Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Мисирликтердин ысрайылдыктарга таш боордук менен мамиле кылышы

    1:1 Жакып менен бирге өз-өз эй-бүлөсү менен Мисирге келген Ысрайыл уулдары булар:

    1:2 Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт,

    1:3 Исахар, Забулун, Бенжемин,

    1:4 Дан, Напталы, Гат жана Ашыр.

    1:5 Жакыптын тукуму жетимиш адам эле, Жусуп Мисирде болчу.

    1:6 Кийин Жусуп да, анын бир туугандары да, ошол муундун адамдары да көз жумушту.

    1:7 Бирок Ысрайыл уулдары укумдап-тукумдап көбөйүп, күч алып, Мисир жерине толушту.

    1:8 Мисирде Жусупту билбеген жаңы падыша такка отурду.

    1:9 Ал өз элине мындай деди: «Ысрайыл эли бизден алда канча көп жана күчтүү болуп кетти.

    1:10 Көбөйүп кетпеши үчүн, аларды алдайлы, антпесек согуш болсо, алар душмандарыбызга кошулуп, бизге каршы чыгып, жерибизден чыгып кетишет».

    1:11 Ошентип, фараон оор жумушка салып эзиш үчүн, алардын үстүнөн башчыларды койду. Азык-түлүк сактоо үчүн, алар фараонго Питом жана Раамсес деген шаарларды курушту.

    1:12 Аларды канчалык эзген сайын, алар ошончолук көбөйүштү. Алар канчалык көбөйгөн сайын, мисирликтер алардан ошончолук кооптоно башташты.

    1:13 Ошондуктан мисирликтер Ысрайыл уулдарын ырайымсыздык менен зордоп жумушка салышты.

    1:14 Аларды ылай менен кышка салып, ар кандай талаа жумуштарына ырайымсыздык менен зордоп иштетип, алардын жашоосун азаптуу кылып жиберишти.

    1:15 Мисир падышасы Шипра жана Пуя деген аначы эврей кемпирлерге мындай деп буйрук кылды:

    1:16 «Силер эврей аялдарды төрөтүп жатканда, карагыла. эгерде эркек төрөлсө, аны өлтүрүп салгыла. эгерде кыз төрөлсө, жашай берсин».

    1:17 Бирок аначы кемпирлер Кудайдан коркушчу. Ошондуктан Мисир падышасынын айтканын кылбай, балдарды тирүү калтырып жатышты.

    1:18 Мисир падышасы аначы кемпирлерди чакырып алып: «үмне үчүн мындай кылып жатасыңар, эмнеге балдарды тирүү калтырып жатасыңар?» – деп сурады.

    1:19 Аначы кемпирлер фараонго: «үврей аялдар мисирлик аялдардай эмес экен. Алардын ден соолугу чың экен, ошондуктан алар аначы кемпирлер келгиче эле төрөп коюп жатышат», – деп жооп беришти.

    1:20 Бул үчүн Кудай аначы кемпирлерге жакшылык кылды. эл болсо көбөйгөндөн көбөйүп, абдан күч алды.

    1:21 Аначы кемпирлер Кудайдан корккондуктан, Кудай алардын эй-бүлөсүнө батасын берди.

    1:22 Ошондо фараон өз элине мындай деп буйрук берди: «үврейлердин жаңы төрөлгөн эркек балдарын дарыяга ыргыткыла. Ал эми кыздарын тирүү калтыргыла».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск