Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Муса менен Арун фараондун алдында

    5:1 Ошондон кийин Муса менен Арун фараонго келип, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, алар чөлдө Мага арнап майрам өткөрүшсүн”».

    5:2 Бирок фараон: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коё бергидей, Теңир ким экен? Мен Теңирди билбейм, Ысрайылды да коё бербейм», – деди.

    5:3 Алар ага: «үврейлердин Кудайы бизди чакырып жатат. Бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы, болбосо Ал бизге жугуштуу оору жиберет же кылыч менен жок кылат», – дешти.

    5:4 Ошондо Мисир падышасы аларга: «Муса менен Арун, силер эмне үчүн элди жумушунан алагды кылып жатасыңар? өз жумушуңарга жөнөгүлө.

    5:5 Бул жерде эл көп, силер аларды иштеринен алагды кылып жатасыңар», – деди.

    5:6 Фараон ошол эле күнү башкаруучуларга жана көзөмөлдөөчүлөргө мындай деп буйрук берди:

    5:7 «Мындан ары бул элге кыш куюу үчүн мурункудай саман бербегиле. Алар саманды өздөрү барып чогултуп алышсын.

    5:8 Бирок кышты буга чейин куюп келгендегидей эле санда куюшсун, санын азайтпагыла. Алар жалкоо, ошондуктан: “Барып, Кудайыбызга курмандык чалабыз”, – деп кыйкырып жатышат.

    5:9 Аларга жумушту көп бергиле, иштешсин, куру сөз менен алек болушпасын».

    5:10 Ошондо башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөр элге кайрылып: «Фараон: “Силерге саман бербейм.

    5:11 Саманды өзүңөр таап алгыла. Бирок жумушуңарды азайтпайм”, – деп айтып жатат», – дешти.

    5:12 Ошондо эл саман ордуна пая издеп, Мисир жерине тарап кетти.

    5:13 Башкаруучулар болсо: «Кышты саман бар кездегидей эле, күн сайын мурунку белгиленген санда куйгула», – деп мажбурлап жатышты.

    5:14 Ал эми фараондун башкаруучулары Ысрайыл уулдарынын ичинен өздөрү дайындаган көзөмөлдөөчүлөрдү: «үмне үчүн кышты мурунку белгиленген санда куйбай жатасыңар?» – деп уруп-сабашты.

    5:15 Ошондо Ысрайыл уулдарынын көзөмөлдөөчүлөрү фараонго ыйлап келип: «үмнеге кулдарыңа ушундай мамиле кылып жатасың?

    5:16 Кулдарыңа саман бербей жатышат, бирок кыш куйгула деп, кулдарыңды сабап жатышат. элиң күнөө кылып жатат», – дешти.

    5:17 Бирок фараон аларга: «Жалкоосуңар силер, жалкоосуңар, ошондуктан “Теңирге курмандык чалабыз” деп жатасыңар.

    5:18 Баргыла, иштегиле. Силерге саман берилбейт, бирок тиешелүү сандагы кышты толук бергиле», – деди.

    5:19 Ысрайыл уулдарынан коюлган көзөмөлдөөчүлөр «Ар бир күнгө белгиленген кыштын санын кемитпегиле» деген буйруктан улам баштарына мүшкүл түшкөнүн түшүнүштү.

    5:20 Алар фараондон чыкканда, өздөрүн күтүп турган Муса менен Арунга жолугушту.

    5:21 Аларга: «Теңир силерди көрсө экен, бизди фараонго жана анын кулдарына жек көрүндү кылганыңар үчүн, бизди өлтүртүү үчүн алардын колуна кылыч карматканыңар үчүн жазаласа экен», – дешти.

    Мусанын Теңирге арыздануусу

    5:22 Ошондо Муса Теңирге кайрылып: «Теңир! эмне үчүн бул элди ушундай азапка салдың, эмне үчүн мени жибердиң?

    5:23 Мен келип, фараонго Сенин атыңдан сүйлөй баштагандан тартып, ал бул элге мурункудан да жаман мамиле кыла баштады. Сен болсо өз элиңди куткарган жоксуң», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск