандыгыңды Теңир өз мойнуңа салсын!

    2:45 Ал эми Сулайманга Теңир батасын берсин! Теңир алдында Дөөттүн тагы түбөлүккө бекем болсун!»

    2:46 Падыша Жойат уулу Бенаяга буйрук кылды. Ал барып, Шемейди өлтүрдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск