Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Петра 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Кудайга жаккандай жашоо

    4:1 Машайак биз үчүн денеси менен азап тарткандыктан, силер да ошол ой менен куралдангыла. Анткени денеси менен азап тарткан адам күнөө кылганын коёт.

    4:2 үми мындан аркы жашооңорду адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен жашагыла.

    4:3 Анткени буга чейин бутпарастык жашоо менен, бузуктук кылып, кумарларга, (бачабаздыкка, мал менен жанашуучулукка, арам ойлуулукка), аракечтикке, тамаксоолукка жана жийиркеничтүү бутка табынуучулукка берилүү менен жашап келгениңер жетишет.

    4:4 Бутпарастар менен кошо бузуктук кылбай калганыңарга таң калып, алар силерди жамандап жатышат.

    4:5 Алар өлгөндөрдү жана тирүүлөрдү соттоого даяр турган Сот алдында жооп беришет.

    4:6 Адам баласы сыяктуу денеси менен соттолуп, Кудай сыяктуу руху менен жашашы үчүн, өлгөндөргө да Жакшы Кабар таратылган болчу.

    4:7 Бирок бардык нерсенин аягы жакын. Ошондуктан акылдуу болгула жана сыйынуу үчүн сергек болгула.

    4:8 Баарынан мурда бири-бириңерди ынталуулук менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт.

    4:9 Бири-бириңерге күңкүлдөөсүз меймандостук көрсөткүлө.

    4:10 Ар бириңер Кудайдан алган жөндөмдүүлүгүңөр менен бири-бириңерге кызмат кылгыла. Кудайдын ырайымы менен берилген көп түрдүү жөндөмдүүлүктөрдү жакшы эй башкаруучулар катары колдонгула.

    4:11 Ким сүйлөсө, Кудайдын сөзүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн. Ким кызмат кылса, Кудай берген күчүнө жараша кызмат кылсын. Ошентип, Кудай бардык нерседе Ыйса Машайак аркылуу даңкталсын. Даңк жана бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.

    Машайак үчүн азап чегүү

    4:12 Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөбөгүлө.

    4:13 Тескерисинче, Машайак тарткан азапка ортоктош болуп жаткандыгыңар үчүн кубангыла, анткени Анын даңкы көрүнгөндө, кубанычка жана шаттыкка бөлөнөсүңөр.

    4:14 үгерде Машайактын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңк Руху – Кудайдын Руху силерде. Алар аркылуу Ага акарат келтирилет, ал эми силер аркылуу Ал даңкталат.

    4:15 Бирок силердин араңардан үч ким киши өлтүрүп, же уурулук кылып, же жаман иштерди кылып, же бирөөнүн ишине кийлигишип азап тартпасын.

    4:16 үгерде машайакчы болгону үчүн азап тартып жатса, анда уялбасын. Тескерисинче, ушул наамы үчүн Кудайды даңктасын.

    4:17 Анткени сот Кудайдын Жыйынынан баштала турган убакыт келди. эгерде сот биринчи бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин акыры эмне болот?

    4:18 үгерде адил адам араң куткарылып жатса, анда кудайсыз, күнөөкөр адам кайсы жерде болот?

    4:19 Ошондуктан Кудайдын эрки боюнча азап тартып жаткандар жакшы иш кылуу менен, өздөрүнүн жанын ишенимдүү Жаратуучуга тапшырышсын.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск