Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 44

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    44-БөЛЄМ

    Чөйчөктүн жоголушу

    44:1 Анан Жусуп эй башкаруучусуна мындай деп буйрук берди: «Бул адамдардын каптарына алып кете алышынча эгин толтуруп, ар биринин күмүшүн өз-өз кабына салып кой.

    44:2 Ал эми менин күмүш чөйчөгүмдү кенжесинин кабынын оозуна эгин сатып алган күмүшү менен кошо салып кой». Yй башчысы Жусуптун айтканындай кылды.

    44:3 үртең менен жарык киргенде, аларды эшектерине мингизип жөнөтүп жиберишти.

    44:4 Алар шаардан узай электе, Жусуп эй башкаруучуга мындай деди: «Жөнө, бул адамдарды кууп жет. Кууп жеткениңде, аларга: “үмне үчүн жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер?

    44:5 Бул мырзамдын аш иче турган чөйчөгү эмеспи? Ал бул чөйчөк менен төлгө ачат. Силер жаман иш кылдыңар!” – де».

    44:6 Ал кууп жетип, аларга ушул сөздөрдү айтты.

    44:7 Алар ага: «Мырзабыз эмне үчүн мындай сөздөрдү айтып жатат? Жок, кулдарың мындай иштерди кылбайт.

    44:8 Каптарыбыздын ооздорунан тапкан күмүштөрдү биз Канаан жеринен сага кайра алып келбедик беле. эми кантип мырзаңдын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек?

    44:9 Сенин кулдарыңдын кимисинен табылса, ал өлүм жазасына тартылсын жана биз мырзабызга кул бололу», – дешти.

    44:10 Ал: «Жакшы болот, силер кандай айтсаңар, ошондой болсун: чөйчөк кимден табылса, ал мага кул болуп калат, ал эми силер айыптуу болбойсуңар», – деди.

    44:11 Алар каптарын шашылыш түрдө жерге түшүрүштү. Ар бири өз кабын ачты.

    44:12 Єй башчысы бир туугандардын каптарын улуусунукунан баштап кичүүсүнүкүнө чейин тинтип чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды.

    44:13 Ошондо алар өз кийимдерин айрып, ар бири өз жүгүн эшегине артып, шаарга кайтып келишти.

    44:14 Анан Жүйүт бир туугандары менен Жусуптун үйүнө келди. Ал үйүндө экен. Алар анын алдына келип, жерге жыгылышты.

    44:15 Жусуп аларга: «Бул эмне кылганыңар? Силердин эмне кылганыңарды мендей адам, сөзсүз, билип коёрун билген жок белеңер?» – деди.

    44:16 «Мырзабызга эмнени айтмак элек? эмне демек элек? эмне деп актанмак элек? Кудай кулдарыңдын айыбын ачты. эми биз да, чөйчөктү алган адам да мырзабыздын кулу болобуз», – деди Жүйүт.

    44:17 Бирок Жусуп мындай деди: «Жок, мен мындай кылбайм. Кимдин колунан чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, ал эми силер атаңарга тынчтык менен бара бергиле».

    Жүйүттүн Бенжемин жөнүндөгү өтүнүчү

    44:18 Ошондо Жүйүт ага басып келип, мындай деди: «Мырзам, кулуңдун сөзүнө кулак салсаң экен. Кулуңа каарданбасаң экен, анткени сен фараондай эле адамсың.

    44:19 Мырзам кулдарынан: “Атаңар же бир тууганыңар барбы?” – деп сурады эле.

    44:20 Биз мырзабызга: “Биздин карыган атабыз жана анын карыганда көргөн кенже уулу бар, бир тууганы өлүп, ал бир энеден жалгыз калды. Аны атасы жакшы көрөт”, – дегенбиз.

    44:21 Сен болсо кулдарыңа: “Аны мага алып келгиле, мен көрөйүн”, – дедиң.

    44:22 Биз мырзабызга: “Бала атасын таштай албайт. эгерде ал атасын таштап кетсе, анда атасы өлүп калат”, – дедик.

    44:23 Бирок сен кулдарыңа: “үгерде кенже иниңер силер менен кошо келбесе, мындан ары көзүмө көрүнбөгүлө”, – дедиң.

    44:24 Биз сенин кулуңа – атабызга барып, мырзабыздын сөздөрүн айттык.

    44:25 Анан атабыз: “Дагы барып, бир аз эгин сатып келгиле”, – деди.

    44:26 Биз ага: “Биз бара албайбыз. эгерде кенже бир тууганыбыз биз менен барса, барабыз, анткени кенже бир тууганыбыз биз менен барбаса, тиги кишинин жүзүн көрүүгө болбойт”, – дедик.

    44:27 Ошондо сенин кулуң – биздин атабыз мындай деди: “Аялым мага эки уул төрөп бергенин силер билесиңер.

    44:28 Бирөөнөн ажырадым, ошондо: “Чын эле, ал жырткычка таланса керек”, – дедим эле. Анткени мен аны бүгүнкү күнгө чейин көрө элекмин.

    44:29 үми муну да алсаңар, бул да бир кырсыкка учураса, карыган кезимде кайгыга салып, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер”.

    44:30 үгерде мен сенин кулуңа – атама барганда, жанындай көргөн баласы жаныбызда болбосо,

    44:31 анда ал баласы жок экенин көрүп, өлүп калат, кулдарың сенин кулуңду – чачын ак баскан атабызды кайгыга малып, өлгөндөр жаткан жайга жиберет!

    44:32 Анын үстүнө, мен, кулуң, бала үчүн жооп берүү милдетин алып: “үгерде аны сага алып келбесем, анда мен сенин алдыңда өмүр бою айыптуу болоюн”, – деген элем.

    44:33 Ошондуктан мен, кулуң, бул баланын ордуна сага, мырзама, кул болуп калайын, бала болсо бир туугандары менен кете берсин.

    44:34 Анткени бала жанымда болбосо, атама кантип барам? Атамдын башына түшкөн кайгыны кантип карап турам?»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск