Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Тесалоника шаарында

    17:1 Алар Амфипол жана Аполония шаарларын аралап өтүп, Тесалоника шаарына келишти. Ал жерде жүйүттөрдүн синагогасы бар эле.

    17:2 Пабыл адаттагысындай эле алардын синагогасына кирип, үч ишемби катары менен аларды Ыйык Жазуунун негизинде окутту.

    17:3 Машайактын азап чегип өлүп, кайра тирилүүсү керек болгондугун аларга түшүндүрүп, далилдеди да: «Мен силерге жарыялап жаткан Ыйса – Ошол Машайактын өзү», – деди.

    17:4 Ошондо алардын ичинен күү бирлери Ыйсага ишенип, Пабыл менен Сыласка кошулушту. Алардын арасында Кудайга табынган көптөгөн эллиндер, атактуу аялдар бар эле.

    17:5 Бирок Ыйсага ишенбеген жүйүттөр көрө албастык кылып, аянттан бузуку кишилерди чогулта калышты да, шаарга дүрбөлөң түшүрө башташты. Анан алар Жасондун үйүнө келишти да, элдин алдына чыгаруу үчүн, Пабыл менен Сыласты издешти.

    17:6 Аларды таппай коюшкандан кийин, Жасонду жана күү бир бир туугандарды шаар башчыларынын алдына сүйрөп барып: «Бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн адамдар бул жакка да келишти.

    17:7 Жасон аларды үйүнө кабыл алды. Булардын бардыгы Ыйса деген адамды падыша деп эсептеп, римдик падышанын буйруктарына каршы чыгып жатышат», – деп кыйкырышты.

    17:8 Муну уккан элдин да, шаар башчыларынын да тынчы кетти.

    17:9 Бирок булар Жасондон жана башка бир туугандардан кепилдик кат алышкандан кийин, аларды бошотуп жиберишти.

    Бероя шаарында

    17:10 Бир туугандар болсо Пабыл менен Сыласты түн ичинде Бероя шаарына шашылыш түрдө жөнөтүп жиберишти. экөө ал жерге келишкенде, жүйүттөрдүн синагогасына барышты.

    17:11 Бероялык жүйүттөр тесалоникалык жүйүттөргө караганда акылдуу эле. Алар Кудайдын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алышты жана: «Чын эле ушундайбы?» – дешип, күн сайын Ыйык Жазууну изилдешти.

    17:12 Ошентип, бероялык жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ыйсага ишенип калышты. Алардын арасында эллиндердин көптөгөн атактуу аялдары менен эркектери да бар эле.

    17:13 Тесалоникалык жүйүттөр Пабылдын Бероя шаарында да Кудай сөзүн жарыялаганын билишкенде, ал жакка да барып, элдин тынчын кетирип, дүрбөлөң түшүрүштү.

    17:14 Ошондо бир туугандар Пабылды шашылыш түрдө деңиз тарапка жөнөтүштү. Сылас менен Тиметей болсо ошол жерде калышты.

    Афин шаарында

    17:15 Пабылды узатып чыккандар аны Афин шаарына чейин узатып барышты. Алар Пабылдын «Сылас менен Тиметей мага мүмкүн болушунча тезирүүк келишсин!» деген тапшырмасын алып, кайра артка кайтышты.

    17:16 Пабыл Афинде Сылас менен Тиметейди күтүп жатканда, бул шаардын буркандарга толгондугун көрүп, абдан кайгырды.

    17:17 Ошондуктан ал синагогада жүйүттөр менен, Кудайга табынган гректер менен, ар күнү базар аянтында кимге жолукса, ошолор менен сүйлөшүп жүрдү.

    17:18 Ошондо ага эпикур деген философтун окутуусун жактагандар жана Стоа деген философиялык агымдын өкүлдөрү да жолукту. Алардын бирөөлөрү: «Бул келжирек эмнени айтмакчы болуп жатат?» – дешсе, дагы бирөөлөрү: «Ал чет элдик кудайлар жөнүндө эгүт таратып жүрөт окшойт», – дешти. Анткени Пабыл Ыйса жөнүндө жана тирилүү жөнүндө жарыялап жүргөн эле.

    17:19 Анан алар Пабылды ареопагга алып келишти да: «Сен эгүттөп жүргөн бул жаңы окутуу эмне деген окутуу экендигин билсек болобу?

    17:20 Анткени сен бизге таң каларлык нерсени угузуп жатасың. Ошондуктан биз мунун эмне экендигин билгибиз келет», – дешти.

    17:21 Анткени афиндиктер жана ал шаарда жашаган чет өлкөлүктөр өздөрүнүн убактыларын кандайдыр бир жаңы нерсе жөнүндө сүйлөө менен же угуу менен гана өткөрүшчү.

    17:22 Пабыл ареопагдын ортосуна туруп алып, мындай деп сүйлөдү: «Афиндиктер! Бардык нерседен мен силердин өзгөчө динчил экениңерди көрүп жатам.

    17:23 Анткени мен силердин ыйык жайларыңарды кыдырып карап жүрүп, “Белгисиз кудайга” деген жазуусу бар курмандык чалынуучу жайыңарды көрдүм. Мен силерге өзүңөр билбесеңер да урматтап жүргөн Ошол Кудай жөнүндө айтып берейин.

    17:24 Ал – дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай, асман менен жердин Теңири, ошондуктан Ал адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт.

    17:25 Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген – Ал өзү.

    17:26 Бүт жер жүзүндө жашасын деп, Ал бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты, адамдар үчүн мезгилдерди жана жашай турган жерлерди белгиледи.

    17:27 Адамдар Кудайды издешсин деп, Аны сезишер бекен, табышар бекен деп, Ал ушундай кылды. Бирок Ал ар бирибизге жакын.

    17:28 Анткени биз Ал аркылуу жашап жатабыз, Ал аркылуу кыймылдап жүрөбүз, Ал аркылуу бар болуп турабыз. Бул жөнүндө силердин күү бир акындарыңар: “Биз Анын тукумубуз”, – дешкен.

    17:29 үгерде биз Кудайдын тукуму болсок, анда Кудайды адамдын чыгармачылыгы же тапкычтыгы менен алтындан, же күмүштөн, же таштан жасалган кандайдыр бир буркан деп ойлобошубуз керек.

    17:30 Ошондуктан Кудай биздин билбестик кылып жүргөн убакыттарыбызды эсине албастан, азыр бардык жерде бардык адамдарга тобо кылууну буйруп жатат.

    17:31 Анткени Ал бир күндү белгилеп койду. Ошол күнү ааламды өзү алдын ала белгилеп койгон Адам аркылуу адилеттик менен соттойт. Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү менен, Ал муну бардык адамдарга далил катары көрсөттү».

    17:32 өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө угушканда, күү бирөөлөр шылдың кылышты, күү бирөөлөр болсо: «Биз бул тууралуу сенден башка жолу угабыз», – дешти.

    17:33 Ошондо Пабыл алардын арасынан чыгып кетип калды.

    17:34 Бирок күү бир эркектер аны эүрчип жүрүп, Ыйсага ишенип калышты. Алардын арасында ареопаг кеңешинин мүчөсү Дийонисий, Дамар деген аял жана башкалар бар эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск