Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-БөЛЄМ

    Жакыптын эйсап менен жолугушууга даярданышы

    32:1 Жакып болсо өз жолу менен кетти. Жолдо ага Кудайдын периштелери жолукту.

    32:2 Жакып аларды көрүп: «Кудайдын аскерлери», – деди. Анан ал жерди Маханайим деп атады.

    32:3 Жакып өзүнөн мурун эдом аймагына, Сеир жериндеги бир тууганы эйсапка кабарчыларын жөнөттү.

    32:4 Аларга мындай буйрук берди: «Мырзам эйсапка кулуң Жакып мындай дейт дегиле: “Мен Лабандыкында бүгүнкү күнгө чейин жашап турдум.

    32:5 Менин өгүздөрүм, эшектерим, майда малым, кулдарым, күңдөрүм бар. Мен сенин алдыңда ырайым табуу үчүн, өзүм жөнүндө мырзама кабарлап коюуга киши жибердим”».

    32:6 Кабарчылар Жакыпка кайра келип: «Биз бир тууганың эйсапка бардык. Ал сени тосуп келе жатат, жанында төрт жүз адам бар», – деп айтышты.

    32:7 Жакып абдан коркуп, тынчы кетти. Ал өзүнүн адамдарын, майда жана бодо малын, төөлөрүн эки топко бөлдү.

    32:8 Ал: «үгер эйсап кол салып бир топту талкаласа, экинчи топ кутулуп кете алат», – деп ойлоду.

    32:9 Анан Жакып Кудайга мындай деп кайрылды: «О, атам Ыбрайымдын Кудайы жана атам Ыскактын Кудайы, Теңирим, Сен мага: “өз жериңе, мекениңе кайт, Мен сени колдойм!” – дедиң эле.

    32:10 Сенин өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа татыксызмын, анткени мен бул Иордандан жалгыз таягым менен өттүм эле, азыр болсо эки станым бар.

    32:11 Мени бир тууганым эйсаптын колунан куткар, анткени мен андан корком, ал келип, мени жана балдарымды энелери менен кошо өлтүрүп койбосун.

    32:12 Сен мага: “Мен сени колдоп, укум-тукумуңду деңиз кумундай көбөйтүп, көптүгүнөн санап чыккыс кылам”, – деп айткансың».

    32:13 Жакып ал түнү ошол жерде түнөдү. Анан ал өзүнүн мал-мүлкүнөн бир тууганы эйсапка белек кылуу үчүн буларды алды:

    32:14 үки жүз эчки, жыйырма теке, эки жүз кой, жыйырма кочкор,

    32:15 отуз иңген ботолору менен, кырк уй, он өгүз, жыйырма ургаачы, он эркек эшек.

    32:16 Кулдарына ар бир үйүрдү өзүнчө бөлүп берип, аларга: «Менин алдыма түшкүлө, үйүрлөрдүн ортосунда аралык болсун», – деди.

    32:17 Анан биринчи адамга минтип буйруду: «Бир тууганым эйсап алдыңан чыгып: “Кимдин кулусуң? Кайда бара жатасың? Айдаган малың кимдики?” – деп сураса, сен:

    32:18 “Сенин кулуң Жакыптыкы. Булар – мырзам эйсапка жиберилген белек. Ал өзү да биздин артыбызда келе жатат”, – де».

    32:19 Ошондой эле экинчисине да, үчүнчүсүнө да, үйүр-үйүр малдын артында бара жаткандардын бардыгына: «үйсапка жолуксаңар, ушундай дегиле», – деп буйрук берди.

    32:20 «Дагы мындай дегиле: “Кулуң Жакып да биздин артыбызда келе жатат”», – деди. Анткени ал ичинен: «Жөнөтүп жиберген белектерим менен анын жүрөгүн жумшартайын, андан соң жүз көрүшөйүн. Мүмкүн, мени кабыл алар», – деп ойлогон.

    32:21 Ошентип, белектерин жөнөтүп жиберди. Ал эми өзү ошол түнү станда түнөп калды.

    32:22 Ошол түнү ордунан туруп, эки аялын, эки күңэн, он бир уулун алып, Жабок суусун кечип өттү.

    32:23 Аларды шар суудан алып өттү, өзүнүн бардык мал-мүлкүн өткөрдү.

    Жакыптын Кудай менен кармашышы

    32:24 Ошентип, Жакып жалгыз калды. Ошондо таң атканга чейин Бирөө аны менен кармашты.

    32:25 Ал Жакыпты жеңе албастыгын көрүп, аны менен кармашып жатканда, жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койду.

    32:26 Анан Ал: «Коё бер Мени, таң атып кетти», – деди. Жакып Ага: «Мага батаңды бермейинче, коё бербеймин Сени», – деди.

    32:27 Ал Жакыптан: «Атың ким?» – деп сурады. Ал: «Жакып», – деп жооп берди.

    32:28 Ошондо Ал мындай деди: «Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен, адамдар менен кармашып, жеңип чыктың».

    32:29 Жакып да: «Атыңды айт», – деди. Ал: «үмне үчүн Менин атымды сурап жатасың?» – деди да, ошол жерде ага батасын берди.

    32:30 Анан Жакып: «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок тирүү калдым», – деп, ал жерди Пенуел деп атады.

    32:31 Ал Пенуелден өтүп бара жатканда, күн чыкты. Ал жамбашынан сылтып бара жатты.

    32:32 Ошондуктан Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Кармашуучу Жакыптын жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койгон.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск