Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Теңирдин жообу

    6:1 Ошондо Теңир Мусага: «үми сен Менин фараонго эмне кыларымды көрөсүң. Фараон аларды күчтүү колдун кийлигишүүсү менен коё берет. Атүгүл, күчтүү колдун кийлигишүүсү менен аларды өз жеринен кууп чыгат», – деди.

    6:2 Кудай Мусага мындай деди: «Мен Теңирмин.

    6:3 Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Кудай, Кудуреттүү” деген ысым менен келгем, бирок аларга “Теңир (Жахаба)” деген ысымым менен ачылган эмесмин.

    6:4 өздөрү келгин болуп жашашкан Канаан жерин берем деп, Мен алар менен келишим түзгөм.

    6:5 Мен мисирликтердин эзүүсүнөн кыйналган Ысрайыл уулдарынын онтогонун угуп, өзүмдүн келишимимди үстедим.

    6:6 Ошондуктан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен Теңирмин, силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарам, силерди кулчулуктан бошотом, силерди кудуреттүү күчүм менен, чоң жазалар менен куткарам.

    6:7 Силерди өзүмө эл кылып алам да, силердин Кудайыңар болом, ошондо силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер.

    6:8 Мен колумду көтөрүп, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деген жерге силерди алып барам да, аны силерге мураска берем. Мен Теңирмин”.

    6:9 Муса муну Ысрайыл уулдарына айтып берди, бирок алар жүрөкзаада болуп калышкандыктан, жумуштун оордугунан Мусага кулак салышкан жок.

    6:10 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

    6:11 «Мисир падышасы фараонго кирип айт, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берсин».

    6:12 Муса Теңирдин алдында мындай деди: «Мени Ысрайыл уулдары укпай жатышса, фараон кантип уксун? Мен болсо сөзгө жокмун».

    6:13 Бирок Теңир Муса менен Арунга сүйлөдү. Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгууга буйрук берип, аларды Ысрайыл уулдарына жана Миcир падышасы фараонго жиберди.

    Муса менен Арундун санжырасы

    6:14 Алардын уруу башчылары булар: Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми. Бул – Рубейин уруусу.

    6:15 Шымондун уулдары: Жемуел жана Жамин, Ойат жана Жахин, Сохар жана канаандык аялдын уулу Шабул. Бул – Шымон уруусу.

    6:16 Лебинин уулдары, уруу башчылары булар: Гейиршон, Каат жана Мерари. Леби болсо жүз отуз жети жыл жашаган.

    6:17 Гейиршондун уулдары, уруу башчылары: Либни жана Шимей.

    6:18 Кааттын уулдары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел. Каат болсо жүз отуз үч жыл жашаган.

    6:19 Мераринин уулдары: Махли жана Муши. Булар – Лебинин уруу башчылары.

    6:20 Амрам атасынын карындашы Жохебетти аялдыкка алган. Ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген. Амрам болсо жүз отуз жети жыл жашаган.

    6:21 Итсардын уулдары: Корак, Непек жана Зихри.

    6:22 Узиелдин уулдары: Мишаел, элсапан жана Ситри.

    6:23 Арун Нахшондун карындашы, Аминадаптын кызы элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надап менен Абыйутту, элазар менен Итамарды төрөп берген.

    6:24 Корактын уулдары: Асир, элкана жана Абыйасап. Булар – Корак уруусу.

    6:25 Арундун уулу элазар Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты төрөп берген. Булар – Лебинин уруу башчылары.

    6:26 Арун менен Муса – Теңирден «Мисир жеринен Ысрайыл уулдарын кошуундары менен алып чыккыла» деген буйрук алган кишилер.

    6:27 Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгуу үчүн, Мисир падышасы фараон менен сүйлөшкөн кишилер – ушул Арун менен Муса.

    Теңирдин Муса менен Арунга берген буйругу

    6:28 Теңир Мисир жеринде Мусага сүйлөгөндө:

    6:29 «Мен Теңирмин! Мен сага айткандын баарын Мисир падышасы фараонго айт», – деди.

    6:30 Муса болсо Теңирдин алдында мындай деди: «Мен сөзгө жокмун, фараон мени кантип уксун?»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск