Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Дөөттүн картайышы

    1:1 Дөөт аябай карып калган кезде, аны канчалык жылуулап жабышпасын, жылыбай койду.

    1:2 Ошондо кулдары ага: «Мырзабыз падышага жаш кыз издешсин, ал падышанын жанында болсун, аны карасын, аны менен жатсын, ошондо мырзабыз падыша жылыйт», – дешти.

    1:3 Бүткүл Ысрайыл жеринен сулуу кыз издеп, шунамдык Абишага деген кызды таап, падышага алып келишти.

    1:4 Кыз абдан сулуу эле. Ал падышаны карап, ага кызмат кылып жүрдү. Бирок падыша ага жакындаган жок.

    Адониянын падыша болгусу келгени

    1:5 Дөөттүн Кагыттан төрөлгөн уулу Адония текеберденип: «Мен падыша болом», – деди. Ошентип, ал майдан араба, атчан жоокер жана элүү жөө күлүк күттү.

    1:6 Атасы аны «үмне үчүн минтип жатасың?» деген суроо менен капалантчу эмес. Ал абдан келишимдүү эле. Ал анын Абышаломдон кийин төрөлгөн уулу эле.

    1:7 Адония Серуя уулу Жойап менен, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар менен кеңешти, алар ага жардам беришти.

    1:8 Бирок ыйык кызмат кылуучу Садок, Жойат уулу Беная, Натан пайгамбар, Шемей, Рея жана Дөөттүн эр жүрөк адамдары Адония тарапта болушкан жок.

    1:9 Адония эйин-Рогел булагынын жанындагы Зохелет ташынын жанында койлорду, өгүздөрдү, букачарларды союп, падышага кызмат кылган бардык жүйүттөр менен өз бир туугандарын, падышанын уулдарын чакырды.

    1:10 Бирок ал Натан пайгамбарды, Бенаяны жана Дөөттүн эр жүрөк адамдарын, бир тууганы Сулайманды чакырган жок.

    Сулаймандын падыша болушу

    1:11 Ошондо Натан Сулаймандын энеси Бат-Шебага мындай деди: «Падышанын Кагыттан төрөлгөн уулу Адония падыша болуп алганын уктуңбу? Бирок бул жөнүндө мырзабыз Дөөт билбейт.

    1:12 үми менин кеңешимди ук: өзүңдүн жаныңды жана уулуң Сулаймандын жанын сакта.

    1:13 Бар, Дөөт падышага кирип, ага мындай де: “Мырзам падыша, "Менден кийин уулуң Сулайман падыша болот, ал менин тагыма отурат", – деп, өз күңэңө ант бербедиң беле? эмне үчүн Адония падыша болуп калды?”

    1:14 Сен ошол жерде падыша менен сүйлөшүп жатканыңда, сенин артыңан мен да кирип, сенин сөзүңдү толуктайм».

    1:15 Бат-Шеба падышанын уктоочу бөлмөсүнө келди. Падыша өтө кары эле. Ага шунамдык Абишага кызмат кылып жүргөн.

    1:16 Бат-Шеба ийилип, падышага таазим кылды. Падыша андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.

    1:17 Бат-Шеба ага: «Мырзам падыша, “Уулуң Сулайман менден кийин падыша болот, ал менин тагыма отурат”, – деп, күңэңө Кудай-Теңириң менен ант бербедиң беле.

    1:18 Бирок азыр Адония падыша болду, мырзам падыша, сен болсо ал жөнүндө билбейсиң.

    1:19 Ал көп өгүз, букачар, кой союп, падышанын бардык уулдарын, ыйык кызмат кылуучу Абыйатарды, аскер башчы Жойапты чакырды, бирок кулуң Сулайманды чакырган жок.

    1:20 Бирок, мырзам падыша, бүт ысрайылдыктар сени карап, өзүңдөн кийин кимди тактыга отургузуп, падыша кылып жарыяларыңды күтүп жатышат.

    1:21 Болбосо мырзам падыша ата-бабалары жаткан жайга коюлганда, айып мага жана уулум Сулайманга коюлат», – деди.

    1:22 Ал падыша менен сүйлөшүп жатканда, Натан пайгамбар да келди.

    1:23 Падышага: «Натан пайгамбар келди», – дешти. Ал падышанын үстүнө кирип, жерге чейин ийилип таазим кылды.

    1:24 Анан Натан мындай деди: «Мырзам падыша! “Менден кийин Адония падышачылык кылат, менин тагыма отурат”, – деп айттың беле?

    1:25 Себеби ал бүгүн түшүп келип, көптөгөн өгүз, кой, букачар союп, падышанын бардык уулдарын, аскер башчыларды жана ыйык кызмат кылуучу Абыйатарды чакырды. Алар аныкында ичип-жеп отурушат. “Жашасын Адония падыша!” – деп жатышат.

    1:26 Бирок кулуң мени, ыйык кызмат кылуучу Садокту, Жойат уулу Бенаяны жана кулуң Сулайманды чакырган жок.

    1:27 Бул менин мырзам падышанын каалоосу менен болдубу? өзүңдөн кийин тагыңа ким отурарын кулуңа эмне үчүн айткан жоксуң?»

    1:28 Дөөт падыша: «Мага Бат-Шебаны чакырып келгиле», – деди. Ал кирип, падышанын алдына келди.

    1:29 Падыша мындай деп ант берди: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткаруучу Теңир тирүү!

    1:30 Мен сага: “Менден кийин сенин уулуң Сулайман падышачылык кылат, ал менин тагыма отурат”, – деп, Ысрайылдын Кудай-Теңири менен ант бергем. Мен аны бүгүндөн калбай орундатам».

    1:31 Ошондо Бат-Шеба жерге чейин ийилип, падышага таазим этип: «Мырзам, Дөөт падыша, кылымдан кылымга жашасын!» – деди.

    1:32 Дөөт падыша: «Мага ыйык кызмат кылуучу Садокту, Натан пайгамбарды, Жойат уулу Бенаяны чакырып келгиле», – деди. Алар падышага келишти.

    1:33 Падыша аларга мындай деди: «Менин кулдарымды алып, уулум Сулайманды качырыма мингизип, Гихонго алып баргыла.

    1:34 Ал жерде ыйык кызмат кылуучу Садок менен Натан пайгамбар аны Ысрайылга падыша кылып майлашсын. Анан сурнай тартып: “Жашасын Сулайман падыша!” – деп жар салгыла.

    1:35 Анан аны кайра алып келгиле, ал келип, менин тагыма отурат. Менин ордума ал падышачылык кылат. Мен аны Ысрайыл менен Жүйүткө жол башчы кылып дайындадым».

    1:36 Жойат уулу Беная падышага мындай деди: «Оомийин! Мырзам падышанын Кудай-Теңири да ушинтип айтсын!

    1:37 Кудай-Теңир мырзам падыша менен болгондой эле, Сулайман менен да болсун. Ал анын тактысын менин мырзам Дөөт падышанын тактысынан да жогору кылсын!»

    1:38 Ошентип, ыйык кызмат кылуучу Садок, Натан пайгамбар, Жойат уулу Беная, керейликтер менен пелейликтер Сулайманды Дөөт падышанын качырына мингизип, Гихонго алып жөнөштү.

    1:39 Ыйык кызмат кылуучу Садок жыйын чатырынан мүйүзгө куюлган зайтун майын алып, Сулайманды майлады. Анан сурнай тартышты, бүт эл: «Жашасын Сулайман падыша!» – деп жар салды.

    1:40 Бүт эл Сулайманды коштоп жүрдү. эл чоор тартып, аябай кубанып, жер жаңырта кыйкырып жатты.

    1:41 Муну Адония жана анын чакырган коноктору тамак жеп бүтүшөрү менен угушту. Жойап сурнай үнүн угуп: «Бул эмне деген ызы-чуу? Шаарда эмне болуп жатат?» – деп сурады.

    1:42 Ал сүйлөп жатканда, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар уулу Жонатан келди. Адония: «Кир, сен жакшы адам элең, жакшы кабар менен келгендирсиң», – деди.

    1:43 Жонатан Адонияга мындай деп жооп берди: «Ооба, мырзабыз Дөөт падыша Сулайманды падыша койду.

    1:44 Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокту, Натан пайгамбарды, Жойат уулу Бенаяны, керейликтер менен пелейликтерди аны менен кошо жиберди, алар аны падышанын качырына мингизишти.

    1:45 Ыйык кызмат кылуучу Садок менен Натан пайгамбар аны Гихондо падыша кылып майлашты. Алар ал жактан кубаныч менен кайтышты, шаар кыймылга келди. Силер уккан ызы-чуу мына ушундан».

    1:46 Сулайман падышачылык такка отургандан кийин,

    1:47 падышанын кулдары мырзабыз Дөөт падышаны куттуктаганы келип: «Кудайың Сулаймандын атын сеникинен да жогору кылсын, анын тактысын сеникинен да жогору койсун!» – дешти. Падыша төшөгүндө отуруп таазим кылды.

    1:48 Анан падыша: «Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк! Бүгүн Ал менин тагыма өз уулумду отургузду, муну менин көзүм көрдү!» – деди.

    1:49 Ошондо Адониянын чакырган конокторунун баары корккондорунан тура калып, ар кимиси өз жолуна түштү.

    1:50 Адония болсо Сулаймандан коркуп, ордунан турду да, барып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармады.

    1:51 Сулайманга мындай деп билдиришти: «Адония Сулайман падышадан коркуп, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармап алып: “Сулайман падыша кулун кылычтап өлтүрбөйм деп, мага азыр ант берсин”, – деп жатат».

    1:52 Ошондо Сулайман: «үгерде ал ак ниет адам болсо, анда бир тал чачы да жерге түшпөйт. эгерде арам ою болсо, анда өлөт», – деди.

    1:53 Анан Сулайман падыша киши жиберип, аны курмандык чалынуучу жайдан алдырды. Ал келип, Сулайман падышага таазим кылды. Сулайман ага: «Yйүңө бар!» – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск