Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Жалган пайгамбарлар жөнүндө пайгамбарчылык

    13:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    13:2 «Адам уулу! Пайгамбарчылык кылып жаткан Ысрайыл пайгамбарларына каршы пайгамбарчылык кыл, өз оюнан чыгарып пайгамбарчылык кылып жаткан пайгамбарларга айт: “Теңирдин сөзүн уккула!

    13:3 Кудай-Теңир мындай дейт: «үч нерсе көрбөй эле өзүнүн рухуна жетеленип жүргөн акылсыз пайгамбарларга кайгы!

    13:4 Ысрайыл, сенин пайгамбарларың урандылардын арасында жүргөн түлкүлөрдөй.

    13:5 Теңирдин күнү келгенде, согушта туруштук бериш үчүн, талкаланып тешилген жайга кирген жоксуңар жана Ысрайылды дубал менен курчаган жоксуңар».

    13:6 Алар жалган көрүнүш көрүштү, «Теңир айтты» деп, жалган пайгамбарчылык кылышты. Бирок аларды Теңир жиберген эмес. Алар сөз ордунан чыгат деп эмүттөндүрүп жатышат.

    13:7 Силер жалган көрүнүш көргөн жоксуңарбы? Мен айтпасам да, «Теңир айтты» деп, жалган пайгамбарчылык кылып жаткан жоксуңарбы?”

    13:8 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер жалган нерселерди айтып жатканыңар үчүн, жалган көрүнүш көрүп жатканыңар үчүн Мен силерге каршымын, – дейт Кудай-Теңир.

    13:9 Менин колум жалган көрүнүш көрүп жаткан, жалган пайгамбарчылык кылып жаткан ушул пайгамбарларга каршы болот. Алар Менин элимдин кеңешмесинде болушпайт, Ысрайылдын тизмесине жазылышпайт, Ысрайыл жерине киришпейт. Ошондо силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер.

    13:10 Анткени алар тынчтык жок болсо да, «Тынчтык» деп, Менин элимди адаштырып жатышат. эл дубал куруп жатса, алар аны ылай менен шыбап жатышат.

    13:11 Дубалды ылай менен шыбап жаткандарга: «Дубал кулайт», – деп айт. Кара нөшөр төгөт, ошондо силер, таш мөндүрлөр, кулап түшөсүңөр; аны катуу шамал кулатат.

    13:12 Дубал кулайт. Ошондо силерге: «Силер шыбаган баягы шыбак кана?» – деп кантип айтышпасын?”

    13:13 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен каарданып жатканымда, катуу шамал жиберем, Мен ачууланып жатканымда, кара нөшөр төгүлөт, Мен кыжырданып жатканымда, кырыш үчүн таш мөндүрлөр түшөт.

    13:14 Ошентип, силер ылай менен шыбаган дубалды кыйратам, аны жерге кулатам, ошондо анын пайдубалы ачылат, ал кулайт, силер да аны менен кошо өлөсүңөр. Ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.

    13:15 Ошентип, Мен өз каарымды дубалга жана аны ылай менен шыбагандарга төгөм, анан силерге мындай дейм: Дубал да жок, аны шыбагандар –

    13:16 тынчтык жок болсо да, тынчтык жөнүндө көрүнүш көрүп, Иерусалимге пайгамбарчылык кылган Ысрайыл пайгамбарлары жок, – дейт Кудай-Теңир.

    13:17 Адам уулу, сен болсо өз элиңдин өз жүрөгүнөн пайгамбарчылык кылып жаткан кыздарына жүзүңдү буруп, аларга каршы пайгамбарчылык кылып,

    13:18 мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт де: «Колтуктун астына сыйкырдуу жаздыкча тиккендерге, адамдарды тузакка түшүрүш үчүн, бою ар кандай адамдардын баштары үчүн жабуу жасагандарга кайгы! Менин элимдин жанын тузакка түшүрүү менен өз жаныңарды сактап калабыз деп турасыңарбы?

    13:19 Жалганды уккан элиме жалган сүйлөп, өлбөш керек болгон жандарды өлтүрүп, жашабаш керек болгондордун жанын калтырып, бир ууч арпа үчүн, бир кесим нан үчүн өз элимдин арасында Мени уят кылдыңар»”.

    13:20 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силердин сыйкырдуу жаздыкчаңарга каршымын, ал жаздыкчалар менен силер чымчыкты тузакка түшүргөнсүп, жандарды тузакка түшүрүп жатасыңар, Мен аларды колтугуңардан жулуп алып, тузакка түшкөн чымчыкты эркиндикке коё бергендей, силер тузакка түшүргөн жандарды эркиндикке чыгарам.

    13:21 Мен силердин жабууңарды тытып, өз элимди силердин колуңардан куткарам. Алар мындан ары колуңарга түшкөн олжо болбойт, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.

    13:22 Мен өзүм кайгыга салууну каалабаган адил адамдын жүрөгүн силер жалгандык менен кайгыга салганыңар үчүн, мыйзамсыз киши өзүнүн бузулган жолунан бурулбасын деп, өз өмүрүн сактап калбасын деп, анын иштерин колдоп жатканыңар үчүн,

    13:23 мындан ары жалган көрүнүш көрбөйсүңөр, жалган пайгамбарчылык кылбайсыңар. Мен өз элимди силердин колуңардан куткарып алам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск