Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Мусанын төрөлүшү

    2:1 Леби уруусунан бир адам ошол эле уруудан аял алды.

    2:2 Аялынын боюна бүтүп, эркек бала төрөдү. Баласынын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү.

    2:3 Бирок ал андан ары жашыра албай калгандыктан, камыштан жасалган кол себет алып, аны илүүшме ылай жана чайыр менен каптады да, баланы себетке салып, дарыянын жүүгиндеги камыштын арасына коюп койду.

    2:4 үмне болор экен деп, баланын эжеси алыстан карап турду.

    2:5 Ошол убакта фараондун кызы сууга түшкөнү дарыяга келди. Анын нөкөр кыздары дарыя жүүктеп жүрүшкөн эле. Фараондун кызы камыштын арасындагы себетти көрүп, аны алып келүүгө күңэн жиберди.

    2:6 Ал себетти ачып, баланы көрүп: «Бул эврей балдарынан экен», – деди. Бала ыйлап жаткандыктан, ага боору ооруду.

    2:7 Баланын эжеси фараондун кызына: «Мен барып, эврей аялдарынан баланы эмизип багып бере турган аялды чакырып келейинби?» – деди.

    2:8 Фараондун кызы ага: «Барып кел», – деди. Кыз барып, баланын энесин чакырып келди.

    2:9 Фараондун кызы ага: «Бул баланы алып, мага багып бер. Акысын төлөп берем», – деди. Аял баланы алып, бага баштады.

    2:10 Бала чоңойгондо, аял аны фараондун кызына алып келди. Ал аны бала кылып алды. «Мен аны суудан чыгарып алгам», – деп, баланын атын Муса койду.

    Мусанын Мидиан жерине качып кетиши

    2:11 Арадан көп убакыт өтүп, Муса чоңоюп эр жеткенден кийин, өз бир туугандарына (Ысрайыл уулдарына) барып, алардын жумушу оор экенин көрдү. Бир эврей бир тууганын мисирлик бир адам сабап жатканын көрүп калды.

    2:12 үки жагын карап, үч ким жок экенин байкады да, мисирликти өлтүрүп, кум менен көөмп салды.

    2:13 үртеси күнү эки эврейдин чатакташып жатканын көрүп, кордоп жатканына: «үмне үчүн бир тууганыңды уруп жатасың?» – деди.

    2:14 Ал болсо: «Ким сени бизге башкаруучу же соттоочу кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» – деди. Ошондо Муса: «Чын эле, бул жөнүндө билип калышкан турбайбы», – деп, коркуп кетти.

    2:15 Фараон бул жөнүндө укканда, Мусаны өлтүргүсү келди. Бирок Муса фараондон Мидиан жерине качып барып, кудуктун жанына отурду.

    2:16 Мидиандык буткана кызматчысынын жети кызы бар эле. Алар атасынын койлорун сугарыш үчүн, кудукка келип, суу сузуп алып, аштоолорго суу толтуруп жатышкан.

    2:17 Аңгыча койчулар келип, аларды кууп жиберишти. Ошондо Муса тура калып, кыздарды коргоп, койлорун сугарып берди.

    2:18 Кыздары атасы Ребуелге келишкенде, атасы алардан: «Бүгүн эмне эрте келдиңер?» – деп сурады.

    2:19 Алар ага: «Мисирлик бир киши бизди койчулардан коргоп калды. Атүгүл, кудуктан суу сузуп, койлорубузду сугарып берди», – дешти.

    2:20 Ошондо ал кыздарына: «Ал кайда? эмне үчүн аны таштап келдиңер? Барып, чакырып келгиле, тамак ичсин», – деди.

    2:21 Мусага ал кишинин үйүндө жашоо жагып калды. Ал киши Мусага Сипор деген кызын берди.

    2:22 Сипор уул төрөдү. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса ага Гейиршом деген ат койду.

    2:23 Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, Мисир падышасы өлдү. Ысрайыл уулдары оор жумуштан кыйналып, боздоп ыйлап жатышты, алардын боздогон үнү Кудайга жетти.

    2:24 Кудай алардын ыйын угуп, өзүнүн Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишимин үстеди.

    2:25 Кудай Ысрайыл уулдарын көрүп, аларга назарын салды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск