Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    10:1 Мыйзам – келечектеги жакшылыктардын бейнеси эмес, көлөкөсү гана. Ошондуктан ал жыл сайын Кудайга ошол эле курмандыктарды алып келгендерди үч качан жеткилең кыла албайт.

    10:2 үгерде ошондой болсо адамдар Кудайга курмандык алып келүүнү токтотуп коюшмак, анткени бир жолу курмандык алып келүү менен биротоло тазаланып калышса, анда алар өздөрүнүн күнөөлөрүн сезишмек эмес.

    10:3 Бирок жыл сайын алып келинген курмандыктар күнөөнү эске салып турат.

    10:4 Анткени торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт.

    10:5 Ошондуктан Машайак бул дүйнөгө келгенде, мындай деген эле: «Сен курмандыктарды, тартууларды каалаган жоксуң, бирок Сен Мага дене даярдап койдуң.

    10:6 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен күнөө үчүн чалынуучу курмандыктар Сага жакпайт.

    10:7 Ошондо Мен мындай дедим: “Мына, түрмөк китепте Мен жөнүндө жазылгандай, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым”».

    10:8 Машайак адегенде: «Курмандыктарды, тартууларды, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды Сен каалаган жоксуң, аларга ыраазы болгон жоксуң», – деди. Булар болсо мыйзам боюнча алынып келинүүчү курмандыктар эле.

    10:9 Андан кийин мындай деп кошумчалады: «Мына, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым». экинчисин күчүнө киргизүү үчүн, биринчисин алып таштайт.

    10:10 Биз Кудайдын ушул эрки боюнча Ыйса Машайактын бир ирет курмандыкка алып келген денеси аркылуу ыйыкталдык.

    10:11 Ар бир ыйык кызмат кылуучу ошол эле курмандыктарды кайра-кайра алып келип, күн сайын кызматта турат. Бирок ал курмандыктар күнөөлөрдү жок кыла албайт.

    10:12 Ал эми Машайак күнөөлөр үчүн бир гана курмандык алып келип, түбөлүккө Кудайдын оң жагына отурду.

    10:13 Ал бардык душмандарынын өзүнүн бут алдына жыгылышын күтүп жатат.

    10:14 Анткени Ал ыйыкталып жаткандарды бир ирет курмандык алып келүү аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды.

    10:15 Ыйык Рух да бизге бул жөнүндө күбөлөндүрөт. Анткени Ыйык Жазууда мындай деп айтылган:

    10:16 «Ошол күндөрдөн кийин алар менен түзө турган келишимим бул, – дейт Теңир, – мыйзамдарымды алардын жүрөктөрүнө салам, акылдарына жазам.

    10:17 Ошондон кийин алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын үстебейм».

    10:18 Ал эми күнөөлөр кечирилгенден кийин, күнөө үчүн курмандык алып келүүнүн кереги жок.

    Ишенимден четтеп кетүүдөн сак болуу

    10:19 Ошентип, бир туугандар, ыйык жайга Ыйса Машайактын каны аркылуу, жаңы жана тирүү жол менен кирүүгө укугубуз бар,

    10:20 бул жолду Ал бизге көшөгө аркылуу, башкача айтканда, өзүнүн денеси аркылуу ачты.

    10:21 Кудай үйүн башкарган улуу Ыйык кызмат кылуучубуз бар,

    10:22 ошондуктан жүрөгүбүздү булганган абийирден кан чачуу менен тазалап, денебизди таза сууга жууп, Кудайга таза жүрөк жана бекем ишеним менен жакындайлы.

    10:23 өзүбүз жарыялаган эмүттү бекем сактайлы, анткени убада берген Кудай ишенимдүү.

    10:24 Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге эндөйлү.

    10:25 Чогулушка барбоону адатка айландырып алган күү бирөөлөргө окшоп, чогулуштарыбызды калтырбайлы. Ал Күндүн жакындап калганын билгендиктен, бири-бирибизди сергек болууга чакыралы.

    10:26 үгерде биз чындыкты билип туруп, атайлап күнөө кылсак, анда күнөөлөр үчүн чалына турган башка курмандык жок.

    10:27 Тескерисинче, сотту жана каршы чыккандарды жеп жутууга даяр турган жалындаган отту коркунуч менен күтүү гана калат.

    10:28 Мусанын мыйзамын бузган адам эки же үч күбөнүн көзүнчө ырайымсыздык менен өлүм жазасына тартылган болсо,

    10:29 Кудайдын Уулун жана өзүн ыйыктаган, келишимди бекиткен Канды тебелеп-тепсеп, аны ыйык нерсе катары тутпаган, ырайым Рухун кордогон адам канчалык оор жазага тартылат деп ойлойсуңар?

    10:30 Анткени: «өчтү Мен алам, тиешесин Мен берем» жана дагы «Теңир өзүнүн элин соттойт», – деп айткан Аны билебиз.

    10:31 Тирүү Кудайдын колуна түшүү өтө коркунучтуу!

    10:32 Силер өзүңөрдүн мурунку күндөрүңөрдү үстегилечи: чындыкты билгенден кийин, азаптуу күрөшкө чыдадыңар.

    10:33 Бирде көпчүлүктүн алдында кордолуп азап тарттыңар, бирде ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткандардын кайгысына ортоктош болдуңар.

    10:34 Туткунга алынгандардын да кайгысына ортоктош болдуңар, мал-мүлкүңөрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар. Анткени асманда андан жакшы, түбөлүктүү байлыгыңар бар экенин билчүсүңөр.

    10:35 Ошондуктан кайратыңардан жазбагыла, анткени ал үчүн чоң сыйлык бар.

    10:36 Кудайдын каалоосун аткарып, Анын убадалаганын алуу үчүн, силерге чыдамкайлык керек.

    10:37 Анткени аз калды, абдан аз калды. Келе турган келет, кечикпестен келет.

    10:38 «Адил адам ишеними менен тирүү болот, ал эми олку-солку болгон адамга Менин жаным ыраазы болбойт».

    10:39 Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенгендерденбиз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск