Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Мусанын чакырылышы

    3:1 Муса мидиандык буткана кызматчысы, кайнатасы Итронун койлорун кайтарып жүрдү. Бир күнү ал койлорду алыс жактагы чөлгө айдап барып, Кудайдын тоосу Хорепке келди.

    3:2 Ошондо ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Теңирдин периштеси көрүндү. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү.

    3:3 «үмне үчүн бадал күйүп кетпейт? Барып, бул укмуштуу кубулушту көрүп келейинчи», – деди ал.

    3:4 Теңир анын көргөнү келе жатканын көрүп, бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

    3:5 Кудай ага: «Бул жерге жакындаба. Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.

    3:6 Мен сенин ата-бабаңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын», – деди. Муса бетин жаап алды, анткени Кудайды карагандан коркту.

    3:7 Теңир мындай деди: «Мен өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем.

    3:8 Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып баруу үчүн келдим.

    3:9 Ысрайыл уулдарынын боздогон үнү Мага жетти, аларды мисирликтер кантип эзип жатканын көрүп турам.

    3:10 Ошондуктан баргын, Мен сени фараонго жиберем. Мисирден Менин элимди, Ысрайыл уулдарын, алып чык».

    3:11 Муса Кудайга: «Фараонго барып, Мисирден Ысрайыл уулдарын алып чыккыдай, мен киммин?» – деди.

    3:12 Ошондо Кудай ага: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун үстүндө Кудайга ийбадат кыласыңар», – деди.

    3:13 Муса Кудайга: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып: “Силердин ата-бабаңардын Кудайы мени силерге жиберди”, – десем, алар менден: “Анын аты ким?” – деп сурашса, эмне деп жооп беришим керек?» – деди.

    3:14 Кудай Мусага: «Мен Бар Болуп Туруучумун (Жахабамын). Ысрайыл уулдарына: Мени силерге Бар Болуп Туруучу өзү жиберди деп айт», – деди.

    3:15 Кудай Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди”. Бул Менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилүү болгон ысымым.

    3:16 Барып, Ысрайыл аксакалдарын чогултуп, аларга мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мага келип, мындай деди: «Мен силерге келип, Мисирде силерди эмне кылып жатышканын көрдүм.

    3:17 Мен силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарып, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине, сүт менен бал аккан жерге алып барам»”.

    3:18 Ошондо алар сени угушат. Сен болсо Ысрайыл аксакалдары менен бирге Мисир падышасына барып, ага мындай деп айтасың: “Теңир, эврейлердин Кудайы, бизди чакырып жатат, ошондуктан бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы”.

    3:19 Мисир падышасын зор күч менен мажбурлабаса, силерге уруксат бербестигин билем.

    3:20 Мен өзүмдүн күчүмдү колдонуп, Мисирди кереметтерим менен кыйратам. Ал силерди ошондон кийин гана коё берет.

    3:21 Мен бул элге мисирликтердин көз алдында ырайым кылам. Силер кетип бара жатканда, куру кол кетпейсиңер.

    3:22 Ар бир эврей аял мисирлик коңшусунан жана үйүндө жашаган мисирлик аялдардан алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алат. Аларды уул-кыздарыңарга кийгизесиңер, ошентип, мисирликтерди тоноп аласыңар».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск