Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Петра 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Жалган пайгамбарлар жана жалган окутуучулар

    2:1 үлдин арасында жалган пайгамбарлар болгондой эле, силердин араңарда да жалган окутуучулар болот. Алар өздөрүн куткарган эгедерден баш тартышып, кыйратуучу жалган окутууларды жайылтышып, өздөрүнө эрте өлүм тилеп алышат.

    2:2 Көп адамдар алардын бузуктук жолу менен кетишет, ошолордун айынан чындык жолу жаманатты болот.

    2:3 Алар өздөрүнүн ач көздүгүнөн улам, кошомат сөздөрү менен силерди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат. Алар үчүн небак эле сот чечими даяр, алардын өлүмү кечикпейт.

    2:4 үгерде Кудай күнөө кетирген периштелерди аябастан, аларды сот боло турган убакка чейин өлгөндөр жаткан жайдын караңгы туңгуюгуна түшүрүп, чынжырлап койсо,

    2:5 үгерде Кудай байыркы дүйнөнү аябаса, сегиз адамды – адилдикти жар салган Нухту эй-бүлөсү менен сактап, дүйнөдөгү кудайсыздарды топон суу менен жок кылса,

    2:6 үгерде Кудай келечектеги кудайсыздарга сабак болсун деп, Содом жана Амор шаарларын кыйратууга өкүм чыгарып, күлгө айлантып салса,

    2:7-8 ал эми мыйзамсыздардын арасында жашап, алардын бузулган жашоосун, мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп, күн сайын жаны кыйналган адил Лотту куткарып калса,

    2:9 анда Теңир такыбааларды азгырыктардан кантип куткарууну, ал эми адилетсиздерди,

    2:10 айрыкча ыпылас кумарларына жетеленген, бийликтегилерди тоотпогон, кара өзгөй, эүнбаш, жогоркуларды жамандагандан коркпогон адамдарды, сот боло турган күнгө чейин сактап турууну билет.

    2:11 Алардан күчү жана кубаты жагынан жогору турган периштелер да Теңирдин алдында аларды жамандап, тил тийгизишпейт.

    2:12 өздөрү түшүнбөгөн нерсени жамандашкан алар тузакка түшүп өлүмгө дуушар болушу үчүн жаратылган, тилсиз, аң-сезимсиз жаныбарлар сыяктуу жок болушат.

    2:13 Алар өздөрүнүн мыйзамсыз иштерине жараша жаза алышат, анткени ырахатты күнүмдүк жыргал турмушта деп эсептешет. Уятсыз жана ыйык нерсени булгоочу алар силер менен бирге тойлоп, өздөрүнүн куулуктары менен сайран куруп жатышат.

    2:14 Алардын аял жандуу экени, күнөө кылууга тойбостугу көздөрүнөн эле көрүнүп турат. Алар бекемделе электерди азгырышат. Ач көздүк алардын жүрөгүнөн бекем орун алган. Алар – каргыш уулдары.

    2:15 Түз жолдон чыккан алар арам акчаны жакшы көргөн Босордун уулу Биламдын жолуна түшүп, адашып калышты.

    2:16 Бирок анын мыйзамсыздыгы ашкереленген. Тилсиз эшек адамча сүйлөп, акылсыздык кылып жаткан пайгамбарды токтоткон.

    2:17 Булар – соолгон булактар, шамал айдаган булуттар. Аларга түбөлүк караңгылык даярдалган.

    2:18 Себеби алар ооз көптүрүп сүйлөп, туура эмес жолдон араң кайткандарды дене кумарларынын жана бузуктуктун торуна түшүрүшөт.

    2:19 өздөрү жок болуунун кулдары болуп туруп, аларга эркиндикти убада кылышат. Анткени ким эмнеден жеңилсе, ал – ошонун кулу.

    2:20 Себеби алар Теңир жана Куткаруучу Ыйса Машайакты таанып билүү аркылуу бул дүйнөнүн ыпыластыктарынан качып кутулгандан кийин, кайрадан аларга тутулуп, жеңилип калышса, анда алардын кийинки абалы мурунку абалынан да жаман болот.

    2:21 Чындык жолун таанып билип туруп, өздөрүнө берилген ыйык осуяттан баш тарткандан көрө, алар үчүн бул чындык жолун таанып билбей эле койгон жакшы болмок.

    2:22 «Ит өзүнүн кусундусун кайра жей берет. Чочкону канча тазалаба, ал кайра эле балчыкка оонайт» деген макал аларга туура келет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск