Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Туткундалып кетүү жөнүндө пайгамбарчылык

    12:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    12:2 «Адам уулу! Сен козголоңчул тукумдун арасында жашап жатасың. Алардын көрө турган көзү бар, бирок көрүшпөйт, алардын уга турган кулагы бар, бирок угушпайт, себеби алар – козголоңчул тукум.

    12:3 Ал эми сен, адам уулу, көчүүгө керектүү нерселериңди даярда, анан алардын көз алдында күндүз көчүп кет, алардын көз алдында өзүң турган жерден башка жерге көчүп кет. Алар козголоңчул тукум болгонуна карабастан, балким, түшүнүшөр.

    12:4 өзүңдүн буюмдарыңды көчүүгө керектүү буюмдар катары алардын көз алдында күндүз алып чык, өзүң да көчүп бараткандай болуп, алардын көз алдында кечинде чык.

    12:5 Алардын көз алдында дубалды теш, буюмдарыңды ошол тешик аркылуу алып чык.

    12:6 Алардын көз алдында жүгүңдү ийиниңе салып, аны караңгыда алып чык, жерди көрбөш үчүн, жүзүңдү жаап ал, анткени Мен сени Ысрайылга белги катары койдум».

    12:7 Ошондо мага кандай буйрук берилсе, мен ошондой кылдым: буюмдарымды көчүүгө керектүү буюмдар катары күндүз алып чыктым, кечинде болсо дубалды колум менен тешип, караңгыда жүктү алып чыгып, алардын көз алдында ийиниме салдым.

    12:8 үртең менен мага Теңирден сөз болду:

    12:9 «Адам уулу! Козголоңчул Ысрайыл сенден: “үмне кылып жатасың?” – деп сураган жокпу?

    12:10 Аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт де: “Бул пайгамбарчылык Иерусалимдеги башкаруучуга жана ал жерде жашаган бүт Ысрайылга тиешелүү”.

    12:11 Айт: “Мен силер үчүн жышаанмын. Мен эмне кылсам, аларга ошондой болот, алар көчүрүлөт, туткунга кетет”.

    12:12 Алардын арасындагы башчы жүгүн ийинине салып, караңгыда чыгат. Аны дубал аркылуу жөнөтүш үчүн, дубалды тешишет. Ал бул жерди көрбөш үчүн, жүзүн жаап алат.

    12:13 Мен ага торумду жаям, ал Менин торума түшөт, Мен аны Бабылга, Каздим жерине, алып келем, бирок ал аны көрбөйт, ошол жерде өлөт.

    12:14 Ал эми анын тегерегиндеги жактоочуларын жана бүт аскерин туш тарапка сапырып жиберем, анан алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.

    12:15 Мен аларды элдердин арасына чачып жибергенде, жер-жерлерге сапырып жибергенде, алар Менин Теңир экенимди билишет.

    12:16 Алар кайсы элдердин арасына барышса, ошол элдердин арасында өздөрүнүн бардык жийиркеничтери жөнүндө айтып беришсин үчүн, Мен алардын ичинен бир аз сандагы адамдарды кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан сактап калам. Ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».

    12:17 Анан мага Теңирден сөз болду:

    12:18 «Адам уулу! Наныңды титиреп же, сууңду калтырап жана кайгырып ич.

    12:19 Анан бул жердин элине айт: Кудай-Теңир Иерусалимдин тургундары жөнүндө, Ысрайыл жери жөнүндө мындай дейт де: Алар өз нанын кайгы менен жешет, өз суусун сарсанаа болуп ичишет, анткени алардын жери анда жашагандардын кыянат иштери үчүн бардык молчулуктан ажырайт.

    12:20 үл отурукташкан шаарлар бүлгүнгө учурап, жер эүн калат, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер».

    Пайгамбарчылыктардын аткарылары жөнүндө

    12:21 Анан мага Теңирден сөз болду:

    12:22 «Адам уулу! Силердин Ысрайыл жеринде: “Көп күндөр өтөт, анан ар кандай пайгамбарчылык жок болот”, – деп айтып жүргөн макалыңар эмне деген макал?

    12:23 Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Бул макалды жок кылам, ошондон кийин Ысрайылда мындай макал айтышпайт, бирок аларга айт: «Ал күндөрдүн келерине жана ар бир пайгамбарчылыктын аткарыларына аз калды»”.

    12:24 Анткени Ысрайылда мындан ары үч кандай жалган көрүнүш жана жалган пайгамбарчылык болбойт.

    12:25 Анткени Мен Теңирмин, Мен айтып жатам, Мен айткан сөз аткарылат, кийинкиге калтырылбайт. Силердин күндөрүңөрдө, козголоңчул тукум, Мен эмнени айтсам, ошону аткарам», – дейт Кудай-Теңир.

    12:26 Анан мага Теңирден сөз болду:

    12:27 «Адам уулу! Ысрайыл мындай деп жатат: “Ал көргөн пайгамбарчылык көрүнүш көп күндөрдөн кийин аткарылат, ал алыскы мезгилдер жөнүндө пайгамбарчылык кылып жатат”.

    12:28 Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мындан ары Менин сөзүмдүн бири да кийинки мөөнөткө калтырылбайт. Бирок Мен айткан сөз аткарылат”», – дейт Кудай-Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск