Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Ыйса – жаңы келишимдин Башкы ыйык кызмат кылуучусу

    8:1 Биз айтып жаткандардын эң башкысы бул: Улуулуктун тактысынын оң жагында отурган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.

    8:2 Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Теңир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу.

    8:3 Ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу тартууларды жана курмандыктарды Кудайга алып келүү үчүн дайындалат. Ошол себептүү биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуздун да Кудайга алып келгенге бир нерсеси болушу керек.

    8:4 үгерде Ал жерде калса, анда Ыйык кызмат кылуучу болмок эмес. Анткени мыйзам боюнча Кудайга курмандык алып келе турган ыйык кызмат кылуучулар бар.

    8:5 Алар асмандагынын бейнеси менен көлөкөсүнө кызмат кылышат. Муса жыйын чатырын курууга киришкенде, ага Кудай тарабынан мындай деп айтылган: «Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн элгү боюнча жаса».

    8:6 Бул Башкы ыйык кызмат кылуучу мурункудан жогору кызматты алды, Ал – мурункудан жакшы келишимдин арачысы, ал келишим мурункудан жакшы убадаларга негизделген.

    8:7 үгерде биринчи келишим кынтыксыз болсо, экинчисинин кереги жок болмок.

    8:8 Ал аларды мындай деп жемелейт: «Ысрайыл жана Жүйүт менен Мен жаңы келишим түзө турган күндөр келе жатат.

    8:9 Бирок бул келишим Менин алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колунан алган күнү түзгөм. Бирок алар келишимди сакташкан жок, ошондуктан Мен алардан жүзүмдү бурдум, – дейт Теңир.

    8:10 Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен өзүмдүн мыйзамдарымды алардын акылына салам, алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат.

    8:11 Ошондон кийин үч ким өз жакынын, үч ким өз бир тууганын: “Теңирди таанып билгиле”, – деп эйрөтпөй калат, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин, Мени таанып билишет.

    8:12 Анткени Мен аларга ырайым кылып, адилетсиздиктерин кечирем, мындан ары алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын үстебейм».

    8:13 «Жаңы» деп айтуу менен мурункунун эскиргендигин көрсөттү. Ал эми көөнөргөн, эскирип бара жаткан нерсе жок болуунун алдында турат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск