Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 50

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    50-БөЛЄМ

    Жакыптын көргө коюлушу

    50:1 Жусуп атасын басып жыгылып, ыйлап, аны өпкүлөдү.

    50:2 Анан Жусуп дарыгер кызматчыларына атасын бальзамдоого буйрук берди. Дарыгерлер Ысрайылды бальзамдашты.

    50:3 Арадан кырк күн өттү, анткени бальзамдап катырууга кырк күн керек эле. Мисирликтер жетимиш күн аза күтүп ыйлашты.

    50:4 Аны жоктоп ыйлаган күндөр аяктагандан кийин, Жусуп фараон сарайындагыларга мындай деп кайрылды: «үгерде мен силердин алдыңарда ырайым тапкан болсом, анда фараонго мындай дегиле:

    50:5 “Атам менден мындай деп ант алган эле: "Менин көзүм өтүп бара жатат. Мени Канаан жеринде өзүм үчүн казган көргө койгула". Мен эми ошол жерге барып, атамды коюп келүүнү каалар элем”».

    50:6 Ошондо фараон: «Атаңа берген антың боюнча барып, атаңды коюп кел», – деди.

    50:7 Жусуп атасын койгону жөнөдү. Аны менен фараондун кызматчылары, үйүндөгү аксакалдар жана Мисир жериндеги аксакалдар,

    50:8 өзүнүн бүт эй-бүлөсү, бир туугандары жана атасынын үйүндөгүлөр кетишти. Гошен жеринде балдары менен майда жана бодо малдарын гана калтырышты.

    50:9 Аны менен бирге арабалар менен атчандар кошо жөнөшкөндүктөн, эл абдан көп болду.

    50:10 Алар Иордандын жанындагы Горен-Аататка жеткенде, ал жерде да чоң ый, чоң өкүрүк болду. Жусуп атасын жоктоп жети күн ыйлады.

    50:11 Ошондо ал жерде жашаган канаандыктар Горен-Аататтагы ыйды угуп: «Мисирликтер аябай жоктоп ыйлашты», – дешти. Ошондуктан ал жер Иордандагы «мисирликтердин ыйы» деп аталып калды.

    50:12 Жакыптын уулдары атасы кандай айтса, ошондой кылышты.

    50:13 Уулдары аны Канаан жерине алып барып, Мамрейдин алдындагы, Махпел талаасындагы үңкүргө коюшту. Ыбрайым аны талаа менен бирге хеттик эпрондон менчик көрүстөн кылыш үчүн сатып алган.

    50:14 Атасын койгондон кийин, Жусуп бир туугандары менен, өзү менен бирге атасын койгону баргандар менен Мисирге кайтып келди.

    Жусуптун бир туугандарына ырайым кылышы

    50:15 Жусуптун бир туугандары атасы өлгөндөн кийин: «Жусуп бизди жек көрүп калса эмне болот? Ага кылган жамандыгыбыз үчүн өч алгысы келсечи?» – дешип,

    50:16 Жусупка мындай деп айттырып жиберишти: «Атаң өлөр алдында:

    50:17 “Жусупка минтип айткыла: "Бир туугандарың сага жамандык кылышты, алардын айыбы менен күнөөсүн кечир", – деген. эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир”». Бул сөздөрдү айтып жатышканда, Жусуп ыйлады.

    50:18 Бир туугандары өздөрү да келип, анын алдына жыгылып: «үми биз сенин кулуңбуз», – дешти.

    50:19 Жусуп аларга: «Коркпогула, анткени мен Кудайдан корком.

    50:20 Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды.

    50:21 Ошондуктан коркпогула. Мен силерди бала-бакыраңар менен кошо багам», – деди. Ошентип, Жусуп алардын көңүлүн тынчтандырып, жүрөк жылыткан сөздөрдү айтты.

    Жусуптун көз жумушу

    50:22 Жусуп Мисирде атасынын эй-бүлөсү менен жашады. Ал жүз он жыл жашады.

    50:23 Ал эпрайымдын үчүнчү тукумуна чейин көрдү, ошондой эле Менашенин уулу Махирдин уулдары да анын көзү тирүүсүндө төрөлүштү.

    50:24 Жусуп бир туугандарына мындай деди: «Менин ичер суум, көрөр күнүм аз калды, бирок Кудай силерге келип, силерди бул жерден алып чыгып, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылган жерге жеткирет».

    50:25 Анан Жусуп Ысрайыл уулдарынан мындай деп ант алды: «Кудай силерге келет, ошондо силер менин сөөгүмдү бул жерден алып кеткиле».

    50:26 Ошентип, Жусуп жүз он жашында көз жумду. Аны Мисирде бальзамдап, табытка салып коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск