Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Жаңы келишим курмандыгы байыркы келишим курмандыгынан жогору

    9:1 Ошентип, биринчи келишимдин Кудайга кызмат кылуу боюнча көрсөтмөлөрү, жердеги ыйык жайы бар эле.

    9:2 Биринчи жыйын чатыры тигилген. Анын «ыйык» деп аталган биринчи бөлмөсүндө чырактан, дасторкон, нан курмандыктары бар.

    9:3 үкинчи көшөгөнүн артында «ыйыктын ыйыгы» деп аталган ички бөлмө бар.

    9:4 Анда жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү алтын идиш жана ичи-тышы алтын менен жалатылган келишим сандыгы, сандыкта манна салынган алтын идиш, Арундун бүрдөгөн аса таягы жана келишим жазылган таш лооктор бар.

    9:5 Сандыктын үстүндө канаттарын жайып, сандыктын капкагын жаап турган даңктын керуптары турат. Азыр буга токтолуп отуруунун зарылчылыгы жок.

    9:6 Ушундай жабдылган чатырдын биринчи бөлмөсүнө ыйык кызмат кылуучулар Кудайга кызмат кылуу үчүн дайыма киришет.

    9:7 Ал эми экинчи бөлмөгө башкы ыйык кызмат кылуучу гана жылына бир жолу кире алат. Ал бөлмөгө ал өзү үчүн жана элдин билбей жасаган күнөөлөрү үчүн чалынган курмандыктын каны менен кирет.

    9:8 Бул аркылуу Ыйык Рух муну билдирет: биринчи бөлмө турганда экинчисине, ыйык жайга кирүүгө жол али ачыла элек.

    9:9 Бул азыркы учур үчүн элгү: Кудайга алып келинген тартуулар менен курмандыктар аларды алып келген адамдын абийирин жеткилең кыла албайт.

    9:10 Денеге тиешелүү болгон жеп-ичүү, ар кандай жуунуу расмилери жана салттар жөнүндөгү көрсөтмөлөр жаңы тартип келген убакка чейин гана күчүндө болгон.

    9:11 Бирок Машайак келечектеги жакшылыктардын Башкы ыйык кызмат кылуучусу катары кол менен жасалбаган, башкача айтканда, бул дүйнөгө таандык болбогон, мурункудан чоң жана жакшы чатыр менен келди.

    9:12 Текелердин, торпоктордун каны менен эмес, өз каны менен бир ирет ыйык жайга кирип, бизге түбөлүк куткарылуу алып берди.

    9:13 үгерде денелери тазаланыш үчүн, үстүлөрүнө чачылган текелердин, торпоктордун каны жана кунажындын күлү булгангандарды ыйыктаган болсо,

    9:14 анда түбөлүктүү Рух аркылуу кемчиликсиз өзүн Кудайга курмандыкка алып келген Машайактын каны тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн, абийирибизди өлүк иштерден тазалары анык.

    9:15 Ошондуктан Машайак – жаңы келишимдин Арачысы. Ал адамдарды байыркы келишимдин убагында жасаган күнөөлөрүнөн арылтуу үчүн, өз жанын өлүмгө кыйды. Ошентип, Кудай тарабынан чакырылып алынгандар Анын убада кылган түбөлүк мурасына эү болот.

    9:16 Анткени мурас кагазы бар жерде мурас калтырган адамдын өлгөндүгү аныкталышы керек.

    9:17 Анткени мурас кагазы мурас калтырган адамдын көзү өткөндөн кийин гана күчүнө кирет, анын көзү тирүү турганда, мурас кагазынын күчү жок.

    9:18 Ошондуктан биринчи келишим да кансыз бекитилген эмес.

    9:19 Муса бүт Ысрайыл элине мыйзам китебиндеги бардык осуяттарды жарыялады. Андан кийин курмандыкка чалынган кочкорлор менен торпоктордун канына суудан кошуп, ага кызыл жүндү жана иссопту малып, китепке жана бүт элге чачып:

    9:20 «Бул кан – Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан», – деди.

    9:21 Ошондой эле жыйын чатырына, Кудайга кызмат кылууда колдонулуучу бардык буюмдарга чачты.

    9:22 Мыйзам боюнча дүүрлик бардыгы кан менен тазартылат. Кан төгүлмөйүнчө, күнөө кечирилбейт.

    9:23 Ошентип, асмандагынын элгүсү ушул курмандыктар менен, асмандагынын өзү болсо булардан жакшы курмандыктар менен тазаланышы керек болгон.

    9:24 Анткени Машайак чыныгы ыйык жайдын элгүсү боюнча колго жасалган ыйык жайга эмес, азыр биз үчүн Кудай алдында туруу үчүн асмандын өзүнө кирди.

    9:25 Ыйык жайга жыл сайын өзүнүн эмес, курмандыктын каны менен кирген башкы ыйык кызмат кылуучуга окшоп, Ыйса өзүн кайра-кайра курмандыкка алып келиш үчүн кирген эмес.

    9:26 Болбосо Ал дүйнө жаратылгандан бери бир нече ирет азап чегиши керек болор эле. Бирок Ал өзүн курмандыкка берүү менен, күнөөнү жок кылуу үчүн, кылымдын акырында бир ирет келди.

    9:27 Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек.

    9:28 Ошол сыяктуу эле көптөрдүн күнөөлөрүн өз мойнуна алыш үчүн, Машайак өзүн бир ирет курмандыкка берди. Ал эми экинчи ирет күнөөдөн тазалоо үчүн эмес, өзүн күтүп жаткандарды куткаруу үчүн келет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск