Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Петра 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Рухий жактан өсүү

    2:1 Ошондуктан ачууланууну, алдамчылыкты, эки жүздүүлүктү, көрө албастыкты жана ушакчылыкты таштап,

    2:2 жаңы төрөлгөн балдар катары рухий таза сүттү сүйгүлө. Ал аркылуу өсүп, куткарылууга жеткиле.

    2:3 Анткени силер Теңирдин жакшы экенин татып калдыңар.

    Кудайдын тандалган эли

    2:4 Адамдар жаратпай койгон, бирок Кудай тандап алган кымбат баалуу тирүү ташка – Машайакка жакындагыла.

    2:5 өзүңөр да тирүү таштар катары өзүңөрдөн рухий эй тургузгула. Ыйса Машайак аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандыктарды алып келүү үчүн, ыйык кызмат кылуучу болгула.

    2:6 Анткени Ыйык Жазууда: «Мына, Мен Сионго тандалган, кымбат баалуу, негизги таш коём. Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп жазылган.

    2:7 Демек, ишенгендер, силер үчүн Ал – кенч. Ал эми ишенбегендер үчүн Ал – куруучулар жаратпай койгон, бирок бурчтун башкы ташы болуп коюлган, ошондой эле мүдүрүлтүүчү, азгыруучу таш.

    2:8 Алар Кудай Сөзүнө баш ийишпегендиктен, ошол ташка мүдүрүлүшөт, анткени аларга ошол нерсе белгиленген.

    2:9 Ал эми силер тандалган уруусуңар, Падышанын ыйык кызмат кылуучуларысыңар, ыйык элсиңер, Кудай энчилеп алган элсиңер. Силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш үчүн тандалгансыңар.

    2:10 Бир кезде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер. Бир кезде силерге ырайым кылынган эмес, азыр силерге ырайым кылынды.

    Бул дүйнөдө кандай жашаш керек

    2:11 Сүйүктүү бир туугандар, силер бул дүйнөдө жолоочу жана келгинсиңер, ошондуктан силерден өтүнөрүм, жаныңарга каршы күрөшкөн дене кумарларынан качкыла.

    2:12 Бутпарастардын арасында таза жашагыла. Алар силерди жаман иштерди кылуучулар деп жамандашса да, жакшы иштериңерди көрүп, Кудай өздөрүнө келген күнү Аны даңкташсын.

    2:13 Ошентип, жогорку бийликте турган падышага болобу, күнөөкөрлөрдү жазалоо үчүн, жакшы иш кылгандарды сыйлоо үчүн, падыша тарабынан коюлган башкаруучуларга болобу,

    2:14 мамлекеттик бардык бийликке Теңир үчүн баш ийгиле.

    2:15 Анткени Кудайдын каалоосу мындай: силер эркин адамдар катары, бирок эркиндик менен жаман иштерди жаап-жашыруучулар катары эмес,

    2:16 Кудайдын кулдары катары жакшы иштерди жасап, акылсыз жана адепсиз адамдардын оозун жабышыңар керек.

    2:17 Бардык адамдарды урматтагыла, бир туугандарыңарды сүйгүлө, Кудайдан корккула, падышаны урматтагыла.

    Кулдарга айтылган акыл-насаат

    2:18 Кулдар, өзүңөрдүн кожоюндарыңардын жакшы жана момундарына гана эмес, катаалдарына да урмат көрсөтүү менен баш ийгиле.

    2:19 Анткени ким адилетсиз эле жерден азап тартып жатса, бирок ошол азапты Теңир үчүн көтөрө билсе, бул Кудайга жагат.

    2:20 үгерде силер кылмыш кылып, ошон үчүн сабаганга чыдап жатсаңар, мунун эмнеси мактарлык? Бирок силер жакшы иш кылып жатып азап чегип жатсаңар жана ошого чыдап жатсаңар, анда бул Кудайга жагат.

    2:21 Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге элгү калтырып кеткен:

    2:22 Ал үч кандай күнөө кылган эмес, Анын оозунан бир да кошомат сөз чыккан эмес.

    2:23 Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, үч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган.

    2:24 Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыңар.

    2:25 Анткени силер адашып жүргөн койлордой болчусуңар, азыр болсо жаныңарды Кайтаруучуга жана Коргоочуга кайтып келдиңер.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск