Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Корунт шаарында

    18:1 Ошондон кийин Пабыл Афинден чыгып, Корунт шаарына келди.

    18:2 Ал жерден ал Акила деген понттук бир жүйүткө жолукту. Клавдий бүт жүйүттөргө Римден чыгып кетүүнү буйругандыктан, ал аялы Прискила менен жакында эле Италиядан келген эле. Пабыл алардын үйүнө барды.

    18:3 Ал Акила менен кесиптеш болгондуктан, алар менен жашап, чогуу иштей баштады. Алар чатыр жасашчу.

    18:4 Пабыл ишемби сайын синагогада сүйлөп, жүйүттөр менен эллиндерди Ыйсага ишендирүүгө аракет кылып жатты.

    18:5 Сылас менен Тиметей Македониядан келишкенден кийин, Пабыл өзүн Жакшы Кабар таратууга толугу менен арнап, жүйүттөргө Ыйсанын Машайак экендигин күбөлөндүрө баштады.

    18:6 Бирок алар каршы чыгып, жаман сөздөрдү айтышкандыктан, ал өзүнүн кийимдерин силкип, аларга мындай деди: «өз каныңар өз мойнуңарда. Мен тазамын. Мындан ары бутпарастарга барам».

    18:7 Ошентип, Пабыл синагогадан чыгып, Кудайды урматтаган Жуст деген бир кишинин үйүнө келди. Анын үйү синагоганын жанында эле.

    18:8 Синагоганын башчысы Криспос бүт эй-бүлөсү менен Теңирге ишенип калды. Пабылдын сөзүн уккан көптөгөн корунттуктар да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлүштү.

    18:9 Бир түнү Теңир Пабылга көрүнүш аркылуу мындай деди: «Коркпо, айта бер, унчукпай калба,

    18:10 анткени Мен сени мененмин, сага үч ким жамандык кылбайт. Анткени бул шаарда Менин көп адамдарым бар».

    18:11 Ошондо Пабыл ал жерде бир жыл алты ай калып, аларга Кудайдын сөзүн эйрөттү.

    18:12 Бирок ошол учурда, Ахаяда Галион башчы болуп турган убакта, жүйүттөр биригип алып, Пабылга каршы чыгышты. Алар аны сотко алып барышты да:

    18:13 «Бул киши адамдарды мыйзамга каршы жол менен Кудайга табынууга эйрөтүп жатат», – дешти.

    18:14 Пабыл сүйлөмөкчү болгондо, Галион аларга: «Жүйүттөр! эгерде кандайдыр бир кылмыш же кандайдыр бир жаман иш жасалган болсо, анда мен силердин нааразылыгыңарды укмакмын.

    18:15 Бирок окутуу жөнүндө, ысымдар жөнүндө, өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, өзүңөр териштиргиле: мен бул иште сот болууну каалабаймын», – деди.

    18:16 Ошентип, Галион аларды сот болуучу жайдан кууп чыкты.

    18:17 Алар чогулуп, синагоганын башчысы Состенди кармап алып, соттун алдында сабап салышты. Бирок Галион буга көңүл бөлгөн жок.

    Антийохеяга кайтып келүү

    18:18 Пабыл Корунтта дагы бир нече күн болгондон кийин, бир туугандар менен коштошуп, Прискила жана Акила менен бирге Сирияга сүзүп кетти. Сүзүп кеткенге чейин ал Кенхирея шаарында чачын кырктырды, анткени анын назир болууга берген убадасынын мөөнөтү бүтүп калган эле.

    18:19 үфес шаарына келишкенде, Пабыл аларды ошол жерге калтырды. өзү болсо синагогага кирип, жүйүттөр менен сүйлөштү.

    18:20 Алар андан көбүрөөк убакытка калуусун өтүнүштү. Бирок ал макул болбой,

    18:21 алар менен коштошту да: «Жакындап келе жаткан майрамды сөзсүз Иерусалимде өткөрүшүм керек. эгерде Кудайдын каалоосу болсо, силерге кайрылып келем», – деп, эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти. Акила менен Прискила болсо эфесте калышты.

    18:22 Кемеден Кейсареяга түшүп калып, Иерусалимге келди. Ал жердеги Жыйын менен көрүшкөндөн кийин, Антийохеяга жөнөп кетти.

    18:23 Антийохеяда бир нече убакыт болгондон кийин, жолун улантты. Галатия жана Фригия өлкөлөрүн аралап, бардык шакирттердин ишенимин бекемдеп жүрдү.

    Аполос эфес шаарында

    18:24 Ошол учурда эфеске Аполос деген александриялык бир жүйүт келди. Ал сөзгө чечен, Ыйык Жазууну жакшы билген, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну билген адам эле.

    18:25 Ал Жакандын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, жалындап, Ыйса жөнүндө туура сүйлөп, туура эйрөтүп жүрдү.

    18:26 Ал синагогада тартынбай сүйлөй баштады. Анын сүйлөгөн сөздөрүн уккан Акила менен Прискила аны өздөрүнүн үйүнө чакырып, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришти.

    18:27 Ал Ахаяга бармакчы болгондо, бир туугандар ага дем берүү максатында ошол жактагы шакирттерге аны кабыл алуу жөнүндө кат жазып беришти. Аполос Ахаяга келгенде, Кудайдын ырайымы менен Ыйсага ишенип калгандарга көп жардам берди.

    18:28 Анткени ал Ыйсанын Машайак экендигин Ыйык Жазуу менен далилдеп, жүйүттөрдү бүт эл алдында тайманбастык менен ашкерелеп жатты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск