Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Иерусалимдин жазаланары жөнүндөгү көрүнүш

    11:1 Анан мени рух көтөрүп, эйдүн чыгышты караган чыгыш дарбазасына алып келди. Дарбазанын кире беришинде жыйырма беш киши туруптур. Алардын арасынан эл төрөлөрү Азур уулу Жазания менен Беная уулу Пелатияны көрдүм.

    11:2 Ошондо Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Булар – мыйзамсыздык кылууну ойлогон, ушул шаарда жаман кеңеш берген адамдар.

    11:3 Алар: “Жакында эмес. Yйлөрдү куралы. Шаар – казан, биз болсо этпиз”, – дешет.

    11:4 Ошондуктан аларга каршы пайгамбарчылык кыл, адам уулу, пайгамбарчылык кыл».

    11:5 Ошондо мага Теңирдин Руху түшүп, мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Ысрайыл, силердин эмнени сүйлөп жатканыңарды жана акылыңарга эмне келерин Мен билем.

    11:6 Силер бул шаарда көп адамдарды өлтүрдүңөр, анын көчөлөрүн өлүктөргө толтурдуңар”.

    11:7 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер бул шаарда өлтүргөн өлүктөр – эт, шаар болсо – казан. Бирок Мен силерди анын ичинен чыгарам.

    11:8 Силер кылычтан коркосуңар, ошон үчүн Мен силерге каршы кылыч жиберем, – дейт Кудай-Теңир.

    11:9 Мен силерди анын ичинен чыгарып, башкалардын колуна салып берем, ошентип, силерди жазалайм.

    11:10 Кылычтан өлөсүңөр. Силерди Ысрайыл жеринде жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

    11:11 Ал шаар силер үчүн казан болбойт, силер анын ичиндеги эт болбойсуңар. Силерди Ысрайыл жеринде жазалайм.

    11:12 Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, анткени силер Менин буйруктарым боюнча жүргөн жоксуңар, Менин мыйзамдарымды аткарган жоксуңар, тескерисинче, тегерегиңердеги элдердин мыйзамдары боюнча жүрдүңөр”».

    11:13 Мындай болду: мен пайгамбарчылык кылып жатканда, Беная уулу Пелатия өлдү. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып, катуу өкүрүп: «Оо Кудай-Теңир! Чын эле, Сен Ысрайылдын калдыгын акырына чейин кыргың келип жатабы?» – дедим.

    Чачылып кеткен ысрайылдыктарга берген Кудайдын убадасы

    11:14 Ошондо мага Теңирден сөз болду:

    11:15 «Адам уулу! Иерусалим тургундары бир туугандарыңа, кандаш бир туугандарыңа жана бүт Ысрайылга, алардын баарына: “Теңирден алыс жашагыла. Бул жер бизге эүлик кылууга берилген”, – деп жатышат.

    11:16 Буга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен аларды элдердин арасына кууп жибергениме карабастан, аларды жер-жерлерге чачыратып жибергениме карабастан, алар барган жерлерде Мен алар үчүн анча чоң эмес ыйык жай болом”.

    11:17 Ошондуктан айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерди элдердин арасынан чогултам, кайсы жерлерде чачылып жүрсөңөр, ошол жерлерден силерди кайра алып келем. Силерге Ысрайыл жерин берем”.

    11:18 Алар ал жерге келип, анын ичинен анын бардык жийиркеничтерин, анын бардык ыпыластыктарын жок кылышат.

    11:19 Аларга бир жүрөк берем, алардын ичине жаңы рух салам, алардын денесинен таш жүрөгүн алып, аларга эт жүрөк берем.

    11:20 Ошондо алар Менин буйруктарым боюнча жүрүшөт, мыйзамдарымды сакташат, аларды аткарышат жана Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом.

    11:21 Ал эми кимдин жүрөгү өзүнүн жийиркеничтерине жана ыпыластыктарына кызыгып, ошолордун артынан түшө турган болсо, анда аларды өздөрүнүн жолдоруна жараша жазалайм, – дейт Кудай-Теңир».

    Теңирдин даңкынын Иерусалимди калтырып кетиши

    11:22 Ошондо керуптар өз канаттарын көтөрдү, алардын жанындагы дөңгөлөктөр да көтөрүлдү. Алардын жогору жагындагы Ысрайыл Кудайынын даңкы да көтөрүлдү.

    11:23 Ошентип, Теңирдин даңкы шаардын ортосунан көтөрүлүп, шаардын чыгыш жагындагы тоонун үстүнө токтоду.

    11:24 Анан мени рух көтөрүп, Кудайдын Руху көргөзгөн көрүнүштө Каздимге, көчүрүлүп кеткендерге алып келди. Анан мен көргөн көрүнүш мени таштап кетти.

    11:25 Ошондо мен Теңирдин мага ачып берген бардык сөзүн көчүрүлүп кеткендерге айтып бердим.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск