Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 40

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    40-БөЛЄМ

    Жусуптун түрмөдө түш чечмелеши

    40:1 Ошондон кийин Мисир падышасынын шарап сунуучусу менен нан сунуучусу өздөрүнүн мырзасынын – Мисир падышасынын алдында айыптуу болуп калышты.

    40:2 Ошондо фараон сарайдагы өзүнүн эки кызматчысына: башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусуна ачууланып,

    40:3 аларды сакчылардын башчысынын үйүндөгү Жусуп камалган зынданга каматып салды.

    40:4 Сакчылардын башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады. Жусуп аларга кызмат кылды. Алар бир нече убакыт камакта жатышты.

    40:5 Бир күнү Мисир падышасынын зынданда камалып жаткан шарап сунуучусу менен нан сунуучусу түш көрүштү. экөө тең бир түндө өз-өзүнчө түш көрдү. Ар бирине өзгөчө мааниси бар түш кирди.

    40:6 Жусуп эртең менен аларга кирип, алардын тынчы кетип турганын көрдү.

    40:7 Ошондо ал мырзасынын үйүндө өзү менен бирге камакта жаткан фараон сарайынын кызматчыларынан: «үмне үчүн бүгүн маанайыңар пас?» – деп сурады.

    40:8 Алар ага: «Биз түш көрдүк. Чечмелеп берер киши жок», – дешти. Жусуп аларга: «Түштү Кудай чечмелейт эмеспи? Мага айтып бергилечи», – деди.

    40:9 Ошондо Жусупка башкы шарап сунуучу өз түшүн мындай деп айтып берди: «Түшүмдө бет алдымда жүзүм сабагы туруптур.

    40:10 Жүзүм сабагынын үч бутагы бар экен. Ал бүрдөп, гүл ачып, мөмө байлады, анан анын мөмөлөрү бышты.

    40:11 Фараондун чөйчөгү да менин колумда экен. Мен жүзүмдөн алып, фараондун чөйчөгүнө сыгып, чөйчөктү фараонго сундум».

    40:12 Жусуп ага мындай деди: «Түштүн чечмелениши мындай: үч бутак – бул үч күн.

    40:13 Yч күндөн кийин фараон сени бошотуп, кайрадан ордуңа коёт. Ошондо сен мурункудай эле ага чөйчөк сунасың.

    40:14 Сага жакшы болгондо, мени үсте. Мага жакшылык кылып, мен жөнүндө фараондун эсине салып, мени бул эйдөн чыгарып ал.

    40:15 Анткени мен эврейлердин жеринен уурдалып келгем. Зынданга салынгыдай, бул жакта да мен үч нерсе кылган эмесмин».

    40:16 Башкы нан сунуучу Жусуптун түштү жакшы чечмелегенин көрүп: «Мен да түш көрдүм. Түшүмдө тордолгон үч себетти башыма көтөрүп алыптырмын.

    40:17 Yстүнкү себетте фараондун наабайчы жасаган ар кандай тамагы бар экен. Башымдагы себеттеги тамакты канаттуулар чокулап жатышыптыр», – деди.

    40:18 Ошондо Жусуп ага мындай деп жооп берди: «Мунун чечмелениши мындай: үч себет – бул үч күн.

    40:19 Yч күндөн кийин фараон сенин башыңды алып, жыгачка асат. Канаттуулар денеңди чокуп жешет», – деди.

    40:20 Yч күндөн кийин фараондун туулган күнү болуп, ал өзүнүн бардык кызматчыларына той берди. Ошондо ал өзүнүн башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусун үстеди.

    40:21 Шарап сунуучусун мурдагы ордуна койду, ошондо ал чөйчөккө шарап куюп, фараонго сунду.

    40:22 Ал эми башкы нан сунуучусун, Жусуп чечмелегендей, жыгачка астырып салды.

    40:23 Бирок башкы шарап сунуучу Жусуп жөнүндө үстеген жок, аны унутуп койду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск