Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 49

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    49-БөЛЄМ

    Жакыптын Ысрайыл урууларына пайгамбарчылык кылып бата бериши жана көз жумушу

    49:1 Анан Жакып уулдарын чакырып: «Чогулуп келгиле, силерге алдыда эмне болорун айтып берейин.

    49:2 Жакыптын уулдары, чогулуп келгиле, кулак салгыла, атаңар Ысрайылды уккула», – деди.

    49:3 «Рубейин, менин тунум! Сен менин күч-кубатымсың, күчүмдүн башатысың, кадыр-баркың артып, кудуретке жеттиң.

    49:4 Бирок сен суудай ташкындадың, ошондуктан тунгучтугуңдан айрыласың. Анткени атаңдын жаткан жерине кирип, төшөгүн булгадың.

    49:5 Шымон менен Леби экөө бир тууган, алардын кылычтары – катаалдыктын куралдары.

    49:6 Мен алардын кеңешине катышпайм, алардын жыйынына атак-даңкым кошулбайт. Анткени алар ачууга алдырып, эркектерди өлтүрүштү, өз каалоолору боюнча букалардын тарамыштарын кесишти.

    49:7 Алардын каарына наалат, анткени ал катаал. Алардын ачуусуна каргыш тийсин, анткени ал жаалдуу. Аларды Жакыптын арасына таратам, Ысрайылдын арасына чачам.

    49:8 Жүйүт! Сени бир туугандарың көкөлөтө макташат. Колуң душмандарыңдын мойнунда болот. Атаңдын уулдары сага таазим кылышат.

    49:9 Жаш арстан Жүйүт уулум олжого тоюп, туруп келе жатат. Ал керилип, арстан сымал, ургаачы арстан сымал жатты. Аны ким тургуза алат?

    49:10 үлдештирүүчү келмейинче, Жүйүттүн колунан бийлик таягы түшпөйт, тукумунан мыйзам чыгаруучу кетпейт. Ага элдер баш ийишет.

    49:11 Ал жүзүм сабагына кодигин байлайт, эң мыкты жүзүм сабагына ургаачы эшегинин баласын байлайт. Шарапка кийимин, жүзүм ширесине жамынчысын жууйт.

    49:12 Шараптан көздөрү жылтырап, сүттөн тиштери агарат.

    49:13 Забулун деңиз жүүгинде, кемелер токтоочу жайдын жанында жашайт, анын чеги Сидонго чейин жетет.

    49:14 Исахар – эки суунун ортосунда жаткан күчтүү эшек.

    49:15 Ал бейпилдик жакшы экенин, жер жагымдуу экенин көрдү: жүк көтөрүү үчүн ийинин тосуп, салык төлөө үчүн эмгек кыла баштады.

    49:16 Дан Ысрайылдын бир уруусу катары өз элине калыстык кылат.

    49:17 Дан жолдо жаткан жылан, жолуңдан чыккан уулуу жылан болот, атынын бутун чакса, чабандес чалкасынан кетет.

    49:18 Теңирим, Сенин жардамыңдан эмүттөнөм!

    49:19 Гатты калың эл кысымга алат, бирок ал аны артынан калбай кууп чыгарат.

    49:20 Ашырдын тамак-ашы кенен болот, ал падышаныкындай тамак таап келип турат.

    49:21 Напталы – келишимдүү жейрен, оозунан ширин сөз чыгат.

    49:22 Жусуп – жемиштүү дарактын бутагы, булактын жанындагы жемиштүү дарактын бутагы. Анын шак-бутактары дубалдан ашып жайылат.

    49:23 Жаа тарткычтар аны капа кылышты, ага кастык кылып, жаа тартышты,

    49:24 бирок анын жаасы катуу бойдон калды. Жакыптын кудуреттүү Кудайы, Ысрайылдын Кайтаруучусу жана тиреги колдогондуктан, анын колунун булчуңдары бекем.

    49:25 Атаңдын Кудайы сага да жардам берсин. Кудуреттүү Кудай сени жогорудан асман баталары менен, төмөндө туңгуюк башаттары менен алкасын, азыркы жана келечектеги укум-тукумуңа батасын берсин.

    49:26 Байыркы тоолордун, түбөлүктүү дөбөлөрдүн баталарынан көп эсе артык турган атаңдын баталары менен батасын берсин. Ушул баталар Жусуптун башында жана бир туугандарынын арасынан тандалгандын башында болсун.

    49:27 Бенжемин – жырткыч карышкыр, эртең менен карактаганын жейт, кечинде олжосун бөлүштүрөт».

    49:28 Ысрайылдын он эки уруусу мына ушулар жана аларга атасынын айткандары да ушулар. Аларды алкап, ар бирине өз батасын берди.

    49:29 Анан аларга мындай осуят кылды: «Мен эми өз элиме кошулганы бара жатам. Мени хеттиктердин эпрон талаасындагы үңкүргө, ата-бабаларымдын жанына койгула.

    49:30 Канаан жериндеги, Мамрейдин алдындагы, Махпел талаасындагы үңкүрдү талаа менен кошо Ыбрайым көрүстөн үчүн хеттик эпрондон сатып алган.

    49:31 Ал жерге Ыбрайымды жана аялы Саараны коюшкан. Ал жерге Ыскак менен Ребеканы коюшкан. Ал жерге мен Леяны койгом.

    49:32 Ал талаа жана талаадагы үңкүр Хет уулдарынан сатылып алынган».

    49:33 Ошентип, Жакып уулдарына осуяттарын айтып бүттү да, буттарын төшөккө коюп, жан берип, өз элине кошулду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск