Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 45

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    45-БөЛЄМ

    Жусуптун бир туугандарына өзү жөнүндө айтышы

    45:1 Ошондо Жусуп жанында тургандардын алдында өзүн кармай албай: «Менин жанымда турган адамдардын бардыгы чыксын», – деп кыйкырып жиберди. Жусуп бир туугандарына өзүнүн ким экенин айтканда, жанында үч ким жок эле.

    45:2 Ал катуу ыйлап жибергендиктен, аны мисирликтер да, фараондун эй ичи да укту.

    45:3 Анан Жусуп бир туугандарына: «Мен Жусупмун, деги атам тирүүбү?» – деди. Бирок бир туугандары жооп бере албай калышты, анткени алар анын алдында коркуп турушту.

    45:4 Ошондо Жусуп бир туугандарына: «Мага жакын келгилечи», – деди. Алар жакын келишти. Ал: «Мен Жусупмун, силердин Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын.

    45:5 Бирок азыр кайгырбагыла, мени бул жакка сатып жибергениңерге өкүнбөгүлө, анткени Кудай силердин өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, мени бул жакка силерден мурун жиберди.

    45:6 Анткени жер үстүндө ачарчылык башталганына эки эле жыл болду, дагы беш жыл жер да айдалбайт, эгин да орулбайт.

    45:7 Силерди жер үстүндө калтырыш үчүн жана улуу куткаруу иши менен өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн, Кудай мени силерден мурун жиберди.

    45:8 Ошондуктан мени бул жакка силер эмес, Кудай жиберди. Ал мени фараондун атасы, анын бүт үйүнүн мырзасы, бүткүл Мисир жеринин эгедери кылып койду.

    45:9 Атама тезирүүк баргыла да: Уулуң Жусуп мындай дейт дегиле: “Кудай мени бүткүл Мисир жерине мырза кылып койду. Мага тез кел.

    45:10 Сен Гошен деген жерде жашайсың. Сен уулдарың, уулдарыңдын уулдары, майда жана бодо малың менен, өзүңдүн бардык мүлкүң менен менин жанымда болосуң.

    45:11 Ошол жерде мен сени багам, анткени дагы беш жыл ачарчылык болот. өзүң да, үйүң да, кишилериң да жакырданып кетпесин”.

    45:12 Силерге өз оозум менен айтып жатканымды өзүңөр да, бир тууганым Бенжемин да өз көзү менен көрүп турат.

    45:13 Атама Мисирдеги бүткүл атак-даңкымды, көргөнүңөрдүн бардыгын айтып баргыла да, атамды тезирүүк бул жерге алып келгиле», – деди.

    45:14 Анан ал бир тууганы Бенжеминди мойнунан кучактап ыйлады. Бенжемин да аны мойнунан кучактап ыйлады.

    45:15 Анан бардык бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлады. Андан кийин бир туугандары аны менен сүйлөшүштү.

    45:16 Жусуптун бир туугандары келгендиги тууралуу кабар фараондун үйүнө жетти. Бул кабар фараонго да, анын кулдарына да жакты.

    45:17 Ошондо фараон Жусупка мындай деди: «Бир туугандарыңа мындай деп айт: “Малыңарга жүк артып, Канаан жерине жөнөгүлө.

    45:18 Атаңарды да, эй-бүлөңөрдү да алып, мага келгиле. Мен силерге Мисирдин эң жакшы жерин берем, силер семиз жердин жемишинен жейсиңер”.

    45:19 Сага болсо аларга мындай деп айтууңду буйрук кылам: “Мындай кылгыла де: Балдарыңар менен аялдарыңар үчүн Мисир жеринен араба алгыла, атаңарды алып келгиле.

    45:20 Буюмдарыңар үчүн өкүнбөгүлө, анткени силерге бүткүл Мисир жериндеги эң жакшы нерселерди берем”».

    45:21 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Жусуп аларга фараондун буйругу боюнча арабаларды, жол азыктарын берди.

    45:22 Ар бирине алмаштырып кийгидей кийим берди. Бенжеминге болсо үч жүз күмүш тыйын жана беш сыйра кийим берди.

    45:23 Ал эми атасына Мисирдин эң жакшы жер-жемиштери жүктөлгөн он эшек, эгин жана атасынын жолуна камдалган тамак-аш жүктөлгөн он ургаачы эшек жөнөттү.

    45:24 Жусуп бир туугандарын ошентип коё берди. Алар жөнөп кетишти. Аларга: «Жолдо урушпай баргыла», – деди.

    45:25 Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, ага:

    45:26 «Жусуп тирүү экен, азыр ал бүткүл Мисир жерин башкарып турат», – дешти. Бирок Жакып кош көңүл мамиле кылып койду, анткени аларга ишенген жок.

    45:27 Алар ага Жусуптун айткан сөздөрүнүн бардыгын айтып беришти. өзүн алып кетиш үчүн Жусуп жөнөткөн арабаларды көргөндөн кийин гана алардын атасы Жакыптын руху жандана түштү.

    45:28 Ошондо Ысрайыл мындай деди: «Уулум Жусуп тирүү экенине эми ишендим, көзүм өтө элегинде барып, аны көрүп калайын».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск