Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 35

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    35-БөЛЄМ

    Кудайдын Жакыпка бата бериши

    35:1 Кудай Жакыпка мындай деди: «Ордуңан туруп, Бейтелге жөнө, ошол жерде жаша. Бир тууганың эйсаптан качып бара жатканыңда сага келген Кудайга арнап, ошол жерге курмандык чалынуучу жай кур».

    35:2 Ошондо Жакып өз эй-бүлөсү менен өз кишилерине мындай деди: «Бөтөн кудайларыңарды таштагыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла.

    35:3 Ордубуздан туруп, Бейтелге жөнөйлү. Башыма оор күн түшкөн күнү мени угуп, мен жүргөн жолдо мени менен бирге болгон Кудайга курмандык чалынуучу жай курайын».

    35:4 Алар Жакыпка өздөрүнүн бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрүн беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмен дарагынын түбүнө көөмп салды.

    35:5 Ошентип, алар жөнөп кетишти. Тегерек-четтеги шаарларга Кудайдын коркунучу туулуп, Жакыптын уулдарынын артынан куушкан жок.

    35:6 Жакып өзүнүн кишилери менен Канаан жериндеги Лузга, башкача айтканда, Бейтелге келди.

    35:7 Анан ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ошол жерди эл-Бейтел деп атады, анткени ал өз бир тууганынан качып бара жатканда, ошол жерде ага Кудай келген.

    35:8 Ребеканын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин төмөн жагындагы эмендин түбүнө коюлду. Жакып аны Алан-Бакут деп атады.

    35:9 Жакып Месопотамиядан кайтып келгенден кийин, Кудай дагы келип, ага батасын берди.

    35:10 Ошондо Кудай ага мындай деди: «Сенин атың Жакып. Мындан ары сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот». Ошентип, ага Ысрайыл деген ат койду.

    35:11 Кудай ага дагы: «Мен Кудаймын, Кудуреттүүмүн. Укумдап-тукумдап көбөйө бер. Сенден көптөгөн элдер, падышалар чыгат.

    35:12 Мен Ыбрайым менен Ыскакка берген жерди сага жана сенин укум-тукумуңа берем», – деди.

    35:13 Анан Кудай андан, ага сүйлөгөн жерден көтөрүлүп кетти.

    35:14 Ошондо Жакып өзүнө Кудай сүйлөгөн жерге таштан үстелик тургузуп, анын үстүнө куюлуучу курмандыкты куюп, анын үстүнө зайтун майын куйду.

    35:15 Ошентип, ал Кудай өзүнө сүйлөгөн жерди Бейтел деп атады.

    Рахелдин көз жумушу

    35:16 Анан алар Бейтелден жөнөп кетишти. эфратага бир аз калганда, Рахел төрөдү. Анын төрөтү оор болду.

    35:17 Ал төрөттөн кыйналып жатканда, аначы кемпир мындай деди: «Коркпо, анткени мунуң да уул болот».

    35:18 Жаны чыгып бара жаткан Рахел баланын атын Бен-Они койду. Бирок баланын атасы анын атын Бенжемин койду.

    35:19 Рахел өлүп, эфратага бараткан жолдун боюна коюлду, башкача айтканда, Бейт-Лехемге коюлду.

    35:20 Жакып анын мүрзөсүнүн үстүнө үстелик койду. Ал мүрзөнүн үстүндөгү үстелик бүгүнкү күнгө чейин турат.

    35:21 Анан Ысрайыл жолго чыгып, эйдер мунарасынын ары жагына чатырын тикти.

    Жакыптын уулдары

    35:22 Ысрайыл бул өлкөдө жашап турганда, Рубейин барып, атасынын күңү Била менен жатып алды. Муну Ысрайыл укту. Жакыптын он эки уулу бар эле.

    35:23 Леянын уулдары: Жакыптын туну Рубейин, андан кийинкилери Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар жана Забулун.

    35:24 Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжемин.

    35:25 Рахелдин күңү Биланын уулдары: Дан менен Напталы.

    35:26 Леянын күңү Зилпанын уулдары: Гат менен Ашыр. Жакыптын бул уулдары Месопотамияда төрөлүшкөн.

    Ыскактын көз жумушу

    35:27 Ошентип, Жакып атасы Ыскакка, Ыбрайым менен Ыскак жашаган Мамрейге, Кирийат-Арбага, башкача айтканда, Хебронго келди.

    35:28 Ошондо Ыскак жүз сексен жашта эле.

    35:29 Ыскак карылыгы жетип, өмүргө тоюп көз жумуп, өз элине кошулду. Аны уулдары эйсап менен Жакып көргө коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск