Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    Мисир жазалана турган күн

    30:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    30:2 «Адам уулу! Пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ыйлагыла! Кайгылуу күн келе жатат!

    30:3 Анткени ал күн жакындап калды! Теңирдин күнү – кайгылуу күн жакын калды. элдерди жазалоо күнү келе жатат.

    30:4 Мисирге кылыч келе жатат, Мисирде өлтүрүлгөндөр кулаганда, анын байлыктары алынып кеткенде, анын негиздери кыйраганда, эфиопияны коркунуч каптайт.

    30:5 Алар менен кошо эфиопия да, Пут да, Лут да, ар кошкон элдер да, Хуп да, алар менен келишим түзгөн өлкөлөрдүн уулдары да кылычтан өлүшөт”.

    30:6 Теңир мындай дейт: “Мисирдин тирөөчтөрү кулайт, анын күч-кубатынын сыймыгы төмөн түшөт. Мигдолдон тартып Себейнейге чейин жашагандар кылычтан өлүшөт, – дейт Кудай-Теңир.

    30:7 Ал кыйраган жерлердин арасында эүн калат, анын шаарлары кыйраган шаарлардын арасында калат.

    30:8 Мисирге от жибергенде, анын бардык тирөөчтөрү кыйратылганда, Менин Теңир экенимди билишет.

    30:9 Бейкапар жаткан эфиопиялыктарды коркутуу үчүн, ошол күнү Менден кемелер менен кабарчылар барышат, аларды, Мисирге алаамат түшкөн күндөгүдөй, коркунуч каптайт, анткени мына, ал күн келе жатат”.

    30:10 Кудай-Теңир мындай дейт: “Бабыл падышасы Небухаданасардын колу менен көп элдүү Мисирдин акырына чыгам.

    30:11 Аны элдердин арасында эң катаал болгон эли менен ушул жерди кыйратыш үчүн алып келем. Алар Мисирге каршы кылычтарын кындарынан сууруп, жерди өлүккө толтурушат.

    30:12 Дарыяларды кургактыкка айландырып, жерди катаал адамдардын колуна берем, жерди жана анда болгондун бардыгын чет жерликтердин колу менен кыйратам. Муну Мен, Теңир, айттым”.

    30:13 Кудай-Теңир мындай дейт: “Буркандарды жок кылам, Ноптогу жалган кудайларды талкалайм, мындан ары Мисир жеринен башчы чыкпайт, Мисир жерине коркунуч каптатам.

    30:14 Патросту урандыга айлантам, Соанга от жиберем, Нону жазалайм.

    30:15 Мисирдин сепили болгон Синге өзүмдүн каарымды төгөм, Нонун көп сандаган элин жок кылам.

    30:16 Мисирге от жиберем. Син титирейт, Но урайт, душмандар Нопко чак түштө кол салышат.

    30:17 Абен менен Пи-Бесеттин жаш уландары кылычтан өлүшөт, калгандары туткундалып кетет.

    30:18 Мен Такпанкесте Мисирдин моюнтуругун кыйраткандан кийин, ал жерде күн караңгылайт, ал жерде анын күч-кубатынын сыймыгы талкаланат. Аны булут жабат, анын кыздары туткундалып кетет.

    30:19 Мен Мисирди ушинтип жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”».

    Мисир падышасынын күчүнүн талкаланышы

    30:20 Он биринчи жылдын биринчи айынын жетинчи күнү мага Теңирден сөз болду:

    30:21 «Адам уулу! Мен Мисир падышасы фараондун каруу-булчуңун талкаладым. Ал айыгышы үчүн дагы эле таңыла элек, кылыч кармаганга күч алышы үчүн, таңгычтар менен таңыла элек».

    30:22 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Мисир падышасы фараонго каршымын, анын соо каруу-булчуңун да, сынган каруу-булчуңун да талкалайм, ошондо анын колунан кылычы түшүп калат.

    30:23 Мисирликтерди элдердин арасына чачам, жер-жерлерге сапырам.

    30:24 Ал эми Бабыл падышасынын каруу-булчуңдарын күчтүү кылам, анын колуна өзүмдүн кылычымды берем, фараондун каруу-булчуңдарын болсо кыйратам, оор жарадар болгон адам кандай онтосо, ал анын алдында ошондой онтойт.

    30:25 Бабыл падышасынын каруу-булчуңдарын чыңдайм, ал эми фараондун каруу-булчуңдары шалдаят. Мен өзүмдүн кылычымды Бабыл падышасынын колуна бергенде, ал аны Мисир жерине сунганда, Менин Теңир экенимди билишет.

    30:26 Мисирликтерди элдердин арасына таратам, жер-жерлерге сапырам, ошондо Менин Теңир экенимди билишет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск