Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Петра 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Машайактын экинчи ирет келери жөнүндө

    3:1 Сүйүктүү бир туугандар, силерге мен экинчи катымды жазып жатамын. эки катымдагы эскертүүлөрүм менен силерди туура ой жүгүртүүгө чакырууга аракет кылдым.

    3:2 Ыйык пайгамбарлар аркылуу буга чейин айтылып келген сөздөрдү, Теңирдин жана Куткаруучунун элчилер аркылуу берген осуяттарын унутпооңорду каалайм.

    3:3 Баарынан мурда акыркы күндөрү өздөрүнүн дене кумарлары боюнча иш кылган шылдыңчылдар келерин билип койгула.

    3:4 Алар: «Анын келем деген убадасы кана? Ата-бабаларыбыздын деле көзү өтүп кетти, башында кандай болсо, азыр деле баары ошол бойдон», – деп айтышат.

    3:5 Анткени ошондой ойлогондор асман менен жердин башында эле Кудай сөзү аркылуу суудан жана суу аркылуу жаратылганын билгилери келишпейт.

    3:6 Бирок байыркы дүйнө топон суу аркылуу жок болгон.

    3:7 Ал эми ошол эле Кудай Сөзү аркылуу сакталып турган азыркы асман менен жер от үчүн сакталып турат. Сот боло турган күнгө, кудайсыздар жок боло турган күнгө чейин сакталат.

    3:8 Бирок, сүйүктүү бир туугандар, Теңир алдында бир күн миң жылдай, миң жыл бир күндөй экени силерге белгилүү болсун.

    3:9 «Кечигип жатат», – деп, күү бирөөлөр ойлошсо да, Теңир өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал үч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт.

    3:10 Теңирдин күнү болсо ууру сыяктуу келет. Ошол күнү асман чарт-чурт этип жок болот, табият элементтеринин баары кыйрап жок болот, жер жана жер үстүндөгүлөрдүн баары өрттөнүп кетет.

    3:11 үгерде баары ушинтип жок боло турган болсо, анда Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек.

    3:12 Ошол күнү асман өрттөнүп жок болот, табият элементтеринин баары жалындаган отто эрийт.

    3:13 Бирок биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз.

    Акыркы акыл-насаат

    3:14 Сүйүктүү бир туугандар, ошону күтүп жаткандыктан, Анын алдына таза жана кемчиликсиз болуп, тынчтык менен келүүгө аракеттенгиле.

    3:15 Биздин сүйүктүү бир тууганыбыз Пабыл да өзүнө берилген акылмандуулук менен силерге жазып жибергендей, биздин Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылууңар катары эсептегиле.

    3:16 Пабыл бул жөнүндө бардык каттарында айтат. Ошол каттарындагы күү бир нерселерди түшүнүү кыйын, аларды түркөй, бекемделе элек адамдар башка жазууларды бурмалагандай эле, өздөрүн өздөрү жок кылуу үчүн бурмалашат.

    3:17 Демек, сүйүктүү бир туугандар, ушуну алдын ала билгендиктен, мыйзамсыздардын азгырыгына жетеленүүдөн, өзүңөр бекемделген негизден четтеп кетүүдөн сак болгула.

    3:18 Кудайдын ырайымы астында өскүлө, биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакты таанып билүэңөр өсө берсин. Даңк азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск