Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Петра 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Жубайларга айтылган сөз

    3:1 Ошондой эле, силер, аялдар күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе,

    3:2 ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, cилердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун.

    3:3 Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес,

    3:4 Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун.

    3:5 Качандыр бир убакта Кудайдан эмүттөнгөн ыйык аялдар да өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан.

    3:6 Ошолордун бири Саара Ыбрайымды кожоюнум деп, ага баш ийген. эгерде силер жакшы иш кылып жатсаңар жана үч бир коркунучтан коркпосоңор, Сааранын кыздарысыңар.

    3:7 Ошондой эле, силер, күйөөлөр, аялзатынын алсызыраак экенин эске алып, аялыңарга туура мамиле кылгыла. Сыйынууңарга тоскоолдук болбошу үчүн, аларга урмат көрсөткүлө, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору.

    Жыйынга айтылган акыл-насаат

    3:8 Ошентип, баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула.

    3:9 Жамандыкка жамандык менен, жаман сөзгө жаман сөз менен жооп кайтарбагыла. Тескерисинче, батаңарды бергиле. Анткени ушуга – Кудайдын батасын мурастоого чакырылгансыңар.

    3:10 Себеби ким жашоону сүйсө жана жакшы жашагысы келсе, ал өзүнүн тилин жаман сөздөрдү айтуудан, оозун жалган кептерди сүйлөөдөн сактасын.

    3:11 Жамандыктан четтеп, жакшы иштерди жасасын. Тынчтыкты издеп, ошого умтулсун.

    3:12 Анткени Теңир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына кулак төшөйт, ал эми жамандык жасагандардан Теңир өз жүзүн бурат.

    3:13 үгерде жакшы иштерди кылууга тырышып жатсаңар, анда силерге ким жамандык кыла алат?

    3:14 үгерде чындык үчүн азап тартып жатсаңар, анда силер бактылуусуңар. Алардын коркутканынан коркпогула, кысынбагыла.

    3:15 Машайакты жүрөгүңөрдө Теңир катары ыйык туткула. Силердин эмүтүңөр жөнүндө айтып берүэңөрдү сураган ар бир адамга момундук жана коркунуч менен жооп берүүгө дайым даяр болгула.

    3:16 Абийириңерди таза сактагыла, Машайак жолундагы таза жашооңор үчүн силерди жамандык кылуучулар катары жамандагандар уялгандай болушсун.

    3:17 Анткени Кудайдын эрки болсо, жамандык кылып азап тарткандан көрө, жакшылык кылып азап тарткан жакшы.

    Машайактын бийлиги

    3:18 Себеби Машайак да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты. Анын денеси өлтүрүлдү, бирок руху тирилтилди.

    3:19 Ал ошол руху менен зындандагы рухтарга барып жар салды.

    3:20 Алар качандыр бир убакта, Нухтун убагында, кеме курулуп бүткүчөктү Кудай чыдап күтсө да, баш ийбей койгондор эле. Ошол кемеде аз эле адам, тактап айтканда, сегиз гана жан суу аркылуу аман калган.

    3:21 Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү.

    3:22 Асманга көтөрүлүп кеткен Машайак Теңирдин оң жагында отурат. Ага периштелер да, күчтөр да, бийликтер да багындырылган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск