Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Пабыл менен Барнабанын кызматка чакырылуусу

    13:1 Антийохеядагы Жыйында пайгамбарлар жана окутуучулар бар эле. Алар: Барнаба, Нигер деген да ысымы бар Шымыйон, киренеялык Лукий, дубан башчы Ирод менен бирге тарбияланган Манаен жана Шабыл.

    13:2 Алар Теңирге кызмат кылып, орозо кармап жатышканда, Ыйык Рух мындай деди: «Араңардан Мага Барнаба менен Шабылды бөлүп бергиле, алар Мен белгилеген ишти аткаруулары керек».

    13:3 Ошондо алар орозо кармап сыйынып, алардын үстүнө колдорун коюшту да, аларды жөнөтүп жиберишти.

    Кипр аралында

    13:4 Ыйык Рух тарабынан жиберилген эки элчи Селекияга барып, ал жерден Кипрге сүзүп кетишти.

    13:5 Анан алар Саламиге барып, жүйүттөрдүн синагогаларында Кудайдын сөзүн айта башташты. Алардын жанында Жакан да жардам берип жүрдү.

    13:6 Алар аралды кыдырып чыгып, Паф шаарына келишкенде, жүйүттүк бир сыйкырчыга – Барыйса деген жалган пайгамбарга жолугушту.

    13:7 Ал Кипр аралынын башчысы Сергий Пабыл деген акылдуу киши менен жүргөн эле. Ошол арал башчы Кудайдын сөзүн угууну каалап, Барнаба менен Шабылды чакыртты.

    13:8 Бирок элима («сыйкырчы» деп которулат) арал башчысынын Ыйсага ишенип калуусуна жол бербөөгө аракеттенип, эки элчиге каршы чыкты.

    13:9 Бирок Ыйык Рухка толгон Шабыл (Пабыл) аны тике карап, мындай деди:

    13:10 «Ар кандай арам ойлорго толгон алдамчы, шайтандын уулу, адилеттиктин душманы! Теңирдин түз жолдорун бурмалаганды качан коёсуң?

    13:11 Азыр Теңир сени өз колу менен жазалайт: белгилүү бир убакытка чейин сокур болуп, күндү көрбөйсүң». Күтүлбөгөн жерден анын көзү тунарып, сокур болуп калды. Ал ары-бери тегеренип, колунан жетелер адам издей баштады.

    13:12 Бул окуяны көргөн арал башчысы Теңир жөнүндөгү окутууга таң калып, ишенип калды.

    Писидия дубанынын Антийохея шаарында

    13:13 Пабыл жана анын жанындагылар Паф шаарынан кеме менен чыгып, Памфилия дубанынын Перге шаарына келишти. Жакан болсо алардан бөлүнүп, Иерусалимге кайтты.

    13:14 Анан алар Пергени аралап өтүп, Писидия дубанынын Антийохея шаарына келишти. Ишемби күнү синагогага кирип отурушту.

    13:15 «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринен окулгандан кийин, синагога башчылары аларга киши жиберип: «Агайын-туугандар! эгерде элге айта турган насаат сөзүңөр болсо, айткыла», – деп айттырышты.

    13:16 Ошондо Пабыл ордунан туруп, колу менен белги берип, мындай деди: «Ысрайыл эркектери жана Кудайдан корккондор! Сөзүмө кулак салгыла.

    13:17 Ысрайыл элибиздин Кудайы ата-бабаларыбызды тандап алып, элибизди Мисирде жашап турганында улуу эл кылып, өзүнүн күчтүү колу менен ал жерден алып чыкты.

    13:18 Чөлдө аларды кырк жылга жакын убакыт бакты.

    13:19 Анан Канаан жериндеги жети элди кырып жок кылып, алардын жерин биздин элибизге мурас кылып бөлүп берди.

    13:20 Андан кийин төрт жүз элүү жылга жакын убакыт алардын үстүнөн башкаруучуларды коюп турду. Шемуел пайгамбардын убагына чейин ушундай болду.

    13:21 Андан кийин алар падыша сурашты. Ошондо Кудай аларга Бенжемин уруусундагы Киштин уулу Шабылды падыша койду. Ал кырк жыл падышачылык кылды.

    13:22 Кудай аны четке кагып, аларга Дөөттү падыша кылып койду. Ал жөнүндө Кудай өзү мындай деп айткан: “Мен өзүмдүн жүрөгүмө жаккан адамды таптым, ал – Жышай уулу Дөөт. Ал Менин бүт каалоомду аткарат”.

    13:23 Мына ошол адамдын тукумунан Кудай өзүнүн убадасы боюнча Ысрайыл элине Куткаруучу Ыйсаны жиберди.

    13:24 Анын келерине жакын чөмүлдүрүүчү Жакан бүт Ысрайыл элине тобо кылуу чөмүлдүрүүсү жөнүндө жар салды.

    13:25 Жакан өмүрүнүн акырында мындай деди: “Мени ким деп эсептейсиңер? Мен Ал эмесмин. Ал менин артымдан келе жатат. Мен Анын бут кийимин чечүүгө да татыксызмын”.

    13:26 Агайын-туугандар, Ыбрайымдын урпактары жана Кудайдан корккондор! Ошол куткарылуу жөнүндөгү Жакшы Кабар силерге жиберилген.

    13:27 Анткени Иерусалим тургундары жана алардын башчылары Аны тааныбай, айыпташты. Ошентип, алар ар бир ишемби күнү окулган пайгамбарчылыктарды ишке ашырышты.

    13:28 Андан өлүм жазасына тарткыдай айып таба алышпаса да, Пилаттан Аны өлтүрүүнү өтүнүштү.

    13:29 Ал жөнүндө жазылган сөздөрдүн бардыгын иш жүзүнө ашырышкандан кийин, Анын сөөгүн жыгачтан түшүрүп, көргө коюшту.

    13:30 Бирок Кудай Аны тирилтти.

    13:31 Ал өзү менен бирге Галилеядан Иерусалимге келгендерге бир нече күн көрүнүп жүрдү. Алар – азыр да эл алдында Анын күбөлөрү.

    13:32 Кудай ата-бабаларыбызга берген өзүнүн убадасын алардын балдары – биз үчүн аткарганын, аны Ыйсаны тирилтүү менен аткарганын силерге жарыялап жатабыз.

    13:33 Бул жөнүндө экинчи Забурда мындай деп жазылган: “Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум”.

    13:34 Сөөгү чирибеши үчүн, Ыйсаны тирилткени жөнүндө болсо мындай деген: “Мен Дөөткө убада кылган ырайымымды силерге чыны менен көрсөтөмүн”.

    13:35 Ошон үчүн Дөөт Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде мындай дейт: “өзүңдүн Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң”.

    13:36 Бирок Дөөт өз учурунда Кудайдын каалоосу боюнча өз элине кызмат кылып бүткөндөн кийин, көз жумуп, ата-бабаларынын жанына коюлду, анын сөөгү чириди.

    13:37 Ал эми Кудай тирилткен Ыйсанын сөөгү чириген жок.

    13:38 Ошондуктан, бир туугандар, билип алгыла: силерге Ал аркылуу күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат.

    13:39 Мусанын мыйзамы аркылуу актала албаган иштериңердин бардыгынан Ал аркылуу акталасыңар. Ага ишенген ар бир адам Ал аркылуу акталат.

    13:40 Ошондуктан сак болгула, пайгамбарлар айткан мына бул сөздөр башыңарга түшпөсүн:

    13:41 “Жек көрүүчүлөр, карагыла да, таң калып, жок болуп кеткиле. Анткени Мен силердин күндөрүңөрдө бир иш жасайм. Ал иш жөнүндө силерге ким айтып берсе да, ишенбейсиңер”».

    13:42 Барнаба менен Пабыл жүйүттөрдүн синагогасынан чыгып бара жатышканда, бутпарастар алардан ушул сөздөрдү кийинки ишембиде да айтып берүүлөрүн өтүнүштү.

    13:43 үл тарагандан кийин, көптөгөн жүйүттөр жана бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылган, Кудайды ыйык туткан прозелиттер Пабыл менен Барнабаны эүрчип алышты. Бул экөө алар менен сүйлөшүп, аларга Кудайдын ырайымы астында болуу жөнүндө насаат айтышты.

    13:44 Кийинки ишемби күнү дүүрлик бүт шаар Кудайдын сөзүн угуу үчүн чогулду.

    13:45 Бирок жүйүттөр элди көргөндө, көрө албастык кылып, Пабылдын сүйлөгөн сөздөрүнө каршы жаман сөздөрдү айтышты.

    13:46 Ошондо Пабыл менен Барнаба кайраттуулук менен мындай дешти: «Кудайдын сөзү баарынан мурда силерге айтылышы керек эле. Бирок силер аны четке кагып, өзүңөрдү өзүңөр түбөлүк өмүргө татыксыз кылып жатканыңардан улам, биз бутпарастарга кайрылып жатабыз.

    13:47 Анткени Теңир бизге мындай деген: “Сен бүт жер жүзүндөгү адамдарды куткарышың үчүн, Мен Сени бутпарастарга жарык кылып койдум”».

    13:48 Бутпарастар муну укканда, кубанып, Теңирди ушул сөзү үчүн даңкташты. Түбөлүк өмүргө эү болууга тандалгандардын бардыгы Ыйсага ишенип калышты.

    13:49 Теңирдин сөзү бүт өлкөгө тарап жатты.

    13:50 Жүйүттөр болсо динчил жана кадыр-барктуу аялдарды, шаардын атактуу адамдарын тукуруп, Пабыл менен Барнабаны куугунтукка алышты да, аларды өздөрүнүн жеринен кууп чыгышты.

    13:51 үки элчи болсо аларга буттарындагы чаңды күүп, Икония шаарына жөнөп кетишти.

    13:52 Ал эми шакирттер кубанычка батып, Ыйык Рухка толуп жатышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск