Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Кудайдын Мусага керемет көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн бериши

    4:1 Муса мындай деп жооп берди: «үгерде алар мага ишенбей, менин үнүмдү укпай: “Теңир сага келген жок”, – дешсечи?»

    4:2 Теңир андан: «Колуңдагы эмне?» – деп сурады. Ал: «Таяк», – деп жооп берди.

    4:3 Теңир ага: «Аны жерге ташта», – деди. Ал аны жерге таштаганда, таяк жыланга айланды. Муса андан качты.

    4:4 Теңир Мусага: «Колуңду сунуп, аны куйругунан карма», – деди. Ал колун сунуп, жыланды кармады. Ошондо ал анын колунда кайрадан таяк болуп калды.

    4:5 Ошондо Теңир ага: «Бул жышаан аларга өздөрүнүн ата-бабаларынын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы сага келгендигине ишениши үчүн көрсөтүлсүн», – деди.

    4:6 Теңир ага дагы мындай деди: «Колуңду койнуңа сал». Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, колу пес оорусунан кардай агарып калды.

    4:7 Теңир дагы: «Колуңду кайрадан койнуңа сал», – деди. Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, мурунку калыбына келди.

    4:8 Ошондо Теңир ага дагы мындай деди: «үгерде алар сага, биринчи жышаанга ишенбей коюшса, анда экинчи жышаанга ишенишет.

    4:9 үгерде алар бул эки жышаанга да ишенбей, сени укпай коюшса, анда дарыядан суу сузуп алып, жерге төк. Жерге төгүлгөн суу канга айланат».

    4:10 Ошондо Муса Теңирге: «О, Теңир! Мен мурун эле сөзгө чечен эмес болчумун. Сен өзүңдүн кулуң – мени менен сүйлөшүп жаткан учурда да, мен ошондой элемин. Мен кыйналып сүйлөйм, мен кекечмин», – деди.

    4:11 Теңир ага: «Адамга ооз берген ким? Аны дудук же дүлөй, көздүү же сокур кылган ким? Ошенткен Теңир Мен эмесминби?

    4:12 Демек, баргын. Мен сага айтып турам, эмнени айтууну эйрөтүп турам», – деди.

    4:13 Муса мындай деди: «Теңир, менден башканы жибер».

    4:14 Ошондо Теңир Мусага каарданып, мындай деди: «Леби уруусундагы Арун деген бир тууганыңчы? Мен анын сүйлөй аларын билем. Азыр ал сенин алдыңдан чыгат, сени көргөндө, сүйүнүп кетет.

    4:15 Сен ага айтып турасың, эмнени айтууну эйрөтүп турасың. Мен болсо сага да, ага да эмне деш керек экениңерди айтып турам, эмне кылууну эйрөтүп турам.

    4:16 Ал сенин ордуңа элге чыгып сүйлөйт. Ошондуктан ал сенин оозуң болот, сен болсо ал үчүн Кудай ордуна болосуң.

    4:17 Бул таякты да колуңа ал, муну менен керемет көрсөтөсүң».

    Мусанын Мисирге кайра келиши

    4:18 Муса ал жерден кетти. Анан ал кайнатасы Итрого келип, мындай деди: «Мен кетейин, Мисирдеги бир туугандарыма кайра барайын, алар тирүү бекен, көрүп келейин». Итро Мусага: «Тынчтык менен бара бер», – деди.

    4:19 Мидиан жеринде Теңир Мусага: «Жөнө, Мисирге кайра бар, анткени сени өлтүрүүнү каалагандардын баары өлүшкөн», – деди.

    4:20 Ошондо Муса аялы менен уулдарын эшекке мингизип, Мисир жерине жөнөп кетти. Муса Кудайдын таягын да колуна алды.

    4:21 Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жерине кайра барганыңда, байкагын, Мен сага айткан кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөт. Мен болсо анын жүрөгүн катуулантып коём, ошондо ал элди коё бербейт.

    4:22 Фараонго мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Ысрайыл Менин уулум, тун уулум.

    4:23 Мен сага айтып жатам: Менин уулумду коё бер, ал Мага ийбадат кылсын. эгерде коё бербесең, анда Мен сенин уулуңду, тун уулуңду өлтүрөм”».

    4:24 Жолдо түнөгөн жерде Теңир Мусага жолугуп, аны өлтүргүсү келди.

    4:25 Ошондо Сипор таш бычакты алып, уулунун сүннөтүн кесип, Мусанын бут алдына таштады да: «үми сен менин кан күйөөмсүң», – деди.

    4:26 Ошондо Теңир андан кетти. Сипор ага: «Сүннөткө отургузуу аркылуу сен менин кан күйөөмсүң», – деди.

    4:27 Теңир Арунга: «Чөлгө барып, Мусаны тосуп ал», – деди. Ал жолго чыгып, Кудайдын тоосунун жанынан Мусага жолугуп, аны бетинен өптү.

    4:28 Муса Арунга өзүн жиберген Теңирдин бардык сөздөрүн, Ал осуят кылган бардык кереметтер жөнүндө айтып берди.

    4:29 Анан Муса Арун менен барып, Ысрайыл уулдарынын бардык аксакалдарын чогултту.

    4:30 Арун аларга Теңирдин Мусага айткан сөздөрүнүн баарын айтып берди. Муса болсо элдин көз алдында кереметтерди көрсөттү.

    4:31 Ошондо эл ишенди. Алар Теңирдин Ысрайыл уулдарына келгенин, алардын тарткан азабын көргөнүн угушканда, тизе бүгүп таазим этишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск