Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-БөЛЄМ

    Жакыптын эйсап менен жолугушуусу

    33:1 Жакып көз чаптырып, эйсаптын келе жатканын көрдү. Анын жанында төрт жүз адам бар экен. Ошондо ал Леянын, Рахелдин жана эки күңдүн балдарын өз-өзүнчө бөлүп койду.

    33:2 Күңдөрүн жана алардын балдарын алдыга койду, Леяны жана анын балдарын алардын артына, ал эми Рахел менен Жусупту алардын артына койду.

    33:3 өзү болсо алардын алдына өтүп, бир тууганына жакын келгенче, жети ирет жерге чейин башын ийип таазим этти.

    33:4 Ошондо эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкүлөдү, анан экөө тең ыйлашты.

    33:5 эйсап анын аялдары менен балдарын көрүп: «Буларың ким?» – деп сурады. «Кудайдын кулуңа берген балдары», – деп жооп берди Жакып.

    33:6 Ошондо күңдөр менен алардын балдары жакын келип, ага таазим кылышты.

    33:7 Лея да балдары менен келип таазим этти. Акырында Жусуп менен Рахел да келип таазим этишти.

    33:8 Анан эйсап андан: «Сен бул көп сандаган малды кандай максат менен жибердиң?» – деп сурады. Жакып ага: «Мырзамдын алдында ырайым табуу үчүн», – деп жооп берди.

    33:9 Ошондо эйсап ага: «Бир тууганым, өзүмдүкү жетиштүү, өзүңдүкү өзүңдө калсын», – деди.

    33:10 «Жок, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, белектеримди кабыл ал, анткени жүзүңдү көргөндө, Кудайдын жүзүн көргөндөй болдум, сен мага ырайым кылдың.

    33:11 Менин сага алып келген тартуумду кабыл ал, анткени Кудай мага берди, менде баары бар», – деп, Жакып аны көндүрдү, эйсап кабыл алды.

    33:12 Анан эйсап: «Ордубуздан туруп жөнөйлү. Мен сени менен жөнөйүн», – деди.

    33:13 Жакып ага: «Мырзам өзү көрүп турат, балдарым жаш, ал эми майда жана бодо малым саан. эгерде малды күнү бою айдасак, анда бардык мал өлүп калат.

    33:14 Мырзам өз кулунун алдында кете берсин, ал эми мен алдымда бара жаткан малдын жүрүшүнө жараша, балдарымдын басыгына жараша жай жол жүрүп, мырзама, Сеирге келейин», – деди.

    33:15 «Жанымдагы кишилердин бир нечесин сени менен калтырайын», – деди эйсап. «Алардын кереги эмне? Мен мырзамдын алдында ырайым тапсам эле болду», – деди Жакып.

    33:16 Ошентип, эйсап ошол эле күнү өз жолу менен Сеирге кайтты.

    33:17 Жакып болсо Сукотко келип, ошол жерде өзүнө эй куруп, малына бастырма тургузду. Ошондуктан ал жерди Сукот деп атады.

    33:18 Жакып Месопотамиядан чыккандан кийин, Канаан жериндеги Шекем шаарына аман-үсен жетип, ошол шаарга жакын жайланышты.

    33:19 Анан ал Шекемдин атасы Хамордун балдарынан жүз тыйынга жер сатып алып, чатырын тикти.

    33:20 Ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ал жерди «Ысрайылдын Кудайы – кудуреттүү Кудай» деп атады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск