Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 47

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    47-БөЛЄМ

    47:1 Жусуп фараонго келип, мындай деп кабарлады: «Канаан жеринен атам менен бир туугандарым майда жана бодо малы менен, өздөрүнүн бардык мал-мүлкү менен келишти. Азыр алар Гошен жеринде».

    47:2 Анан ал бир туугандарынын арасынан бешөөнү алып барып, фараонго тааныштырды.

    47:3 Ошондо фараон анын бир туугандарынан: «Силердин кесибиңер эмне?» – деп сурады. Алар фараонго: «Сенин кулдарың биз да, аталарыбыз да койчубуз», – деп жооп беришти.

    47:4 Алар фараонго: «Биз бул жерге жашаганы келдик, анткени кулдарыңдын малына жайыт жок, Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп жатат. Ошондуктан кулдарыңа Гошен жеринде жашоого уруксат бер», – дешти.

    47:5 Ошондо фараон Жусупка кайрылып, мындай деди: «Атаң менен бир туугандарың сага келди.

    47:6 Мисир жери кол астыңда. Атаң менен бир туугандарыңды эң жакшы жерге жайгаштыр. Алар Гошен жеринде жашашсын. эгерде алардын арасында жөндөмдүү кишилер бар экенин билсең, аларды менин малымдын үстүнөн көз салуучу кылып дайында».

    47:7 Анан Жусуп атасы Жакыпты фараонго алып келип тааныштырды. Жакып фараонго батасын берди.

    47:8 Фараон Жакыптан: «Канча жашка келдиң?» – деп сурады.

    47:9 Жакып фараонго: «Жер бетинде келгин болуп жашаганыма жүз отуз жыл болду. Ата-бабаларымдын жер бетинде келгин болуп жашаган жашына жеткен жокмун, аз жашадым, азаптуу күндөрдү өткөрдүм», – деди.

    47:10 Жакып фараонго батасын берип, фараондукунан чыкты.

    47:11 Ошентип, Жусуп атасы менен бир туугандарын Мисир жерине жайгаштырып, фараон айткандай, жер соорусу Раамсес аймагын алардын энчисине берди.

    Ачарчылык

    47:12 Жусуп атасы менен бир туугандарын, атасынын бүт эй-бүлөсүн ар бир эй-бүлөдөгү кишинин санына жараша эгин менен камсыз кылып турду.

    47:13 Ачарчылык аябай күч алгандыктан, бүт жер жүзүндө эгин түгөнүп, Мисир жери да, Канаан жери да жабыркады.

    47:14 Жусуп эгин сатып, Мисир жери менен Канаан жериндеги күмүштүн баарын жыйнап, фараондун үйүнө киреше кылып киргизди.

    47:15 Ошентип, күмүш Мисир жери менен Канаан жеринде түгөндү. Мисирликтердин бардыгы Жусупка келип: «Бизге нан бер, сенин алдыңда өлгөнүбүздүн эмне кереги бар, анткени күмүшүбүз түгөндү», – дешти.

    47:16 Жусуп аларга: «Күмүшүңөр түгөнсө, малыңарды айдап келгиле, эгинди малга айырбаштайм», – деди.

    47:17 Ошондо алар Жусупка малдарын айдап келишти. Жусуп аларга жылкыларынын, майда жана бодо малдарынын, эшектеринин ордуна эгин берип турду. Ал жылы аларды берген малынын ордуна эгин менен камсыз кылып турду.

    47:18 Ошентип, ал жыл да өттү. Кийинки жылы да алар Жусупка келип: «Мырзабыздан жашырбайбыз, күмүшүбүз түгөндү, бүт малыбыз да мырзабыздын колунда. Мырзабыздын алдында өзүбүз менен жерибизден башка үч нерсебиз калган жок.

    47:19 Сенин көз алдыңда өзүбүз өлүп, жерибиздин эүн калганынын эмне кереги бар? өзүбүздү да, жерибизди да эгинге сатып ал. Биз жерибиз менен фараонго кул бололу, өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, жерибиз эүн калбашы үчүн, бизге эрөн бер», – дешти.

    47:20 Ошондо Жусуп бүткүл Мисир жерин сатып алып, фараондун карамагына өткөрдү. Ачарчылык кыйнагандыктан, мисирликтердин баары өз талааларын сатышты. Ошентип, жер фараондун карамагына өттү.

    47:21 Фараон Мисирдин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элди кул кылып алды.

    47:22 Жусуп буткана кызматчыларынын гана жерлерин сатып алган жок, анткени буткана кызматчылары фараондон жер алууга тийиш эле. Алар фараон берген жер менен оокат кылышкан, ошондуктан жерлерин сатышкан жок.

    47:23 Ошондо Жусуп элге кайрылып: «Мына эми мен силерди да, жериңерди да фараондун карамагына өткөрдүм. Мына бул эрөндү алып, жериңерге эккиле.

    47:24 Түшүмдү жыйнаганыңардан кийин, анын бештен бир бөлүгүн фараонго бергиле, ал эми төрт бөлүгү талаага сепкениңерге, өзүңөр жегениңерге, үйүңөрдө жашагандарыңарга, балдарыңардын жегенине калсын», – деди.

    47:25 Алар Жусупка: «Сен биздин өмүрүбүздү сактап калдың. Мырзабыздын алдында ырайым табалы, фараонго кул бололу», – дешти.

    47:26 Ошентип, Жусуп Мисир жеринде бүгүнкү күнгө чейин күчүндө болгон мындай мыйзам чыгарды: «Фараонго таандык болбогон буткана кызматчыларынын жеринен башка жерлерден алынган түшүмдүн бештен бир бөлүгү фараонго берилсин».

    Жусуптун ант бериши

    47:27 Ысрайыл Мисирдеги Гошен жерине отурукташып калгандан кийин, укумдап-тукумдап, абдан көбөйдү.

    47:28 Жакып Мисир жеринде он жети жыл жашап, жүз кырк жети жашка чыкты.

    47:29 Ысрайылдын өлөр убагы жакындаганда, уулу Жусупту чакырып, мындай деди: «үгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, мага ырайым жана акыйкаттык кылып, сенин сөөгүңдү Мисирге калтырбайм деп, колуңду саныма коюп ант бер.

    47:30 Ата-бабаларым жаткан жерге жатайын, мени Мисирден алып чыгып, ошолордун көрүстөнүнө кой». Жусуп атасына: «Айтканыңдай кылам», – деди.

    47:31 Атасы ага: «Ант бер», – деди. Баласы ага ант берди. Ысрайыл төшөгүнүн башында тизесин бүктү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск