Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Пабыл Кичи Аcияда. Тиметейдин Пабыл менен Сыласка кошулушу

    16:1 Пабыл Дербеге да, Листрага да барды. Листрада Тиметей деген шакирт бар эле. Анын энеси Ыйсага ишенип калган жүйүт, ал эми атасы эллин болчу.

    16:2 Листрада жана Иконияда жашаган бир туугандар ал жөнүндө жакшы күбөлөндүрүшчү.

    16:3 Пабыл аны өзү менен ала кетүүнү каалады. Ошондуктан аны ал жактагы жүйүттөр үчүн сүннөткө отургузду. Анткени анын атасы эллин экендигин бардыгы билишчү.

    16:4 Алар шаарларды кыдырып, Ыйсага ишенгендерге Иерусалимдеги элчилер жана Жыйын башчылары тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү аткаруу керектигин айтып жүрүштү.

    16:5 Жыйындагылардын ишеними бекемделип, сан жагынан күндөн-күнгө көбөйүп жатты.

    16:6 Ыйык Рух тарабынан Асияда Жакшы Кабар таратууга жол берилбегендиктен, алар Фригияны жана Галатия өлкөсүн аралап өтүп,

    16:7 Мусия дубанына жакын келишти да, ал жерден Битиния дубанына кетүүгө аракет кылышты. Бирок Рух буга жол берген жок.

    16:8 Ошондуктан Мусиянын жанынан өтүп, алар Троас шаарына келишти.

    Теңирдин Пабылды Македонияга чакырышы

    16:9 Түн ичинде Пабыл бир көрүнүш көрдү: көрүнүштө македониялык бир киши андан: «Македонияга келип, бизге жардам бер», – деп өтүндү.

    16:10 Пабыл ушул көрүнүштү көргөндөн кийин, Теңир бизди Македонияда Жакшы Кабар айтууга чакырып жатат деген тыянак чыгардык да, дароо эле ошол жакка барууга аракет кыла баштадык.

    16:11 Ошентип, биз Троастан кемеге түшүп, түз эле Самофрак аралына, эртеси күнү Неапол шаарына келдик.

    Пабыл менен Сылас Филипи шаарында

    16:12 Неаполдон Филипиге келдик. Бул Македониянын биринчи бөлүгү болуп эсептелген, римдиктер жашаган шаар эле. Бул шаарда биз бир нече күн болдук.

    16:13 Ишемби күнү шаардын сыртына чыгып, дарыянын боюна бардык. Адатта, ал жерде жүйүттөр Кудайга сыйынышчу. Ал жерден орун алып отурдук да, чогулган аялдар менен сүйлөшө баштадык.

    Лидиянын Теңирге кайрылышы

    16:14 Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, кочкул кызыл кездеме менен соода кылган Лидия деген аял айтылып жаткан сөздөрдү угуп отурган. Ал Кудайды урматтаган аял эле. Пабылдын айткан сөздөрүн түшүнүшү үчүн, Теңир анын жүрөгүн ачты.

    16:15 Ал өзүнүн эй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлгөндөн кийин: «үгерде силер мени Теңирге чыны менен ишенди деп эсептесеңер, анда менин үйүмө келип, меникинде жашап тургула», – деп өтүндү. Биз анын өтүнүчүнө макул болдук.

    Пабыл менен Сыластын камалышы

    16:16 Бир жолу биз сыйынуу жайына бара жатып, көзү ачыктык кылдыруучу жини бар бир күң кызга жолуктук. Ал кыз көзү ачыктык кылуу менен өзүнүн кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен.

    16:17 Ал Пабылдын жана биздин артыбыздан калбай, мындай деп кыйкырып жүрдү: «Бул адамдар – бардыгынан жогору турган Кудайдын кулдары, булар бизге куткарылуу жолун жарыялап жүрүшөт».

    16:18 Кыз көп күн ушинтип жүрдү. Пабылдын ачуусу келип, артына бурулду да, кыздын ичиндеги жинге: «Ыйса Машайактын атынан буйрук кыламын: кыздын ичинен чык», – деди. Жин ошол замат чыгып кетти.

    16:19 Кыздын кожоюндары өздөрүнө киреше түшпөй каларын билишкенде, Пабыл менен Сыласты кармап алып, аянтка, башкаруучуларга сүйрөп барышты.

    16:20 Аларды аскер башчыларга алып келишип: «Мына бул жүйүттөр шаарыбызды дүрбөлөңгө түшүрүп,

    16:21 бизге, римдиктерге, кабыл алууга да, аткарууга да болбогон каада-салттарды эгүттөп жүрүшөт», – дешти.

    16:22 үл да аларга каршы чыкты. Аскер башчылар болсо кийимдерин сыйрып алып, аларды таяк менен сабоого буйрук беришти.

    16:23 Аларды катуу сабашкандан кийин, түрмөгө түртүп киргизишти да, түрмө сакчысына өтө сактык менен кайтарууну буйрук кылышты.

    16:24 Ушундай буйрук алган түрмө сакчысы аларды ички түрмөгө түртүп киргизип, буттарына жыгач кишен кийгизип койду.

    Филипидеги түрмө сакчысынын Теңирге кайрылышы

    16:25 Түн ортосу болуп калган убакта Пабыл менен Сылас сыйынып, Кудайды даңктап ырдашты. Туткундар болсо аларга кулак төшөштү.

    16:26 Бир маалда катуу жер титирөө болуп, түрмөнүн пайдубалы солкулдап кетти. Ошол замат бардык эшиктер ачылып, бардыгынын кишендери бошоп калды.

    16:27 Түрмө сакчысы ойгонуп кетип, түрмөнүн эшиктеринин ачылып калганын көргөндө, туткундарды качып кетти деп ойлоп, кылычын сууруп чыгып, өзүн өзү өлтүрмөкчү болду.

    16:28 Бирок Пабыл мындай деп кыйкырып жиберди: «өзүңө үч кандай жамандык кылба, анткени бардыгыбыз бул жердебиз».

    16:29 Түрмө сакчысы шам сурап алып, түрмөнүн ичине чуркап кирди да, коркконунан титиреп, Пабыл менен Сыластын алдына келип жыгылды.

    16:30 Анан аларды сыртка чыгарып: «Мырзаларым! Куткарылыш үчүн эмне кылуум керек?» – деп сурады.

    16:31 Алар болсо ага: «Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат», – дешти.

    16:32 Ошентип, алар ага жана анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгына Теңирдин сөзүн айтып беришти.

    16:33 Ошол эле түнү түрмө сакчысы аларды үйүнө алып барып, алардын жараларын жууду. Андан кийин ал дароо эле үйүндөгүлөрүнүн бардыгы менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү.

    16:34 Аларды үйүнө киргизип, алдыларына дасторкон жайды. Ыйсага ишенип калышканы үчүн, ал үйүндөгүлөрү менен бирге аябай кубанды.

    16:35 Таң атканда аскер башчылары шаар кызматчылары аркылуу: «Кечүүки адамдарды бошоткула», – деп айттырып жиберишти.

    16:36 Түрмө сакчысы бул кабарды Пабылга билдирип: «Аскер башчылары силерди бошотуш үчүн, кишилерди жиберишиптир. Ошондуктан чыккыла да, тынчтык менен кеткиле», – деди.

    16:37 Бирок Пабыл аларга: «Бизди, римдик атуулдарды, сураксыз эле бүт элдин алдында сабап, түрмөгө камашты. эми бизди жашыруун бошотушмакчыбы? Мындай болбойт, бизди өздөрү келип чыгарышсын», – деди.

    16:38 Шаар кызматчылары бул сөздөрдү аскер башчыларына айтып барышты. Аскер башчылары эки элчинин римдик атуулдар экендигин угуп коркуп кетишкендиктен,

    16:39 келип, алардан кечирим сурашты да, аларды түрмөдөн чыгарып, шаардан кетүүлөрүн өтүнүштү.

    16:40 Алар болсо түрмөдөн чыккандан кийин, Лидиянын үйүнө келишти. Ал жерден бир туугандарга жолугуп, акыл-насаат айтышты, анан жолго чыгышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск