Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Иерусалимде болгон жыйналыш

    15:1 Жүйүт аймагынан келген күү бир жүйүттөр бир туугандарды: «үгерде Мусанын мыйзамы боюнча сүннөткө отургузулбасаңар, куткарылбайсыңар», – деп окутушту.

    15:2 Ушундан улам Пабыл, Барнаба менен алардын ортосунда келишпестик пайда болуп, талаш-тартыш чыкты. Ошондо Пабыл менен Барнабаны жана дагы бир нече адамды бул маселе боюнча Иерусалимдеги элчилерге жана Жыйын башчыларына жиберүүнү чечишти.

    15:3 Жыйын тарабынан жөнөтүлгөн алар Финикия менен Самарияны аралап бара жатып, ал жерлердеги бир туугандарга бутпарастардын Кудайга кайрылышкандыгы жөнүндө айтып, бардыгын кубандырышты.

    15:4 Иерусалимге келишкенде, аларды Жыйын, элчилер жана Жыйын башчылары кабыл алышты. Алар Кудайдын өздөрү аркылуу кылган иштеринин бардыгын, Анын бутпарастар үчүн ишеним эшигин кандай ачкандыгын айтып беришти.

    15:5 Ошондо фарисейлер тобунан Ыйсага ишенип калгандардын күү бирөөлөрү чыгып: «Бутпарастар сүннөткө отургузулууга тийиш, алардан Мусанын мыйзамын аткарууну талап кылуу керек», – дешти.

    15:6 Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары ушул маселени кароо үчүн чогулушту.

    15:7 Узакка созулган талкуудан кийин, Петир ордунан туруп, аларга мындай деди: «Бир туугандар! Бутпарастар мен аркылуу Жакшы Кабар угуп, Ыйсага ишенип калуусу үчүн, Кудай эң башында араңардан мени тандап алгандыгын билесиңер.

    15:8 Адамдын жүрөгүндөгүнү билген Кудай бизге Ыйык Рухту бергениндей эле, аларга да берди. Бул аркылуу Кудай аларды кабыл алгандыгын күбөлөндүрдү.

    15:9 Алардын жүрөктөрүн өздөрүнүн ишеними аркылуу тазалап, алар менен биздин ортобуздагы айырмачылыкты жок кылды.

    15:10 үмне үчүн силер шакирттердин мойнуна ата-бабаларыбыз да, биз да көтөрө албаган түйшүктү жүктөп, Кудайды сынап жатасыңар?

    15:11 Бирок биз Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы менен алар сыяктуу эле куткарыларыбызга ишенебиз».

    15:12 Ошондо бүт эл тынчтанып, Барнаба менен Пабылдын сөзүнө кулак салышты. Алар Кудайдын бутпарастар арасында кандай ажайыптар менен кереметтерди жасагандыгын айтып беришти.

    15:13 Алар сүйлөп бүтүшкөндөн кийин, Жакып мындай деп сөз баштады: «Бир туугандар! Мага кулак салгылачы.

    15:14 Шымон бизге Кудайдын эң башында эле бутпарастарга назарын салып, алардан өзүнүн ысымы үчүн эл жаратууну каалаганын айтып берди.

    15:15 Бул жөнүндө пайгамбарлар мындай деп айтышкан:

    15:16 “Андан кийин Мен кайрылып келип, Дөөттүн кулап калган чатырын кайрадан тургузам, анын ичиндеги бузулган жерлерин калыбына келтирем, аны оңдойм.

    15:17 Ошондо Менин ысымым кайсы элдердин арасында жарыя кылынса, ошол элдердин бардыгы Теңирди издешет, – дейт ушунун бардыгын жасап жаткан Теңир”.

    15:18 Байыртадан бери эле Кудайга өзүнүн бардык иштери белгилүү.

    15:19 Ошондуктан мен бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылгандарга ашыкча нерселерди жүктөбөө керек деп ойлойм.

    15:20 Тескерисинче, аларга мындай деп жазып жибериш керек: “Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, өзүңөргө каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла”.

    15:21 Анткени байыртадан бери эле Мусанын мыйзамы бардык шаарларда айтылып, ар бир ишемби күнү синагогаларда окулуп келе жатат».

    үлчилердин чечими

    15:22 Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары Жыйын менен чогуу ойлонуп, өздөрүнүн арасынан адамдарды, атап айтканда, бир туугандардын арасында башчылык кылган, Барзаба деген да ысымы бар Жүйүттү жана Сыласты тандашты да, аларды Пабыл жана Барнаба менен бирге Антийохеяга жиберүүнү чечишти.

    15:23 Төмөнкүдөй кат жазып, алар аркылуу берип жиберишти: «үлчилердин, Жыйын башчыларынын жана бир туугандардын атынан Антийохеядагы, Сириядагы жана Киликиядагы бутпарас бир туугандарыбызга салам айтабыз.

    15:24 Биздин арабыздан барган күү бирөөлөр “Бутпарастар сүннөткө отургузулууга тийиш, алар мыйзамды аткаруулары керек” деген сөздөрү менен силерди тынчсыздандырып, олку-солку кылышканын уктук. Бирок биз аларга андай тапшырма берген эмеспиз.

    15:25-26 Ошондуктан биз чогулуп, кишилерди тандап, аларды Теңирибиз Ыйса Машайак үчүн жандарын арнап койгон сүйүктүү бир туугандарыбыз Барнаба жана Пабыл менен бирге силерге жиберүүгө бир добуштан чечим чыгардык.

    15:27 Ошентип, биз Жүйүт менен Сыласты жибердик, алар муну силерге оозеки да түшүндүрүп беришет.

    15:28 Анткени Ыйык Рух жана биз силердин мойнуңарга төмөнкү эң маанилүү нерселерден башка үч кандай түйшүк жүктөлбөсүн деп чечтик:

    15:29 буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, өзүңөргө каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла. Ушулардан сактансаңар, жакшы кыласыңар. Саламатта болгула».

    15:30 Ошентип, жөнөтүлгөндөр Антийохеяга келишти да, Жыйынды чогултуп, катты тапшырышты.

    15:31 Алар болсо катты окуп чыгып, бул акыл-насаатка кубанышты.

    15:32 Жүйүт менен Сылас пайгамбар да болушкандыктан, бир туугандарга көптөгөн акыл-насааттарды айтып, алардын ишенимин бекемдешти.

    15:33 Ал экөө Антийохеяда дагы бир аз убакыт болушкандан кийин, бир туугандар аларды элчилерге тынчтык менен узатып жиберишти.

    15:34 Бирок Сылас Антийохеяда калууну чечти, Жүйүт болсо Иерусалимге кайтты.

    15:35 Пабыл менен Барнаба да Антийохеяда калып, башка көптөгөн адамдар менен бирдикте Теңирдин сөзүн эйрөтүп жана таратып жүрүштү.

    Пабыл менен Барнабанын бөлүнүшү

    15:36 Бир аз убакыт өткөндөн кийин Пабыл Барнабага: «Теңирдин сөзүн кайсы шаарларда айтсак, ошол шаарлардагы бир туугандарга кайра барып, алардын кандай жашап жатышканын көрүп келели», – деди.

    15:37 Барнаба Марк деген да ысымы бар Жаканды эүрчитип алгысы келди.

    15:38 Бирок Пабыл өздөрүнө тапшырылган ишке чогуу барбай, Памфилияда калып калган Жаканды эүрчиткиси келген жок.

    15:39 Ушундан улам Пабыл менен Барнабанын ортосунда келишпестик пайда болуп, экөө бири-биринен бөлүнүп кетишти. Барнаба Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти.

    15:40 Пабыл болсо Сыласты тандап алды да, бир туугандар тарабынан Кудайдын ырайымына тапшырылып, жолго чыкты.

    15:41 Ал Сирияны жана Киликияны кыдырып, ал жерлердеги Жыйындарды бекемдеп жүрдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск