Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 43

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    43-БөЛЄМ

    Бенжемин бир туугандары мененМисирде

    43:1 Жер жүзүндө ачарчылык күчөдү.

    43:2 Алар Мисирден алып келген эгинди жеп бүтүшкөндөн кийин, атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз азык сатып келгиле», – деди.

    43:3 Ошондо Жүйүт атасына мындай деди: «Ал киши бизге чечкиндүү түрдө: “үгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген.

    43:4 үгерде инибизди биз менен кошо жиберсең, барып, сага азык сатып келебиз.

    43:5 үгерде жибербей турган болсоң, анда барбайбыз, анткени ал киши: “үгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген».

    43:6 Ошондо Ысрайыл аларга: «үмнеге мага ушундай жамандык кылдыңар? Ал кишиге дагы бир инибиз бар деп, эмнеге айттыңар?» – деди.

    43:7 Алар: «Ал киши биз жөнүндө, эй-бүлөбүз жөнүндө сураштырып: “Атаңар дагы эле тирүүбү? Бир тууганыңар барбы?” – деди. Ал бизге суроо бергенинен улам жооп бердик. Анын бизге иниңерди алып келгиле дүүрин кайдан билдик?» – деп жооп беришти.

    43:8 Жүйүт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибер, биз ордубуздан туруп, жолго чыгалы, анан биз да, сен да балдарыбыз менен кошо өлбөй тирүү калабыз.

    43:9 Ал үчүн мен жооп берем, аны менден сурайсың. эгерде мен аны алып келип, алдыңа койбосом, өмүр бою сенин алдыңда айыптуу бойдон калайын.

    43:10 Биз минтип кечиктирбегенде, эмгиче эки барып келмекпиз», – деди.

    43:11 Атасы Ысрайыл аларга мындай деди: «Андай болсо мындай кылгыла: өзүңөр менен кошо бул жердин мөмө-жемишинен алып, ал кишиге белек катары бир аз бальзам, бир аз бал, стиракс менен ладан жыгачтарынын чайырынан, мистеден, бадам жаңгагынан алып барып бергиле.

    43:12 Колуңарга мурункудан башка күмүш алгыла. Ал эми кабыңардын оозуна кайра салып койгон күмүштү өз колуңар менен кайра бергиле, мүмкүн, бул жаңылыштыктан болгондур.

    43:13 Бир тууганыңарды алгыла да, туруп, ошол кишиге кайра баргыла.

    43:14 Кудуреттүү Кудай силерди ал кишиден ырайым таптырсын, ал Шымон бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коё берсин. эгерде баласыз өтө турган болсом, баласыз эле өтөйүн».

    43:15 Ошентип, бул адамдар ушул белектерди, мурункудан эки эсе көп күмүш жана Бенжеминди алып, Мисирге жөнөштү. Алар Жусуптун алдына келишти.

    43:16 Жусуп алардын арасынан Бенжеминди көрүп, өз үйүнүн башчысына мындай деди: «Бул адамдарды эйгө киргизип, мал союп, тамак бышыр, анткени бул адамдар мени менен түштөнүшөт».

    43:17 Ошондо ал адам Жусуп айткандай кылып, бул кишилерди Жусуптун үйүнө киргизди.

    43:18 Жусуптун үйүнө киргизишкенинен улам, бул кишилер коркуп кетишип: «Бул кабыбызга кайра салынган мурунку күмүштөр үчүн болуп жатат. Кыйкым таап, бизди айыпка жыгып, кулга айландырып, эшектерибизди тартып алыш үчүн эйгө киргизишти», – дешти.

    43:19 Ошондо алар Жусуптун эй башкаруучусуна жакын келишип, ага эшиктин жанынан мындай деп сүйлөй башташты:

    43:20 «Кулак салчы, мырза, биз мурун да азык сатып алганы келгенбиз.

    43:21 Жолдо түнөгөн жерибизде каптарыбызды ачсак, ар бирибиздин күмүшүбүз каптарыбыздын оозунда экен, салмагы кемибептир. Азыр биз аларды өз колубуз менен кайра бергени келдик.

    43:22 Ал эми азык сатып алыш үчүн, башка күмүш ала келдик. Каптарыбызга күмүшүбүздү ким салып койгонун билбейбиз».

    43:23 Ал: «Тынчсызданбай эле койгула, коркпогула. Силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы, кабыңарга кенч салып берди. Мен силердин күмүшүңөрдү алгам», – деди да, аларга Шымонду алып келди.

    43:24 Анан ал киши буларды Жусуптун үйүнө киргизип, суу берди. Алар буттарын жуушту. Ал булардын эшектерине да жем берди.

    43:25 Алар белектерин түшкө маал, Жусуп келер убакытка жакын даярдап коюшту, анткени ошол жерде тамактанышарын угушкан эле.

    43:26 Жусуп үйүнө келгенде, алар колдорундагы белектерин эйгө алып кирип, ага беришти, анан жерге чейин ийилип таазим этишти.

    43:27 Жусуп алардын ден соолугун сурады. Анан мындай деди: «Силер айткан кары атаңар күүлүү-күчтүүбү, дагы эле тирүүбү?»

    43:28 Алар: «Сенин кулуң, биздин атабыз күүлүү-күчтүү, тирүү», – деп жооп беришти. Анан баш ийип таазим этишти.

    43:29 Жусуп өзүнүн энесинин уулу, бир тууганы Бенжеминди көрүп: «Бул силер айткан кенже бир тууганыңарбы?» – деди. Анан ага кайрылып: «Уулум, Кудайдын ырайымы сени менен болсун!» – деди да,

    43:30 шашылыш чыгып кетти, анткени бир тууганына болгон сүйүүсү артып, ыйлап жибере жаздаган эле. Ички бөлмөгө кирип, ошол жерде ыйлады.

    43:31 Анан бетин жууп, кайра чыкты.  өзүн колго алды да: «Тамак тарткыла», – деди.

    43:32 Ага өзүнчө, аларга өзүнчө жана бирге түштөнгөн мисирликтерге өзүнчө тамак тартышты, анткени мисирликтер үчүн эврейлер менен бирге отуруп тамактануу жийиркеничтүү болчу.

    43:33 Аларды Жусуптун алдына улуулата отургузушту, ошондо бул адамдар таң калып, бири-бирин карашты.

    43:34 Жусуп аларга тамак тарттырып жатты, аларга караганда Бенжеминге беш эсе көп тартылды. Алар Жусуп менен бирге тойгончо ичип-жешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск