Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Иконияда

    14:1 Пабыл менен Барнаба Иконияга келгенде, жүйүттөрдүн синагогасына кирип, сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн жүйүттөр менен эллиндер Ыйсага ишенип калышты.

    14:2 Ал эми ишенбеген жүйүттөр бутпарастарды бир туугандарга каршы тукуруп, кыжырдантышты.

    14:3 Ошондой болсо да ал экөө ал жерде бир топ убакыт болуп, Теңир жөнүндө кайраттуулук менен айтып жүрүштү. Теңир болсо өзүнүн ырайымы жөнүндөгү сөзүн күбөлөндүрүү үчүн, алардын колдору аркылуу ажайыптар менен кереметтерди көрсөтүп жатты.

    14:4 Бирок шаардын эли экиге бөлүндү: элдин бир бөлүгү жүйүттөр тарапта, экинчи бөлүгү элчилер тарапта болду.

    14:5 үки элчини шылдыңдап, таш бараңга алыш үчүн, бутпарастар менен жүйүттөр өздөрүнүн башчылары менен бирдикте аларды көздөй бет алышты,

    14:6 Алар бул жөнүндө билип калып, Лукония дубанынын Листра жана Дербе шаарларына, алардын чет жакаларына кетип калышты да,

    14:7 ошол жерлерде Жакшы Кабар таратып жүрүштү.

    Листра менен Дербеде

    14:8 Листрада буттары кыймылдабаган бир адам отурчу. Ал тубаса майып болчу, өмүрүндө үч качан баскан эмес.

    14:9 Ал Пабылдын сөзүн угуп отурган. Пабыл аны карап, айыгарына ишенерин көрдү да,

    14:10 үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Теңир Ыйса Машайактын атынан сага айтамын, ордуңдан тур». Ал ошол замат ордунан ыргып туруп, баса баштады.

    14:11 Пабылдын эмне кылганын көргөн адамдар лукониялыктардын тилинде: «Кудайлар бизге асмандан адам бейнесинде түшүп келишти», – деп кыйкырып жатышты.

    14:12 Анан Барнабаны Зевс деп, ал эми Пабылды эрмес деп аташты, анткени, негизинен, Пабыл сөз сүйлөп жаткан эле.

    14:13 Алардын шаарынын алдында турган Зевс бурканынын кызматчысы дарбазанын алдына өгүздөрдү жана гүлчамбарларды алып келди да, эл менен бирдикте курмандык чалмакчы болду.

    14:14 Бирок элчилер Барнаба менен Пабыл муну укканда, өз кийимдерин айрып, элдин ортосуна жулунуп кирип, катуу эн менен мындай дешти:

    14:15 «үркектер! эмне кылып жатасыңар? Биз силерге окшогон эле адамдарбыз. Ушул жасалма кудайлардан бурулуп, асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн, биз силерге Жакшы Кабар айтып жатабыз.

    14:16 Ал өткөн кылымдарда бардык элдердин өз жолдору менен жүрүүсүнө жол берген.

    14:17 Ошого карабастан, Ал жакшы иштери аркылуу өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген».

    14:18 Алар ушул сөздөрдү айтып, элди курмандык чалдырбай, үйлөрүнө тарап кетүүгө араң көндүрүштү. өздөрү ошол жерде калып, элди окутуп жатышканда,

    14:19 Антийохея менен Икониядан жүйүттөр келишти. элчилер кайраттуулук менен Жакшы Кабар айтып жатышканда, алар: «Булардын үч бир сөзү чындык эмес, булар жалган айтып жатышат», – деп, элди алардын жанынан кетүүгө көндүрүштү. Анан алар элди тукуруп, Пабылды таш бараңга алышты да, өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.

    14:20 Шакирттер Пабылдын тегерегине чогулуп калышканда, ал ордунан туруп, шаарга кирди. эртеси күнү Барнаба менен бирге Дербеге жөнөп кетти.

    үки элчинин Антийохеяга кайтып келиши

    14:21 Алар бул шаарда Жакшы Кабар таратып, бир нече адамды Ыйсанын шакирти кылышкандан кийин, кайрадан Листраны, Иконияны жана Антийохеяны аралап,

    14:22 шакирттерди бекемдеп, ишенимден баш тартпоону насааттап: «Кудайдын Падышачылыгына көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек», – деп окутуп жүрүштү.

    14:23 Анан алар ар бир Жыйынга башчыларды дайындашты да, орозо кармап сыйынып, аларды өздөрү ишенген Теңирге тапшырышты.

    14:24 Андан кийин Писидияны аралап өтүп, Памфилияга келишти.

    14:25 Пергеде Теңирдин сөзүн жарыя кылышкандан кийин, Аталея шаарына келишти.

    14:26 Ал жерден Антийохеяга сүзүп кетишти. Антийохеяда алар өздөрүнө берилген тапшырма боюнча Кудайдын ырайымына тапшырылышкан эле. Ошол тапшырманы аткарышкандан кийин,

    14:27 алар Антийохеяга келишти да, Жыйынды чогултуп, Кудайдын өздөрү аркылуу кылган иштеринин бардыгын, Анын бутпарастар үчүн ишеним эшигин ачкандыгын айтып беришти.

    14:28 Алар Антийохеяда шакирттер менен бир топ убакыт бирге болушту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск