Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Петра 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Жыйын башчыларына жана Жыйынга акыл-насаат

    5:1 Жыйын башчыларынын бири, Машайактын азап тартканына күбө болгон, айкын көрүнө турган даңкка ортоктош боло турган мен силердин Жыйын башчыларыңардан өтүнөмүн:

    5:2 Кудайдын силерге тапшырган үйүрүн кайтаргыла. Аны аргасыздан эмес, чын көңүлдөн, Кудайга жаккандай, өзүңөрдүн керт башыңардын кызыкчылыгы үчүн эмес, ынталуулук менен,

    5:3 энчиңердин үстүнөн үстөмдүк кылуу менен эмес, үйүргө элгү болуу менен кайтаргыла.

    5:4 Жыйын башчыларынын Башчысы келгенде, силер даңктын соолубас таажысын аласыңар.

    5:5 Ошондой эле, жаштар, Жыйын башчыларына баш ийгиле. Бардыгыңар бири-бириңерге баш ийип, момун болгула. Анткени Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат.

    5:6 Демек, Кудай силерди өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула.

    5:7 Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.

    5:8 үстүү жана сергек болгула. Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт.

    5:9 Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула, дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандарыңар да силер сыяктуу эле азап тартып жатышканын билгиле.

    үлчинин бата берүүсү жана саламы

    5:10 Бизди Машайак Ыйса аркылуу өзүнүн түбөлүк даңкына чакырып алган жана ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап тартканыңардан кийин, силерди өзү жеткилең, бекем, кайраттуу жана туруктуу кылат.

    5:11 Бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.

    5:12 Силерге жазган ушул кыска катымды мен ишенимдүү бир тууган деп эсептеген Сыласка жаздырдым. Бул катты силерге кайрат берүү үчүн, Кудайдын ырайымынын чындык экендигин күбөлөндүрүү үчүн жаздым. Силер ошол ырайым менен жашап жатасыңар.

    5:13 Бабылдагы силер сыяктуу эле тандалган Жыйын жана уулум Марк силерге салам айтып жатышат.

    5:14 Бири-бириңер менен өбүшүп саламдашкыла. Машайак Ыйсага ишенгендердин бардыгына тынчтык болсун. Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск