Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Фессалоникийцам 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Теңирдин келиши жөнүндө

    5:1 Бир туугандар, убакыты жана мөөнөтү жөнүндө жазып кереги жок.

    5:2 Теңирдин күнү түн жамынган уурудай болуп келерин силер жакшы билесиңер.

    5:3 «Тынчтык жана коопсуздук», – деп айтышканда, кош бойлуу аялдын толгоосу кармаган сыяктуу, алар күтүлбөгөн жерден өлүмгө дуушар болушат жана андан качып кутула алышпайт.

    5:4 Бирок, бир туугандар, ал Күн силерге ууруга окшоп күтүлбөгөн жерден келгидей, силер караңгыда эмессиңер.

    5:5 Анткени силер, баарыңар, жарыктын уулдарысыңар, күндүн уулдарысыңар. Биз караңгынын да, түндүн да уулдары эмеспиз.

    5:6 Ошондуктан башкаларга окшоп уктабайлы. Тескерисинче, сергек жана үстүү бололу.

    5:7 Себеби уктагандар түнкүсүн укташат, ичкендер түнкүсүн ичишет.

    5:8 Биз болсо күндүн уулдарыбыз, ошондуктан үстүү бололу. Ишеним менен сүйүүнү соот кылып, куткарылуу эмүтүн туулга кылып киели.

    5:9 Анткени Кудай бизди каарга эмес, биз үчүн өлгөн Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу куткарылууга белгилеген.

    5:10 Сергек болсок да, уктасак да, Аны менен жашашыбыз үчүн, Ал ушундай кылган.

    5:11 Ошондуктан бири-бириңерге кайрат берип, акыл-насаат айтып жатканыңардай эле, мындан ары да ошондой кыла бергиле.

    Акыркы акыл-насаат

    5:12 Бир туугандар, силерден суранарыбыз, араңарда эмгектенип жаткандарды, Теңир жолундагы жетекчилериңерди жана насаатчыларыңарды сыйлагыла.

    5:13 Аларды кылган эмгеги үчүн өзгөчө сыйлагыла, сүйгүлө. өз ара тынчтыкта болгула.

    5:14 Силерден өтүнөрүбүз, бир туугандар, эүнбаштык кылгандарды эскерткиле, коркокторго кайрат бергиле, алсыздарды колдогула, баарына чыдамдуулук көрсөткүлө.

    5:15 Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, ар дайым бири-бириңерге жана бардыгына жакшылык кылгыла.

    5:16 Дайыма кубангыла.

    5:17 Єзгүлтүксүз сыйынгыла.

    5:18 Бардыгы үчүн ыраазычылык билдиргиле, анткени Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге ачылган эрки ушундай.

    5:19 Рухту өчүрбөгүлө.

    5:20 Пайгамбарчылыктарга маани бербей койбогула.

    5:21 Бардыгын сынагыла, жакшысын кабыл алгыла.

    5:22 Ар кандай жамандыктан алыс болгула.

    5:23 Тынчтыктын булагы болгон Кудай өзү силерди толугу менен ыйык кылсын. Рухуңар, жаныңар жана денеңер Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин үч кемчиликсиз, толук сакталсын.

    5:24 Силерди чакырып алган Кудай ишенимдүү, Ал ишке ашырат.

    5:25 Бир туугандар, биз үчүн сыйынгыла.

    5:26 Бардык бир туугандарды өөп, салам айтып койгула.

    5:27 Бул катты бардык ыйык бир туугандарга окуп беришиңерди Теңирдин атынан суранам.

    5:28 Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск