Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 36

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    36-БөЛЄМ

    үйсаптын санжырасы

    36:1 эйсаптын, башкача айтканда, эдомдун санжырасы мындай:

    36:2 эйсап Канаан кыздарынан аял алды. Ал хеттик эйлон кызы Аданы, хибилик Сибон уулу Ананын кызы Олибаманы жана

    36:3 Ысмайыл кызы, Ныбайоттун карындашы Басыматты алды.

    36:4 Ада эйсапка элипазды төрөп берди. Басымат Ребуелди төрөдү.

    36:5 Олибама Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөдү. эйсаптын бул уулдары Канаан жеринде төрөлүштү.

    36:6 эйсап аялдарын, уулдарын, кыздарын, үйүндөгү бардык адамдарын, үйүр-үйүр малын, Канаан жеринде тапкан бардык мал-мүлкүн алып, бир тууганы Жакыптан бөлүнүп, башка жерге кетти.

    36:7 Анткени алардын мал-мүлкү аябай көп болгондуктан, бирге жашай албай калышкан эле. Малынын көптүгүнөн аларга жашаган жери тардык кылды.

    36:8 эйсап Сеир тоосуна жайланышты. эйсап – бул эдом.

    36:9 Сеир тоосундагы эдомдуктардын атасы эйсаптын санжырасы мындай:

    36:10 эйсаптын уулдарынын аттары: эйсаптын аялы Аданын уулу элипаз жана эйсаптын аялы Басыматтын уулу Ребуел.

    36:11 үлипаздын уулдары: Тейман, Омар, Сепо, Гатам жана Кеназ.

    36:12 Тимна эйсаптын уулу элипаздын күңү болгон. Ал элипазга Амалыкты төрөп берген. эйсаптын аялы Аданын уулдары ушулар.

    36:13 Ребуелдин уулдары: Нахат менен Зерах, Шама менен Миза. Булар – эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.

    36:14 эйсаптын аялы, Сибондун уулу Ананын кызы Олибама эйсапка Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөп берген.

    36:15 Мына булар эйсаптын уулдарынын башчылары: эйсаптын тун уулу элипаздын уулдары: Тейман башчы, Омар башчы, Сепо башчы, Кеназ башчы.

    36:16 Корак башчы, Гатам башчы, Амалык башчы. Булар – эдом жериндеги элипаздын башчы уулдары. Булар – Аданын уулдары.

    36:17 эйсаптын уулу Ребуелдин уулдары булар: Нахат башчы, Зерах башчы, Шама башчы, Миза башчы. Булар – эдом жериндеги Ребуелдин башчы уулдары. Булар – эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.

    36:18 эйсаптын аялы Олибаманын уулдары булар: Жейуш башчы, Жалом башчы, Корак башчы. Булар – эйсаптын аялы, Ананын кызы Олибаманын башчы уулдары.

    36:19 Булар – эйсаптын уулдары жана алардын башчылары. Бул – эдом өзү.

    Сеирдин тукуму

    36:20 Бул жерде жашаган хорилик Сеирдин уулдары булар: Лотан, Шобал, Сибон, Ана,

    36:21 Дишан, эйсер жана Дишон. Булар – эдом жериндеги Сеирдин уулдары хориликтердин башчылары.

    36:22 Лотандын уулдары Хори менен эймам болгон. Ал эми Лотандын карындашы – Тимна.

    36:23 Шобалдын уулдары булар: Албан, Манахат, эйбал, Шепо жана Онам.

    36:24 Сибондун уулдары булар: Айа менен Ана. Атасы Сибондун эшектерин кайтарып жүрүп, чөлдөгү жылуу сууну тапкан Ана ушул.

    36:25 Ананын балдары булар: Дишон жана Ананын кызы Олибама.

    36:26 Дишондун уулдары булар: Хемдан, эшпан, Итран жана Керан.

    36:27 үйсердин уулдары булар: Билан, Заабан жана Акан.

    36:28 Дишандын уулдары булар: Ус жана Аран.

    36:29 Хориликтердин башчылары булар: Лотан башчы, Шобал башчы, Сибон башчы, Ана башчы,

    36:30 Дишон башчы, эйсер башчы, Дишан башчы. Ушулар – Сеир жериндеги хориликтердин башчылары.

    үдомдун падышалары

    36:31 Ысрайыл уулдарынын падышачылык кылуусунан мурда эдом жеринде падышачылык кылган падышалар булар:

    36:32 үдомдо Бейордун уулу Бела падышачылык кылган. Анын шаарынын аты – Динаба.

    36:33 Бела өлгөндөн кийин, анын ордуна ботсралык Зерахтын уулу Жобап падыша болду.

    36:34 Жобап өлүп, анын ордуна теймандыктардын жеринен Хушам падыша болду.

    36:35 Хушам да өлүп, анын ордуна Маап талаасында мидиандыктарды жеңген Быдаттын уулу Адат падыша болду. Анын шаарынын аты – Абыт.

    36:36 Адат да өлүп, анын ордуна Масрейкадан чыккан Самла падыша болду.

    36:37 Самла да өлүп, анын ордуна дарыя жүүгиндеги Рехоботтон чыккан Шабул падыша болду.

    36:38 Шабул да өлүп, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канан падыша болду.

    36:39 Акбардын уулу Баал-Канан да өлүп, анын ордуна Хадар падыша болду. Анын шаарынын аты – Пабу. Аялынын аты – Мейтабел, ал – Мей-Зааптын уулу Матрейданын кызы.

    36:40 Уруулары боюнча, жерлери боюнча, аттары боюнча эйсаптын башчы уулдарынын аттары булар: Тимна башчы, Алба башчы, Жетейт башчы,

    36:41 Олибама башчы, эйла башчы, Пинон башчы,

    36:42 Кеназ башчы, Тейман башчы, Мипсар башчы,

    36:43 Магдиел башчы, Ирам башчы. Булар – эдом башчылары, өздөрү эүлик кылган жердеги айыл-кыштактардын башчылары. эдомдуктардын атасы – эйсап.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск