Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Ийбадаткананы таштап кеткен Теңирдин даңкы жөнүндөгү көрүнүш

    10:1 Анан мен керуптардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асманда сапфир ташы сымал тактыга окшош бир нерсе турганын көрдүм, ал керуптардын үстүнөн көрүнүп турду.

    10:2 Ал зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге: «Керуптардын астына, дөңгөлөктөрдүн ортосуна кир, керуптардын ортосунда күйүп жаткан көмүрдөн кош ууч толтура ал, аны ушул шаарга ыргыт», – деди. Ошондо ал менин көз алдымда кирди.

    10:3 Ал киши киргенде, керуптар Yйдүн түштүк жагында турушкан. Ошондо ички короо булутка толду.

    10:4 Теңирдин даңкы керуптардын үстүнөн көтөрүлүп, Yйдүн босогосуна келди, Yй булутка толду, короо Теңирдин даңкынын жарыгына толду.

    10:5 Керуптардын канатынан чыккан добуш кудуреттүү Кудайдын сүйлөп жаткандагы үнүнө окшоп, сырткы короого чейин угулуп турду.

    10:6 Ал зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге: «Дөңгөлөктөрдүн ортосунан, керуптардын ортосунан от ал», – деп буйрук кылганда, ал кирип, дөңгөлөктүн жанына барып турганда,

    10:7 керуптардын бири өздөрүнүн ортосундагы отко колун созуп, андан кош ууч от алып, зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге берди. Ал аны алып, ал жерден чыкты.

    10:8 Керуптардын канаттарынын астынан адамдын колдоруна окшогон колдор көрүнүп турду.

    10:9 Мен керуптардын жанында төрт дөңгөлөк турганын көрдүм, ар бир керуптун жанында бирден дөңгөлөк. Дөңгөлөктөрдүн көрүнүшү топазга окшош экен.

    10:10 Төртөөнүн тең көрүнүшү бирдей, дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк тургансыйт.

    10:11 Алар өздөрүнүн багыты боюнча төрт жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатканда бурулушкан жок, баштары кай жакты караса, алар ошол жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатканда бурулушкан жок.

    10:12 Алардын бүт денеси, далысы, колдору, канаттары, дөңгөлөктөрдүн баары тегерете көзгө толгон. Алардын бүт төрт дөңгөлөгү көзгө толгон.

    10:13 Мен бул дөңгөлөктөрдүн “Галгал”1 деп аталарын өз кулагым менен уктум.

    10:14 Ар бир жаныбардын төрттөн бети бар экен: биринчи бети – керуптун бети, экинчи бети – адамдын бети, үчүнчү бети – арстандын бети, төртүнчү бети – бүркүттүн бети.

    10:15 Керуптар көтөрүлдү. Булар мен Кебар дарыясынын боюнан көргөн жаныбарлар болчу.

    10:16 Керуптар жүрүшкөндө, алардын жанындагы дөңгөлөктөр да жүрдү. Керуптар жерден көтөрүлүү үчүн канаттарын көтөргөндө, дөңгөлөктөр да алардан бөлүнгөн жок, алардын жанында болду.

    10:17 Тигилер токтоп калышканда, булар да токтоп калышты, тигилер көтөрүлгөндө, булар да көтөрүлдү, анткени аларда жаныбарлардын руху бар болчу.

    10:18 Анан Теңирдин даңкы Yйдүн босогосунан кетип, керуптардын үстүнө келип турду.

    10:19 Ошондо керуптар канаттарын көтөрүп, менин көз алдымда жерден көтөрүлүштү. Алар жөнөгөндө, дөңгөлөктөр да алардын жанында болду. Алар Теңир үйүнүн чыгыш дарбазасынын кире беришине келип турушту, алардын жогору жагында Ысрайыл Кудайынын даңкы турду.

    10:20 Булар мен Кебар дарыясынын боюнда Ысрайыл Кудайынын астынан көргөн жаныбарлар эле. Ошондо мен булардын керуптар экенин билдим.

    10:21 Ар биринин төрттөн бети, төрттөн канаты, канаттарынын астында адамдын колуна окшош колдору бар эле.

    10:22 Алардын беттери мен Кебар дарыясынын жүүгинен көргөн керуптардын беттерине окшош эле, көрүнүштөрү да, өздөрү да ошондой эле. Ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск