Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Петра 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын адилеттиги аркылуу баалуу ишенимди биз сыяктуу эле кабыл алгандарга Ыйса Машайактын кулу жана элчиси Шымон Петирден салам!

    1:2 Кудайды жана Теңирибиз Ыйсаны таанып билүү аркылуу Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    Такыбаа жашоого чакыруу

    1:3 Бизди чакырып алган даңктуу, жеткилең Кудайдын кудайлык күчү бизге жашоо, такыбаа жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Буга биз Аны таанып билүү аркылуу эү болдук.

    1:4 Силер бул дүйнөдө үстөмдүк кылган жаман кумарлардан алыстап, Кудайдыкындай табиятка эү болушуңар үчүн, Анын даңкы жана жеткилеңдиги аркылуу бизге кымбат баалуу жана улуу убадалар берилген.

    1:5 Ошондуктан силер да бүт аракетиңерди жумшап, ишенимиңерде жакшылык кылуучулукту, жакшылык кылууда үстүүлүктү,

    1:6 үстүүлүктө өзүн өзү токтото билүүнү, өзүн өзү токтото билүүдө чыдамкайлыкты, чыдамкайлыкта такыбаалыкты,

    1:7 такыбаалыкта бир туугандык сүйүүнү, бир туугандык сүйүүдө (бардык адамдарга болгон) сүйүүнү көрсөткүлө.

    1:8 үгерде бул сапаттар силерде бар болсо жана өсүп жатса, анда силер биздин Теңирибиз Ыйса Машайакты таанып билүү жолунда ийгиликсиз жана жемишсиз калбайсыңар.

    1:9 Ал эми бул сапаттар кимде жок болсо, ал сокур, көзүн жуумп алган, өзүнүн мурунку күнөөлөрүнөн тазаланганын унутуп койгон.

    1:10 Мына ошондуктан, бир туугандар, чакырылганыңарды жана тандалгандыгыңарды уламдан-улам бекемдөөгө аракеттенгиле. Анткени ушундай кылсаңар, үч качан мүдүрүлбөйсүңөр.

    1:11 Ошентип, силерге биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын түбөлүк падышачылыгынын эшиги кенен ачылат.

    1:12 Силер муну билсеңер да, чыныгы чындык менен бекемделсеңер да, бул жөнүндө силердин эсиңерге салып турууну үч качан токтотпойм.

    1:13 Көзүм тирүү турганда, эсиңерге салуу менен силерди ойготуп турууну туура таптым.

    1:14 Анткени жакында көз жумарымды билем, Теңирибиз Ыйса Машайак муну мага өзү билдирген.

    1:15 Силер муну менин көзүм өтүп кеткенден кийин да, эсиңерден чыгарбашыңар үчүн аракет кыламын.

    Машайактын даңкы жана пайгамбарчылык

    1:16 Анткени Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз.

    1:17 Себеби Машайак даңктуу улуу Кудайдын «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үнүн укканда, Кудай Ата Аны урмат-сыйга жана даңкка бөлөгөн.

    1:18 Асмандан келген ошол эндү биз да укканбыз, анткени ыйык тоодо Аны менен бирге болгонбуз.

    1:19 Андан сырткары, бизде эң туура айтылган пайгамбарчылык бар. Таң агарып, таңкы жылдыз жүрөгүңөрдө чыкканга чейин, караңгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыңар.

    1:20 Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты үч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек.

    1:21 Себеби пайгамбарчылык үч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск