Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 46

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    46-БөЛЄМ

    Жакыптын Мисирге жол тартуусу

    46:1 Ошентип, Ысрайыл өзүнүн бардык мал-мүлкү менен жолго чыгып, Бейер-Шебага келди да, атасы Ыскактын Кудайына курмандык чалды.

    46:2 Ошондо Кудай Ысрайылды түнкү көрүнүштө: «Жакып! Жакып!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деп жооп берди.

    46:3 Кудай ага мындай деди: «Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын. Мисирге баргандан коркпо, анткени ошол жерде Мен сенден улуу эл жаратам.

    46:4 Мен Мисирге сени менен барам. Мен сени ал жерден кайра алып чыгам. Жусуп сенин көзүңдү өз колу менен жабат».

    46:5 Ошондо Жакып Бейер-Шебадан чыкты. Ысрайылдын уулдары атасы Жакыпты, балдарын, аялдарын арабаларга салып, алып жөнөштү. Жакыпты алып келүү үчүн, ал арабаларды фараон жиберген эле.

    46:6 Ошентип, алар Канаан жеринде тапкан мал-мүлкүн алып, Мисирге келишти. Ал жерге Жакып жана анын бүт тукуму келди.

    46:7 Ал өзү менен бирге Мисирге уулдары менен неберелерин, кыздары менен жүэндерин, бардык тукумун алып келди.

    46:8 Мисирге келген Ысрайыл уулдарынын аттары мындай: Жакып жана анын уулдары: Жакыптын туну Рубейин.

    46:9 Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми.

    46:10 Шымондун уулдары: Жемуел, Жамин, Ойат, Жахин, Сохар жана канаандык аялдан төрөлгөн Шабул.

    46:11 Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.

    46:12 Жүйүттүн уулдары: эйир, Онан, Шейла, Перес жана Зерак, бирок эйир менен Онан Канаан жеринде өлгөн. Перестин уулдары: Кесрон менен Хамул.

    46:13 Исахардын уулдары: Тола жана Пуба, Аюб жана Шимрон.

    46:14 Забулундун уулдары: Серет, эйлон жана Жахлиел.

    46:15 Булар – Месопотамияда Леянын Жакыптан төрөгөн уулдары жана анын кызы Дина. Анын бардык уул-кыздары – отуз үч жан.

    46:16 Гаттын уулдары: Сипон жана Хаги, Шуни жана эспон, эйри, Ароту жана Арейли.

    46:17 Ашырдын уулдары: Имна жана Ишпа, Ишпи жана Бирия, алардын карындашы Серак. Бириянын уулдары: Хебер жана Малкиел.

    46:18 Булар – Зилпанын уулдары. Зилпаны Лабан өз кызы Леяга берген. Ал Жакыпка он алты бала төрөп берген.

    46:19 Жакыптын аялы Рахелдин уулдары: Жусуп жана Бенжемин.

    46:20 Мисир жеринде Жусуптан Менаше менен эпрайым төрөлдү. Аларды ага оондук буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди.

    46:21 Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Ашбел. Гейра жана Нааман, эйхи жана Рош, Мупим, Хупим жана Арт.

    46:22 Булар – Рахелдин Жакыптан төрөгөн уулдары, бардыгы болуп он төрт жан.

    46:23 Дандын уулу: Хушим.

    46:24 Напталынын уулдары: Жахсиел жана Гуни, Жетсер жана Шилем.

    46:25 Булар – Биланын уулдары. Биланы Лабан өз кызы Рахелге берген. Ал Жакыпка бардыгы болуп жети бала төрөп берген.

    46:26 Жакып менен бирге Мисирге келгендердин, Жакыптын уулдарынын аялдарынан башка, анын өз канынан чыккандардын саны бардыгы болуп алтымыш алты жан эле.

    46:27 Жусуптан Мисирде эки уул төрөлгөн. Жакыптын Мисирге келген кишилеринин саны бардыгы болуп жетимиш жан.

    Жакыптын фараонго бата бериши

    46:28 Гошенге жол көрсөтсүн деп, Жакып Жүйүттү Жусупка өзүнөн мурун жиберди. Алар Гошенге келишти.

    46:29 Жусуп арабасын кошуп, атасы Ысрайылды тосуп алганы Гошенге жөнөп кетти. Ал атасын көргөндө, аны мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлады.

    46:30 Ошондо Ысрайыл Жусупка: «үми өлсөм болот, сенин жүзүңдү көрдүм, сен тирүү экенсиң», – деди.

    46:31 Жусуп бир туугандарына жана атасынын эй-бүлөсүнө: «Мен барып, фараонго кабарлап: “Канаан жериндеги бир туугандарым менен атамдын эй-бүлөсү мага келишти.

    46:32 Алар – койчулар, мал багышат. Алар майда жана бодо малын, бардык мал-мүлкүн ала келишти”, – деп айтайын.

    46:33 үгерде фараон силерди чакырып: “Силердин кесибиңер эмне?” – деп сураса,

    46:34 силер: “Сенин кулдарың биз да, аталарыбыз да жаш чагыбыздан бүгүнкү күнгө чейин мал багып келгенбиз”, – деп айткыла. Ошондо Гошен жеринде жашап каласыңар. Анткени мисирликтер үчүн койчулардын баары жийиркеничтүү», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск