Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Иерусалимдеги катуу уруш жөнүндө көрүнүш көрүү

    9:1 Ал менин кулагыма аябай катуу эн менен мындай деди: «Шаарды жазалоочулар жакын келишсин, ар биринин колунда кыйратуучу куралы болсун».

    9:2 Ошондо мен түндүк жакты караган жогорку дарбаза жактан ар биринин колунда кыйратуучу куралы бар алты киши келе жатканын көрдүм. Алардын арасында зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар бирөө бар экен. Алар келип, жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын жанына турушту.

    9:3 Ысрайыл Кудайынын даңкы керуптардын үстүнөн Yйдүн босогосуна түшүп, зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар адамды чакырды.

    9:4 Теңир ага мындай деди: «Шаарды аралап өт, Иерусалим шаарын аралап өт, анын ичинде болуп жаткан жийиркеничтүү иштер үчүн кайгырган, эшкүргөн адамдардын чекесине белги кой».

    9:5 Тигилерге болсо менин кулагыма угуза мындай деп айтты: «Анын артынан эүрчип, шаарды аралап, кыргыла. Көзүңөр аябасын, бооруңар оорубасын.

    9:6 Карыяны да, уланды да, кызды да, наристени да, аялдарды да өлтүргүлө. Бирок белгиси барлардын бирине да тийбегиле. Менин ыйык жайымдан баштагыла». Ошондо алар Теңир үйүнүн алдында турган аксакалдардан башташты.

    9:7 Анан аларга мындай деди: «Теңир үйүн булгагыла, короолорду өлүктөргө толтургула, анан сыртка чыккыла». Алар сыртка чыгышты да, шаардагыларды өлтүрө башташты.

    9:8 Аларды өлтүрүп жатышканда, мен ошол жерде турдум. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып, боздоп ыйлап: «Оо Кудай-Теңир! Иерусалимге каарыңды төгүп, чын эле, Сен Ысрайылдын бүт калдыгын кырып саласыңбы?» – дедим.

    9:9 Ошондо Ал мага мындай деди: «Ысрайыл менен Жүйүт тукумунун күнөөсү чоң, абдан чоң. Бул жер канга толду, шаар жалганчылыкка толду, анткени алар: “Теңир бул жерди таштап койду, Теңир бул жерди көрбөйт”, – деп жатышат.

    9:10 Ошон үчүн Менин көзүм да аябайт, ырайым кылбайм. Аларга өздөрүнүн жолдоруна жараша тиешесин берем».

    9:11 Ошондо зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар киши: «Сен мага кандай буйрусаң, мен ошондой кылдым», – деп жооп берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск